!["Ош Жаңырыгына" 85 жыл: кесибим менен сыймыктанам "Ош Жаңырыгына" 85 жыл: кесибим менен сыймыктанам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/bez-nazvanija.png)
“Ленин жолу” азыркы “Ош жаңырыгы” гезити Союз мезгилинде Кыргызстандын Түштүк аймагындагы окурмандарга 80’000ден ашуун нускада басмаканадан басылып чыкчу эле. Анда “Ленин жолу” гезити аптасына 5 жолу, чоң көлөмдө чыкчу. Маданият, айыл чарбасы, өнөр жай, советтик курулуш, каттар бөлүмү, пропаганда жана агитация бөлүмү, партиялык турмуш бөлүмдөрү бар болчу. Бөлүм башчылар, кабарчылар, корректорлор жана алардын жардамчылары өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарышчу. Журналисттердин макалаларын машинисткалар машинкага басышып, даярдап беришээр эле. Макаланы редактордун орун басары окуп, кол койгон соң, басмакананын тамга терүүчүлөрү коргошундан теришип, тамгалар кара темирге тизмектелип түшкөн соң, метранпаж Келдибек аттуу кызматкер гранкаларды ирээти менен беттерге жайгаштырчу. Ошондогу гезиттин түйшүктүү ишине редакциянын жана басмакананын жетекчилери, жалпы эле жамаат жапырт киришип, гезиттин ар бир чыгарылышына жоопкерчилик менен мамиле жасашаар эле.
!["Ош Жаңырыгына" 85 жыл: кесибим менен сыймыктанам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/63-1-1024x611.jpg)
Менин көз алдыма күнү-түнүиштеген мезгилдер күнүгүсүндөй тартыла берет. Ошол мезгилден бир элес келтире кетейин. Бир күнү гезитти эртерээк бүтүп, нөөмөтчүлөр басууга уруксат деп кол койгондон кийин, Кыргыз ТАГдан КПСС БКнын секретары Л.И.Брежневдин доклады келип, гезиттеги көпчүлүк макалалар алынып салынды. Мындай окуялар көп эле жолу кайталанчу. Чындыгында, ал мезгилде сааты менен иштебейт элек. Газетанын иши качан бүткөндө үйүбүзгө кайтаар элек. Кээде таң атып, күн чыгып калганда үйгө барып, балдарыбызды бакчага берип, бир аз эс алып кайра эле түйшүктүү ишибизди улантчубуз. Биздин жалындуу жаштык өмүрүбүз “Ленин жолу” гезитинде өттү. Ал убакта күнү-түнү иштесек да, айлыгыбыз 80 сом болчу. Айлыгыбыз аз деп бирөөгө айтпадык. Бирок, баарына жетет эле. Барчылык, токчулук, арзанчылык доорду көрдүк.
Чыгармачыл инсандардынизи калган
!["Ош Жаңырыгына" 85 жыл: кесибим менен сыймыктанам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/65-1024x690.jpg)
“Ленин жолу” азыркы “Ош жаңырыгы” гезитинде ак эмгеги менен таанылган журналисттер, жазуучулар, белгилүү редакторлор жана журналисттердин бир тобу эмгектенишкен. Алардын көзү бул дүйнөдөн өтүп кетсе да жазган чыгармалары, баскан издери редакцияда калган. Алардын ичинен көп жылдар бою редактор болуп иштеген (маркум) Асылкан Бөрүбаев болгон. Жетекчи катары жамаатка жакшы сөзүн айтып,үнүн катуу чыгарбаган, ак пейилдүү, адамгерчиликтүү, мүнөзү жумшак, мыкты инсан эле. Майрамдарда иш-чараларды өткөрүп, айрыкча, 8-март — кыз-келиндердин майрамында кыздарга “духи” менен открытка белекке берчү. Союз мезгилинде азыркыдай кафелер жок эле. Анча-мынча жайларда гана ашканалар, чайканалар бар болчу. Асылкан Бөрүбаев бул ааламдан өтүп кеткенден кийин, Бегали Исмаилов, Шайлообек Мойдинов, Жапаркул Ташиев, Аскарбек Сыдыков, Абибилла Пазылов, Талантбек Моңолбаев, Мамырайым Дуванаев ж.б. гезиттин башкы редакторлук кызматын аткарышкан. “Ленин жолу” гезитинде эмгектенген урмат-сыйга татыктуу журналисттердин көзү өтүп кетсе да, алардын айткан акыл-насааттары, дале болсо жадымдан чыга элек. Жазган кабарларымды оңдоп, гезит бетине чыгарып беришчү эле. Мен ошого сүйүнүп, дагы кабар жазууну улантаар элем.
!["Ош Жаңырыгына" 85 жыл: кесибим менен сыймыктанам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/62-1024x785.jpg)
Бозон Мамасалиев, Исман Маразаков, Турдали Кудайбердиев, Касымбек Калмаматов, Бекбото Примкулов, Тойчу Ашимов, Жумабек Келешбаев, Фуат Галямов, Султан Жамашев, Султан Абдыраев, Артыкбай Ажибеков, Абдылда Капаров, Эсен Тиллебаев, Узак Турсункулов, Нуралы Курмантаев, Токтобай Сулайманов, Уулча Аккозуева, Толгонай Токтобаева, Базаргүл Жолдошева, Жыпар Акунова, Кайринса Эркулова жана фотокабарчы Манас Жакыповдордун жаркын элестерин, жасаган эмгектерин эч качан унутпайбыз. Машинистка эжелерибиз (маркумдар) Ибарат Сатимова, Гүлай Абылазовалар макаланы заматта терип коюшаарэле. Ал эми азыркы күндө ардактуу эс алууда жүргөн Тургун Жакшыбаева эже да машинканы тез басып, кээде катасы болсо өзү оңдоп койчу. Газетанын корректору Гүлүмкан Ташбаева да жаштык өмүрүн өмүр бою гезитке арнап эмгектенип келди. Учурда ардактуу эс алууда.
Эмгегин, жаштык кезин гезитке арнаган элибизге таанылган журналисттер, жазуучулар Сейитмамат Аминов, Эдилкан Сыргабаев, Жусуп Макиев, Бүажар Калматова, Ризван Исмаилова аттарын сыймыктануу менен атайбыз.
Кийинки жылдары “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редакторлук кызматында Гүлжамал Жороева, Абдувахап Мониев, Маматазим Жуманазаров, Канымжан Кыдыралиева гезиттин сапаттуу жана көркөмдүү чыгышына эмгектерин жумшашкан. Ал эми азыркы учурда болсо билимин, эмгегин гезитке арнаган, жан дүйнөсү менен изденип иштеген, чыгармачыл инсан, жаш жетекчи Каракозуев Асанбек Курманбекович редакторлук кызматка келди.
!["Ош Жаңырыгына" 85 жыл: кесибим менен сыймыктанам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/271131631_10227637651994698_3888821910147984756_n-1024x683.jpg)
Асанбек Каракозуев, «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору
Жетекчи катары гезиттин мазмундуу, сапаттуу чыгышына, газета окурмандарынын санын көбөйтүүгө өзгөчө көнүл буруп келе жатат. “Ош жаңы- рыгы” гезитинин сайтын ачып, соцтармактарда баракчаларын активдүү жүргүзүүдө. Редакциянын материалдык-техникалык базасын чыңдап, компьютер жана принтерлер менен толуктады. Ошондой эле мектеп окуучуларынын чыгармачылыгын өстүрүү үчүн дилбаян жазууга кароо сынакты газетанын журналисти Айгүл Матиева экөө биргеликте уюштурушту. Кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылып, 1-2-3-4-орунду алган окуучуларга газетанын редактору А.Каракозуев баалуу жана кызыктыруучу белектерди тапшырды. Мындай жакшы жөрөлгөлөр дагы- дагы жарала берет деген ишеничтебиз. Гезиттин оор түйшүгүн көтөрүп, ар бир макаланын сапаттуу чыгышына маани-маңызына көңүл бурат. Ош облусунун алыскы аймактарына чейин барышып, макала жазып келүү түйшүгүн биздин кабарчылар тартып келе жатышат. “Ош жаңырыгы” гезитинин редакторунун орун басары Канымжан Кыдыралиева, журналисттер Динара Жусупбекова,Төлөнбай Абдыразаков, Айгүл Матиева, Гулбара Мамазияева, Назгүл Өмүрзакова түрдүү темадагы макалалардын авторлору. Гезитти жасалгалап, кооздоп көрк берген дизайнер-калыптоочу Эркин Асановдун эмгегин баалап кетмекчимин.
“Ош жаңырыгы” гезитинин арышы кенен, түбөлүккө бекем болсун! Кылымдардан кылымдарга аты өчпөй жашай берсин!
Б.Ысакова , А.Бөрүбаев атындагы сыйлыктын ээси