Акжолова Жаниса Абдилаевна Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында 1966-жылы жарык дүйнөгө келген. Төлөйкөн айылындагы “Төлөйкөн” 8 жылдык мектебинен билим алган. Мектепте окуп жүргөн мезгилинде сабактардан эң жакшы окуп, артыкчылыкдеген күбөлүгүн алган. Атасы Акжолов Абдила Кара-Суу райондук суу чарба башкармасында мураб болуп иштеген. Ошол суу чарба башкармасында учурунда кадр маселеси боюнча өтө чоң маселе болгон. Оштогу айыл чарба техникумуна “Гидромелиорация” бөлүмүнө баштапкы экзаменсиз аңгемелешүү менен Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын жолдомосу менен өтөт. Ош айыл чарба техникумун 1985-жылы ийгиликтүү аяктайт.
Жаниса Акжолова өзүнүн билимин жогорулатуу үчүн Бишкек шаарындагы К. И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин инженер-гидромелиаратор бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы аяктайт. Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жолдошу экөө беш баланы тарбиялап өстүрүштү. 2002 — 2006 -жылдары ИВРМ-Фергана долбоорунда Араван-Ак-Буура пилоттук каналында суу пайдалануу боюнча адис, 2009-2010-жылдары айыл чарба институтунун сырттан окуу бөлүмүндө окутуучу, 2011 –жылы Кара-Суу райондук суу чарба башкармасында маркетинг бөлүмүнүн башчысы, 2011-2017-жылга чейин Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын жетекчиси болуп үзүрлүү эмгектенди. 2017-жылы Ош башкы суу чарба башкармасынын мамлекеттер жана райондор аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, 2022-жылдын август айынан тартып, Ош башкы суу чарба башкармасынын инженери, 2023-жылдын 1-февралынан баштап Ош башкы суу чарба башкармасынын башкы инженери болуп дайындалат. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Ош суу чарба башкармасынын, райондук суу чарба башкармасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын суу ресурстар мамлекеттик мекемесинин “Суу чарбанын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.
1985-1986-жылдары Жаниса Акжолова Кара-Суу сугат системалары башкармалыгынын Кайырма гидроучасткасына суу бөлүштүрүүчү техниги болуп иштөөдөн эмгек жолун баштайт. Сууну туура жана сарамжалдуу пайдалануу планын тапшырма боюнча аткаруу, анын артында сууну эсепке алуу, сугат жерлердин мелиоративдик абалын көзөмөлдөө милдетин аткарат.
1986-1993-жылдары Араван-Ак-Буура гидроучасткасынын инженер-гидрометри, сууну пайдалануу планына ылайык эсепке алуу, суу пайдалануучуларга бөлүштүрүп берүү боюнча иштердин аткарылышын көзөмөлдөдү. Магистралдык каналдардагы горизонтторду жана суунун агымына байкоо жүргүзүүдө баш ийген оперативдүү персоналга үзгүлтүксүз көрсөтмө жана текшерүү иштерин жүргүздү.
1993-2002-жылга чейин суу пайдалануу бөлүмүндө инженердик кызматты так аткарды. Сууну пайдалануу боюнча белгиленген планга ылайык тейленүүчү чарбалар тарабынан сууну эсепке алуу, бөлүштүрүп берүү боюнча иштердин ийгиликтүү аткарылышын көзөмөлдөдү. Изилденүүчү аймактын ирригациялык тутумдарын сугат булактарынан суу менен камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизди. Аларды суу менен камсыздоо боюнча сугаттын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыккандыгын айтууга болот.
2002-жылы суу пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп ийгиликтүү эмгектенди. Иштин аткарылышын уюштуруу менен бирге көзөмөлдөө ишин жүргүздү. Сууну пайдалануу, сугаттын прогрессивдүү ыкмаларын практикалык түрдө ишке киргизди жана техникалык жактан камсыз кылды. Сууну пайдаланууну белгиленген планга ылайык тейлөөчү чарбаларга, участоктор тарабынан пландаштырууну жакшыртуу боюнча иш чараларды иштеп чыкты. Чарбалардагы сугат системаларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында суу бөлүштүрүүчу курулмаларды, системаларды аттестациялоого жана гидропостторду аттестациялоого жардамын берди.
2003-2004-жылга чейин СПАнын (суу пайдалануучулар ассоциациясынын) Кара-Суу райондук бөлүмүнүн сууну пайдалануу боюнча адиси болуп “ Ички сугат тармактары” долбоорун коргоо боюнча эмгектенди. Мында облусубуздун айыл аймактарындагы СПАларды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл эле. Окуу курстарын жана семинарлардын программасын иштеп чыкты.
Жаниса айым ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө жетекчи катары ирригациялык тармактарды эксплуатациялоо жана күтүү боюнча бюджеттердин долбоорлорунун жана иш-пландарын иштеп чыгууга даярдоо, суу берүүчүлөрдүн жана суу алуучулардын ортосунда эсеп иштерин жүргүздү. Ошондой эле, Борбордук Азия боюнча “СРИБ-Фергана” долбоорунда да үзүрлүү эмгектенди.
2006-жылы суу чарба системасында суу пайдалануучулар ассоциацияларды ирилештирүү реформасы жүргөн убакта, Увам каналы боюнча “Увам” суу пайдалануучулар ассоциациялар союзун (“Увам СПА”) түзүп, 2009-жылга чейин генералдык менеджер болуп эмгектенди. Жаниса Акжолова азыркы учурда Ош башкы суу чарба башкармасынын башкы инженери болуп эмгектенип келе жатат. Ал өзү менен бирге иштеген кесиптештерине суу чарба кызматында иштөөнүн терең сырын жана түйшүгүн үйрөтүп келет. Жаниса Акжолова суу тармагында 38 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан айымдардын бири, өзүнүн эмгеги, тажрыйбасы менен кадыр-баркка жетти.
Б.Ысакова