Кара-Шоро – Өзгөн районунун бийик тоо өрөөнүндөгү кооз жайлоо. Жайылмаларда жана тоо этектеринде арча, тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жылгын, итмурун, ыргай ж.б. өсөт. Качыраалы-Төр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа жана жылаңач аска-зоо жатат. Жайында эс алуучулар үчүн экотуризмге абдан ылайыктуу. Учурда эс алуучулар үчүн таза салкын абасы, тунук муздак мөңгү суулары, минералдык дары суулары, калориялуу кымызы, тоо балы, дары чөптөрү, жашыл жайлоосу, боз үйлөрү менен сезон баштап, эс алуучуларды кабыл алып жатат. Мындагы жайкы эс алуу сезону июнь-август айларында болот. Эс алууну каалаган туристтер «Кара-Шоро» жаратылыш паркынын рекреация зонасындагытоо табиятын көрүп, эс алып, минералдык суу ичип кетишет.
Тоо дон аккан дары суулар
Кара-Шоронун эң чоң байлыгы – бул минералдык дары суулары. Бул суулар бир катар оорулардын алдын алат, ал эми боор, ашказан, бөйрөк, диабет, жүрөк-кан тамыр ооруларына даба болот. Кара-Шородо минералдык суулардын 20дан ашуун булактары бар. Деңиз деңгээлинен 2200-2900 метр бийиктикте жайгашкан бул булак суулары союз мезгилинде жакшы деңгээлде изилденген. Булак суулары тереңдиги 70–130 м. келген 14 бургулоо көзөнөгүнөн чыгат. Дээрлик бардык булак суулары курамы боюнча химиялык элементтерге бай, минералдашкан. Түссүз, жытсыз, даамы кычкыл, суунун температурасы 7,6–14, 5°С түзөт. Белгилүү окумуштуу академик, химия илимдеринин доктору Бектемир Мурзубраимов, Кара-Шоро көмүр кычкыл суулардын минералдык булактары өзүнүн курамы боюнча дүйнөгө белгилүү болгон Боржоми, Ессентуки, Нарзани кавказ дарылык-ашкана сууларынын курамы менен жакын, татым жана дарылык касиети жогору деп белгилеген. Бир нече булактар курамында жогорку концентрациядагы эриген темирди камтыйт, ал эми булактардын бир нече тобу таза темирдүү. Алар аз кандуулукту дарылоо үчүн колдонулат. Ошону менен катар, дүйнөлүк аренада экологиялык жактан эң таза мыкты деп табылган Өзгөндүн тоо балы ушул Кара-Шоро жайлоосунда чогултулат, анын курамы пайдалуу микроэлементтерге бай.
Тоо табиятын сактаган токойчулар
“Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркын Койлубаев Сардалбек Калдарович жетектеп келатат. Ал Казакстандын Ленинагорск шаарындагы токойчулук техникумун жана Ош технологиялык университетин инженер-эколог адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун Салам-Аликте токойчу болуп иштөө менен баштаган. Ак-Терек, Жазы, Кызыл-Тоо токой чарбасында токойчу, токой устасы болгон. “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркынын директору, Ош-Баткен аңчылык боюнча башчысы, Кара-Кулжа районундагы “Кулун-Ата” коругунун жетекчиси кызматтарын аркалаган. Ал жетектеген токойчулар жамааты Кара-Шоронун жаратылышын, жапайы жаныбарларын сактап, анын эсебин көбөйтүүдө. Көп жылдардан бери токойчулук кызматты аркалап келе жаткан Мовлан Топчубаев, Асанбек Султанов, Нурлан Эрматов жана ошондой эле инженер Нурдин Акматов, башкы эсепчи Шабданбек Мамедиев өңдүү кызматкерлердин ысымдарын сыймыктануу менен атоого болот. Жыл өткөн сайын эмгек жамаатынын катары жаш кадрлар менен толукталууда. Алсак, Эрлан Акматов — токойчу, Нуржамал Орозалиева- улук илимий изилдөө кызматкери болуп иштөөдө.
Туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор
«Кара-Шоро» мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык уникалдуу жаратылыш комплекстерди сактоо максатында уюшулган. Анын жалпы аянты 14340,2 гектарды түзөт, анын ичинен корук зонасы 2090,9; чарбалык зона 11794,9; рекреация зонасы 454,4 гектарга барабар. Жаратылыш паркы жайгашкан жер Кыргызстандагы эң кооз, кайталангыс жаратылышы жана минералдык дары суулары менен белгилүү. Анын аймагында чөптөрдүн 50 түрү, жапайы канаттуулардын 21 түрү, анын ичинен 8 түрү кызыл китепке кирген. Жапайы жаныбарлардын 12 түрү, анын ичинен 4 түрү Кызыл китепке кирген. Учурда «Кара-Шоро» мамлекеттик жаратылыш паркын сактап эле тим болбостон, аны мындан ары мыктылап жакшыртуунун аракети көрүлүүдө. Бул багытта жаратылыш парктын рекреация зонасын талаптагыдай сактоо максатында туризмди өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлор түзүлгөн. Алсак, Кара-Шоро көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна «Арка», Кыпчылма участкасына (Жаныбек казынын үңкүрүнүн маңдайы, жолдун бою) «Байкоочу жай», Дары суу аймагына «Парк,сквер», Кара-Булак участкасы тарапка «Шаркыратма» багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу белгиленип жатат. Мындан сырткары, малдарды айлантып айдап өтүүчү жолдун салынышы да өтө зарыл болууда. Себеби, жазда-күздө малды алыскы жайыттарга айдаганда парктын рекреация зонасы аркылуу өтөт. Башка жол жок. Долбоордо каралган жолдун узундугу 3,2 чакырымды түзөт.
Ошондой эле, туризмди жандандыруу максатында ат туризми уюштурулууда. Ал үчүн атайын маршруттар белгиленген. Ат туризмине кызмат кыла турган мингич аттарды сатып алуу, аларды багып кароо үчүн ат сарай куруу жагы дагы каралып жатат.
Биотехникалык жумуштар
Ар жылы жаратылыш паркынын аймагындагы жапайы жаныбарлар үчүн 10 тонна тоют керектелет. Туздарды атайын жасалган акырларга төгүп, кыш тоюту даярдалат. Жайкысын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында, 10-15 жердеги булактын көздөрүн тазалоо иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары, тоо кыркаларынан агып түшкөн агын суулардын аккан багыттарында тиешелүү тазалоо иштери жүргүзүлөт. Жаратылыш паркынын ичинде жа шылдандыруу боюнча тынымсыз иш жүрүүдө. Жыл сайын урук сээп, көчөт өндүрүү жумуштары үзгүлтүксүз аткарууга алынып жатат. Өндүрүлгөн көчөттөр жашылдандырууга жана жашыл жаратылышты сактоого жумшалат. Негизги өндүрүлгөн көчөттөр: карагай, кайың көчөттөрү болуп эсептелет.
Иш-пландын аткарылышы
Үстүбүздөгү жылдын өткөн мезгил ичинде бекитилген план тапшырмаларга ылайык, эски эгилген көчөттөргө кошумчалоо иштери жүргүзүлдү, эгилген көчөттөрдүн түптөрү жумшартылды, питомникке урук себилди, питомниктеги көчөттөр которуп эгилди. Табигый шартта өзү өсүп чыккан көчөттөрдүн өсүүсүнө шарт түзүлдү, токой сынган жана агынды болгон жыгачтардан тазаланды. Патологиялык изилдөө, кумурска уюктарын кашаалоо жүргүзүлдү. Канаттууларга уя жасалып, илинди, жапайы жаныбарларга чөп даярдалды, жапайы жаныбарларга акыр жасалды, жапайы жаныбарлар жеш үчүн шыпыргылар даярдалды.Булактар тазаланды, өрткө каршы жасалган жолдор калыбына келтирилди, көпүрө курулду, аншлагдар, шлагбаум жасалды жана орнотулду, өрткө каршы щиттер даярдалды.
А.МАТИЕВА