![«Гезиттеги эң маанилүү материалдарды видео форматка өткөрүү керек»: Аймактык гезиттерди өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланды «Гезиттеги эң маанилүү материалдарды видео форматка өткөрүү керек»: Аймактык гезиттерди өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/369049229_1966553040409703_982449652499185865_n.jpg)
18-20-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында республикадагы облустук гезиттердин башкы редакторлорунун башын бириктирген «Аймактык гезиттерди өнүктүрүүнүн стратегиясы» аталышындагы семинар-кеңешме болду. Ага облустук гезиттердин башкы редакторлору менен кошо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү Бектур Ибрагимов, Салкын Сарногоевалар да катышты.
Кеңешмеде гезиттин азыркы жана мурдагы абалы талкууланып, бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле, учурда бир нече облустук гезиттер соц.тарматкарда баракчаларын ачып, активдүү иштеп жатканын, мамлекеттин саясатын аймактарга жеткирүүдө гезиттер маанилүү ролду ойнорун, гезиттин окугандардын саны арбын экенин, андыктан аны жоюп салуу тарыхый катачылык болору айтылды.
![«Гезиттеги эң маанилүү материалдарды видео форматка өткөрүү керек»: Аймактык гезиттерди өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/368264971_1966552993743041_6009798443736933078_n.jpg)
Ош облустук «Ош жаңырыгы» коомдук саясий гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев гезиттердеги материалдарды соц.тарматкарда чыгаруу, аны менен катар эле гезиттердеги эң маанилүү материалдарды видео форматта чыгаруу заман талабы экенин белгиледи.
« Гезиттерди гезит боюнча эле калтырбай, андагы материалдарды интернет булактарына, соц.баракчаларга чыгаруу керек. Аны менен катар эле гезитке жарыяланган маанилүү материалдарды видео форматка өткөрүү же видеолоштуруу абзел деп ойлойм»,-деди ал
Мындан сырткары, жети облустук гезиттин башкы редакторлору «Гезит ТВ» жана бирдиктүү сайт ачууну кеңешишип, бир пикирге келишип, өз ара тажрыйба алмашышты.
Буга чейин жети облустук гезиттин башкы редакторлорунун семинар-кеңешмеси Жалал-Абадда өткөн. Бул жолу семинар-кеңешме экинчи ирет өттү. Кийинки кеңешме Нарында болору пландалды.
Аймактык гезиттердин башын бириктирген ушул иш чараны уюштургандарга рахмат. Гезиттерди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуунун мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Аймактык гезиттер-мамлекеттик саясаттын булагы, аны жоюу катачылыгына жол бербейли! Келгиле кеңешели, аймактык гезиттерди өнүктүрүүгө салым кошолу!