![Адам сатуу - өзгөчө оор кылмыш Адам сатуу - өзгөчө оор кылмыш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/pexels-kat-jayne-568027.jpg)
Эксперттик маалыматтар боюнча бүткүл дүйнөдө жыл сайын миллиондогон эркектер, аялдар жана балдар сатылат, сатып алынат жана эркине каршы кул катары кармалат. Адамдарды сатуу курал-жарак жана баңги заттарын сатуу менен катар уюшкан кылмыштуулуктун, өзгөчө анын трансулуттук жагынан алып караганда кирешелүүлүгү боюнча үчүнчү деп эсептелет. Иштин мындай түрү адамдарды ар кандай: эмгектик, сексуалдык эксплуатациялоодон, органдарын алуудан жана башкалардан турат.
Жыл сайын 30-июлда Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул өзгөчө датаны адам сатууга каршы эл аралык күн деп жарыялоо чечими 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында расмий түрдө бекитилген.
Адам сатуу латенттик (жашыруун) мүнөздө болгондуктан, масштабын аныктоо өтө кыйын, Адам сатуу рыногунун кеңейиши бул бизнестин өтө пайдалуулугу жана кылмыштуу иштин башка түрүнө караганда тобокелдиктин төмөндүгү менен шартталган.
Адам сатуу өтө оор кылмыш, ал уюшкан кылмыштуулук тараптан адамдын коопсуздугуна, экономиканын туруктуулугуна жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет. Ал дүйнөлүк шериктештикте адамдын жеке кол тийгистигине, анын эркиндикке, жашоого, ден соолукка болгон укуктарын бузган өзгөчө оор кылмыш катары каралгандыктан, ага каршы күрөшүү боюнча бир катар эл аралык документтер кабыл алынган.
![Адам сатуу - өзгөчө оор кылмыш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/rabstvo.jpg)
Кыргыз Республикасы адамдарды сатуу проблемасынын актуалдуулугун таануу менен, бир катар эл аралык документтерге кошулган жана өзүнө адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча тийиштүү милдеттенмелерди алган.
Республиканын укук коргоо органдары оперативдүү-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштуруу менен алектенишкен кылмыштуу топторду табышкан жана жоопкерчиликке тартышкан. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде адамдарды сатууга жана чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүм түзүлгөн. Бөлүмдүн берген маалыматтары боюнча бир катар адамдарды сатуу менен байланышкан көптөгөн кылмыштар, адамдарды сатуу фактысы катталган, алар боюнча кылмыш иштери козголгон.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө бөлүмү тарабынан адамдарды сатуунун 10дон ашык каналы аныкталып, кылмыш иши козголгон, Бириккен Араб Эмираттарына жана Түркия Республикасына сексуалдык эксплуатациялоо үчүн кыздарды жөнөткөн туруктуу каналдар аныкталып жана бөгөт коюлган. Адамдарды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, ондогон адамдарга карата айыптоо өкүмү чыккан.
Кыргыз Республикасында калк арасында адам сатуу боюнча маалыматтар жана укуктук мыйзам ченемдери менен кабардар болуусу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан Миграция боюнча эл аралык уюмдардын миссиясынын колдоосу аркылуу адам сатууга каршы маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мамлекеттик органдар тарабынан эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуусунун натыйжасында бир топ таасирдүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасындагы МЭУ миссиясынын каражаттарына өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү тарабынан 700 адамдарды сатуунун курмандыктарына мекенине кайтып келүүдө, укуктук, медициналык жана психологиялык жаатында жардам алууда, кесипке ээ болууда жардам көрсөтүлгөн. Жалпы санынан мажбурлаган эмгектин курмандыктарынын үлүшү 70%ды түзөт, сексуалдык эксплуатациялоо — 30%. Жабыр тарткандардын жалпы санынан эркектердин үлүшү — 60%дан ашыкты түзөт. Кыйын турмуштук кырдаалдагы балдардын адамдарды сатуучулардын курмандыгы болуп калуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору.
![Адам сатуу - өзгөчө оор кылмыш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/images-3.jpg)
«Кыргызстанда кароосуз калган балдар үчүн кесиптик билим берүү» долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында бул категориядагы балдар кийин республиканын ишканаларында ишке орноштуруу үчүн лицейлерде тийиштүү билимге ээ болушат. Алсак, 80ден ашык өспүрүмдөр окууга жиберилип, 250дөн ашууну убактылуу жана бир жолку иштерге орноштурулган. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жашы жете электерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборунун кызматкерлери тарабынан МЭУнун колдоосунда балдардын көзөмөлсүз калуусун жана жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын-алуу, үй-бүлөдөн, балдар мекемелеринен кетүүнүн себептерин аныктоо, ошондой эле аларды үй-бүлөсүнө жана балдар мекемелерине кайтаруу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Кылмыштуу топтор заманбап маалыматтык технологияларды улам көбүрөөк акт и в д ү ү пайдаланышууда. «Эл-Пикир» коомдук пикирди изилдөө жана божомолдоо борбору тарабынан «Интернетте балдардын коопсуздугу» изилдөөсү жүргүзүлгөн, алардын маалыматтары интернетте балдардын порнографиясы проблемасы Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу экендигин айгинелейт. Буга байланыштуу башка өлкөлөрдүн бул көрүнүш менен күрөшүү тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу керек. Көйгөйдүн олуттуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, адамдарды сатуунун алдын-алуу, адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан колдоо жана жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын эриш-аркак иштөөсүн жакшыртууга багытталган чаралар көрүлгөн.
Бирок, азыркы учурдагы кулчулукка сатуу ыкмалары дайыма өркүндөтүлүп, кылмыштуу топтор мыйзамдардагы жана укук колдонуу практикасындагы кемчиликтерди пайдаланышууда, бул адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин андан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат- адамдарды сатуунун алдын алуу. Бул багытта МЭУнун колдоосу менен республиканын бардык облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында адамдарды сатуунун алдын-алуу боюнча «Тез байланыш — 189» телефондору иштейт. Бул жылдары көптөгөн жарандардан телефон чалуулар болгон, аларга миграция, адамдарды мыйзамсыз алып кетүү жана сатуу маселелери боюнча маалымат берилген.
![Адам сатуу - өзгөчө оор кылмыш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/30072021-16-1024x576.jpg)
Ички иштер министрлигинин академиясында, милициянын атайын орто мектебинде, Кыргыз-Россия Славян университетинде Америка Юристтер Ассоциациясынын жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин колдоосу менен окуу пландарына адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын курс киргизилген. Бул максатта ички иштер органдарынын кызматчылары, прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, адвокаттар, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын студенттери, курсанттары жана угуучулары үчүн арналган «Адамдарды сатуу: жазык-укуктук жана процесстик аспекттер» жана «Адамдарды сатуу жөнүндө иштер боюнча жазык-процесстик документтердин үлгүсүнүн жыйындысы» окуу куралы иштелип чыккан. Акыркы жылдары Кыргызстандын укук коргоо органдарында адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн белгилүү тажрыйбасы топтолгон.
Бирок, аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери адамдарды сатуу фактыларын аныктоо боюнча жетиштүү чараларды көрбөй жаткандыгын белгилеп өтүү зарыл. Алар көбүнчө жабыр тарткандардын арыздары боюнча иштерди иликтөө менен гана чектелет. Укук бузуулардын мындай категориясы менен иштөө — укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин атайын билимдерин жана даярдыгын талап кылат. Адамдарды сатуу глобалдуу масштабдагы көрүнүш, эл аралык криминалдык бизнестин курамдык бөлүгү болуп калды. Мындай кылмышка каатышкандар өз жазасын алышат. Алсак, Кыргызстанда аракеттеги Кодекс боюнча азгыруучуларга эки жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган (КР ЖК «Адам сатуу» 171-беренеси). 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирген жаңы Жазык кодексинде адам сатуу үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми башка фактылар дагы аныкталса (маселен, адам сатууга кишилердин тобу катышса, курмандыгы кош бойлуу аял болсо же жабыркоочуга оор залака келтирилсе), анда жаза мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле, жаңы Жазык кодексине «Балдарды сатуу» аттуу жаңы 167-берене киргизилди. Ага ылайык, балдарды сатуу үчүн 5 жылдан 8 жылга чейин абак мөөнөтү каралган. Ал эми баланы чет өлкөгө алып чыгышкан учурда, кылмышкерлер 8 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Т.АБДЫРАЗАКОВ