![Ханафий мазхабы, салттуу ислам Ханафий мазхабы, салттуу ислам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/01anons.jpg)
Биз жакында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиевге жолугуп, Борбордук Азия мусулмандары карманган Ханафий мазхабы, анын артыкчылыгы, ушул мазхабды чечмелеген белгилүүаалым Имам Сараксий, салттуу исламдан четтеп кеткен көрүнүштөр, ведомосттор аралык комиссиянын биргелешкен текшерүүсүменен Ош облусунун аймагында 39 мечит, 21 медресенин убактылуу жабылышы тууралуу маектешип кайтканбыз.
— Урматтуу ажы, сөз башатын Борбордук Азия мусулмандары карманган Ханафий мазхабынан баштасак?
— Бисимилларр-рахманир-рахимм. Дүйнө жүзүндөгүислам динин карманган мусулмандар төрт мазхабдын түзгөн эрежеси боюнча амал кылат. Биз Борбордук Азия мусулмандары ата- бабабыздан бери Имам-Аззам Ханафий мазхабы боюнча амал кылып келген мусулмандар болуп эсептелебиз. Дүйнө жүзүндөгүислам динин карманган мусулмандардын басымдуу бөлүгүн Ханафий мазхабы боюнча амал кылгандар түзөт.
— Ханафий мазхабынын өзгөчөлүгү эмнеде турат?
— Бул мазхабда көп нерселер жеңил, мелүүн. Ханафий мазхабынын түзгөн эрежеси биздин аймактын географиялык абалына, климатыбызга элибиздин менталитетине, үрп-адатына дал келет.
— Ханафий мазхабынын бардык эрежелерин чечмелеп берген Имам Сараксий тууралуу айта өтсөңүз?
— Өз доорунда «Имамдардын имамы» деген атка конгон бул аалым тууралуу айтсак, узун сабак сөз. Кыскартып айтканда, Имам Сараксийдин ислам аалымдарынын арасында салмагы өтө чоң, ээлеген орду абдан чоң аалым. Ошол убактагы фитна деп койобуз, тактап айтканда, саясий куугунтуктун негизинде тагдырдын таказасынан улам, Өзгөндө жашап калган. Башкаруучулардын каарына кабылган имам зынданга салынат. Зынданда жатып, шакирттерине оозеки айтып берип, алардын аракети менен 30 томдон турган «Ал-Максуд» деген китеби жарык көргөн. Ал Ханафи мазхабынын бардык эрежелерин камтыган өтө баалуу эмгек. Ханафи мазхабын карманган мусулмандар үчүн татаал маселени чечүү зарыл болуп калса, Имам Сарак- сийдин «Ал-Максуд» деген китебинен ачык-айкын, ынанымдуу далилдер менен тастыктакталган жоопторду таба алабыз.
— Ислам динине жамынып, анынбаалуулугуна көлөкө түшүрүп жаткан диний агымдарга да токтолуп кетсеңиз.
— Мурдагы союз жоюлуп, СССРдин курамында турган бир катар республикалар эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилде ислам динин өз максатына пайдаланган уюмдар, агымдар пайда болду. Бул процесс мусулмандардын топ-топко бөлүнүп кетишине алып келип, азыркы учурда зээнди кейите турган маселеге айланды. Негизинен Борбордук Азияда жашаган мусулмандар Ханафий мазхабынын эрежесин тутунган калк. Тилекке каршы, нечен кылымдан бери карманып кеткен ошол салттуу исламдан четтеп кеткен көрүнүштөр пайда болду. Биз ушул нерсени алдын алуубуз жана аны жоюунун аракетин жасашыбыз керек. Антпесек, мусулмандардын арасындагы бөлүнүп-жарылуу, бири-бири менен карама-каршы күч алып, бул нерсе 5-10-жылдын ичинде чоң көйгөйгө айланат.
— Мындай көрүнүшкө сырттан келген күчтөр таасир эткен жокпу?
— Биздин балдарыбыздын арасында Сауд Аравиясында, Египетте, Иорданияда окуп келгендер бар, чет өлкөдөгү мусулмандар бизден башкача мазхабды колдонот. Алардын мазхабын таңуулаганы туура эмес болуп жатат. Ханафий мазхабында шарият боюнча бир өкүмдү алууда, курандын аяттары же пайгамбарыбыздын хадистери ментателитибизге, үрп-адатыбызга ылайыкташтырып чечмеленет. Туура эмес агымдагылар аны радикалдык мүнөздө чечмелейт. Ага бир мисал, биздин акыйда (ишеним) боюнча ар бир мусулман үчүн беш убак намаз — парз. Ошол намазды себепсиз окубай койсо Ханафий мазхабында чоң күнөө деп түшүндүрөбүз. Башка мазхабдагылар каапыр болот деп аша чаап кетишет. Биз карманган Ханафий мазхабында парзды аткарбаган адамды «ыйманынан чыкты, каапыр болду» деп айтканга жол бербейт. Пенде жасаган күнөөсүнө астейдил тообо келтирсе, кудай талаа ырайымдуу, кечиримдүүзат, ошол күнөөнү кечирет деп түшүндүрүлөт. Салафизмди жактоочулар, «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун идеологиясын колдогондор намаз окубаган адамды каапырга чыгарып коюшат. Ислам дининде «каапыр болдуң» деп айтуунун өзү чоң күнөө.
— Урматтуу казы, Ош облусунун аймагында жашаган мусулмандардын арасынан Сирияга чыгып кеткен жарандар катталган. Бул багытта облустук казыят тарабынан кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?
— Сириядагы окуялар баарыбыз үчүн сабак болууга тийиш. Мыйзам тарабынан тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун идеологиясын колдогондор, салафизмди жактоочулар үстөмдүк кылып кетпесин деген максатта Ханафий мазхабы жана анын эрежелери тууралуу эл арасында түшүндүрүүиштерин жүргүзүп келе жатабыз. Бирок, алар болбой эле өздөрүнүн көз караштарын жайылтуунун аракеттерин жасап жатышат. Өзүңүздөргө жакшы маалым, мечиттерде, жума намаздарында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келди. Мындай аракеттер өз жемишин берди деп айтсак да болот, себеби, кийинки жылдарда мурдагы убакка салыштырмалуу мындай көрүнүштөр кескин азайды.
— КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички иштер, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, архитектура жана курулуш агенттигинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешип өткөрүлгөн текшерүүсү менен Ош облусунун аймагында 39 мечит, 21 медресе убактылуу жабылды. Ошону түшүндүрө кетсеңиз?
— Ведомосттор аралык комиссиянын биргелешкен текшерүүсүбиздин көп көйгөйлөрүбүздүчечүүгө оң таасир берди. Биз ушул нерсени күтүп жатканбыз. Себеби, бир казыяттын өзүнүн күчү жетпейт экен, Биз аларга кемчиликтерди жоюу тууралуу бир нече жолу эскерткенбиз. Бирок, алар анчейин көңүл бурбай коюшкан. Убактылуу жабылган 39 мечиттин ичинен 2өө жума намазы окула турган, тактап айтканда, Кара-Суу шарындагы жана Араван районундагы мечит. Калгандары чакан мечиттер. Текшерүүнүн жүрүшүндө кээ бир мечиттер архитектуралык курулуш эрежелеринбузушкандыгы, айрымдары кызыл сызыктан чыгып кетишкендиги, өрт коопсуздугун сактабагагандыгы, санитардык-гигиеналык талапка жооп бербей жаткандыгы тастыкталды. Кара-Суу шаарындагы мечиттин жамааты райондук архитектуралук курулуш башкармалыгы адам каттай турган жолго, тиешелүүкызыл сызыкка чыгып кеткен кошумча курулушун бузуу тууралуу корутунду чыгарып берген күндөн баштап, аны аткарууга киришип, аягына чыгарды. Азыр мечит ачылып, кайрадан иштей баштады. Калган мечиттердин имамдарын ведомосттор аралык комиссиянын берген эскертүүлөрүн, койгон талаптарын аткаруусун талап кылып жатабыз. Медреселер жаңы ачылганда адегенде бир тармакта диний багытта гана окуулар болгон. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, зарылчылыктан улам, диний окуу жайлар бир тараптуу гана болуп калбастан, светтик жана кесиптик сабактар киргизиле баштады. Анда окуган кыздарды, балдарды тигүүчүлүк, ашпозчулдук, жыгач же темир усталык кесиптерин өздөштүрүүжана компьютер менен иштей билүүгө үйрөтүүколго алынып жатат. Бул жагдайдан алганда облустун аймагында ачылган мердеселердин жарымына жакыны бул иштерди колго ала баштады. Медреселер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына түздөн түз баш ийсе да, биз алардын жүргүзгөн ишине көз салып турабыз. Алар текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюшса, кайра ачылат. Мындай текшерүүнүн жыйынтыгы салттуу эмес агымдардын, диний экстремизмдин аракетине бөгөт болот.
Т.АБДЫРАЗАКОВ