![Алайкуу: Ой-Талдын саламат сакчылары Алайкуу: Ой-Талдын саламат сакчылары](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/62-1.jpg)
Биз, айтылуу Алайкуу өрөөнүндөгү Ой-Тал айылында болуп, мындагы калктын саламаттыгына кам көргөн медициналык мекемелерди да кыдырганга жетиштик. Дегенибиздей, жолдун ылдый жагында, жапжашыл жайыт жерде жайгашкан, дубалдары аппак, бир кабаттуу имараттар көзүңө урунат. Андагы ак халатчандардын улам ал имараттан бул имаратка шыпылдап басып иштеп жүргөндөрүн жол жээгинен көрүүгө болот. Ылдыйышты кыялап өткөн жол менен аталган мекемеге баш бактык. Биздин алдыбыздан утурлай тосуп чыккан ак жуумал, көздөрү мээримге толгон, жылдыздуу ак халат кийген айым жылуу тосуп алды. Эже менен саламдашып, ал-жай сурашкан соң, мында келгенибиздин чоо-жайын түшүндүрүп, эже менен тааныштык. Жагымдуулугу менен өзүнө тартып турган ак халатчан айым Ой-Тал ҮБДТнын башкы медайымы Канымжан Абдымомунова экенин билдик. Андан соң, ак халат ээси менен мындагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө сүйлөшүп, маегибизди уланттык.
![Алайкуу: Ой-Талдын саламат сакчылары](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/6-2-1024x774.jpg)
ОЙ-ТАЛДА ООРУКАНА БОЛГОН
«Эшигин көрүп төрүнө өт» демекчи, Ой-Тал ҮБДТнын эшик алды жашыл шиберге курчалган, ал имараттан, бул имаратка барууга жалгыз аяк жолдору көзгө урунуп, имараттын ичи-сырты таза, талаптагыдай шарттардын бардыгына күбө болдук. Мындагы ак халатчандар бейтаптарды кабыл алып, өз иштери менен убара. Өзгөчө кооз жаратылыш койнунан орун алган Ой-Тал Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1957 жылы курулган. Сапаттуу ремонт иштери жүргүзүлүп, чатырлары жаңыланып жабылган. Айыл өкмөт тарабынан «движок» жабдыгы алынып берилген. Электр жарыгы өчкөндө, дарылар сакталган муздаткычтар үчүн пайдаланып турушат. Аталган ҮБДТ 2020-жылга чейин беш койкалуу, стационардык режимде иштеп келген. «Биз 2020-жылга чейин оорукана иретинде, беш керебетке ылайыкташып, стационардык режимде бейтаптарды жаткырып дарылап келгенбиз.Төрөт бөлүмүбүз да иштеп, кош бойлуу аялдардын төрөтүн дал ушул ооруканадан кабыл алып турганбыз. Кийин саламаттыкты сактоо министрлигинин оптимизациялоо мыйзамына ылайык, оорукана өз ишмердүүлүгүн токтотуп, күндүзгү амбулатордук тартипте иштей баштадык» — дейт башкы медайым.
ТОО ЭЛИНИН САЛАМАТТЫГЫ
![Алайкуу: Ой-Талдын саламат сакчылары](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/63-2-1024x683.jpg)
Калк саламаттыгы үчүн күрөшкөн Ой-Тал ҮБДТнын ак халатчандары ооруп келген бейтаптарга алгачкы жардамды берип келишет. Абалы оор бейтаптарды өздөрүнүн тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирип турушат. «Биз азыр оорунун алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу, жаш балдардын саламаттыгын карап, кош бойлуу энелердин ден соолугун көзөмөлдөп турабыз. Кызыл-Жар ооруканасындагы дарыгерлер кезеги менен келип, бейтаптарды кабыл алып, дарылоо курстарын жазып беришет. Эмдөө каанабыз иштеп, укол алганы келгендер үчүн медайымыбыз кызмат көрсөтөт. Ал эми жаш балдарга берилүүчү вакциналар үзгүлтүккө учурабай, өз убагында берилип келет. Биздин аймакта эмдөөдөн баш тарткандар жок»,- дейт Канымжан эже.
Ааламды каптаган «ковид» учурунда бул аймакта бир да жаран бул илдетке кабылган эмес. «Биздин экология таза болгондуктанбы, шүгүр, бизде бир да жаран «ковид» менен оорубады. Оорукананы обсервацияга даярдап койгонубуз менен бир да жаран жатпады. Кызыл зоонага кирбедик. Бирок, күн-түн жумушта болуп, мында келип, кеткендерди көзөмөлдөп турдук» — дейт ак халат ээси. Тоолуу аймак, абасы оор болгондуктан акыркы мезгилдерде кан диабетине жана кан басымдын жогорулашына кабылган бейтаптар кездешүүдө. Алардын ден соолугун көзөмөлдөп турууну мындагы ак халатчандар жакшы билишет.
КОШ БОЙЛУУ ЭНЕЛЕРГЕ КАМКОРДУК
Тоолор арасындагы аймактагы кош бойлуу энелердин ден соолугун көзөмөлдөп, алардын аман- эсен көз жарып, дени сак наристелүү болуулары үчүн төрөткө чейинки медициналык кароону күчөтүлгөн тартипте алып барышат. Канымжан Абдымомунова башкы медайымдык милдетин жоопкерчилик менен аркалап, кош бойлуу энелерге энелик мээрим төгүп, жылуу мамилеси менен өзүнө тартып турат. «Биз мурда төрөт кабыл алсак, азыр кош бойлуу энелердин төрөт картасы жабылганга чейин учетко алып, жоопкерчилик менен ар биринин ден соолугун көзөмөлдөп турабыз. Түйүлдүк 36 апталык болгондо шаарга же районго туугандарынын үйүнө жиберебиз. Азыр көп эле энелер түшүнүү менен кабыл алып, убагы келгенде туугандарынын үйүнө кетишет. Көз жарып келген соң, кайра өз көзөмөлүбүзгө алып карайбыз. Мен негизи кош бойлуу жаш энелерди өз кыздарымдай көрөм. Алардан тынымсыз кабар алып турам. Кароого өз убагында келе албай калса, үйлөрүнө барып, текшерип келмей сайын жаным тынбайт. Анткени, өзүңөр көрүп тургандай шарты катаал аймакта жашаганыбыз үчүн аялдардын тиричилиги, түйшүгү жеңил эмес. Жада калса жайлоого чыгып кеткен энелер да болот»-дейт мээримдүү медайым.
ОЙ-ТАЛДЫНАК ХАЛАТЧАНДАРЫ
![Алайкуу: Ой-Талдын саламат сакчылары](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/61-1-1024x576.jpg)
Ой-Тал ҮБДТда жалпы 10 кызматкер эмгектенет. Жаанбай кызы Канзада колу жеңил медайым. Ал көп жылдык тажрыйбасы менен эмдөө бөлүмүндө ийне сайып, бейтаптарга кызмат кылып келет. Ал эми Орунбекова Кайрынса, Турдубаева Ырыскан үй-бүлөлүк медайымдар. Ошондой эле фельдшер Маметасан уулу Мухаммед өз ишинин фанаты. Четки аймакта болгондуктан, мында жогорку билимдүү дарыгерлердин келиши көйгөй жаратып келет. «Бизге дарыгерлер келбейт эмес келет, бирок, бир жылдай иштеген соң, кайра кетип калышат. Туруктуу иштеген дарыгерлер болсо жакшы болмок. Ал үчүн өзүбүздүн айылдан чыккан дарыгерлерди тартууга аракет кылабыз. Азыр Кызыл-Жардагы дарыгерлер келип турушат. Ошентсе да, биздин аймакта дарыгердин болгону жакшы. Кандай дарыгер келсе да, кошо иштешип кетүүгө даяр элек»,- дейт башкы медайым.
Мындагы медайымдар чакыруулар түшкөндө жөө-жалаң, кээде ат менен барып, бейтаптарга жардам берип келишет. «2013-жылдары жалгыз иштеген учурларым болду. Ал убактагы кыйынчылыктарды эстебей эле коеюн. Эми азыр бир аз медиктер көбөйүп калды. Бизде дары-дармектер жетиштүү. Көйгөйлүү маселе деле жок. Негизгиси элибиз аман, заманыбыз тынч болсун. Эч ким оорубасын. Анан калса биздин ал-абалыбыздан кабар алып келгениңиздер үчүн сиздердин редакцияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — дейт Канымжан эже.
Н.ӨМҮРЗАКОВА, Ош–Ой-Тал–Ош