![Адылбек кызы Айгерим: "Кайың-Талаадагы бакчада көйгөй жок" Адылбек кызы Айгерим: "Кайың-Талаадагы бакчада көйгөй жок"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/msg817360797-5892.jpg)
Адылбек кызы Айгерим 1997-жылы Кайың-Талаа айылында туулган. Жогорку билимдүү. ОГПИден башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча билим алган. Эмгек жолунда 2017-жылы Бибинур балдар бакчасына тарбиячы кызматына кирип, кийин 2021-жылы аталган балдар бакчасынын башчысы кызматына дайындалган. Жаш жетекчи бакчанын ишин жандандыруу, балдарга таалим, билим берүүнүн сапатын жакшыртууда изденип иштеп келүүдө. Жаш келсе ишке демекчи, Айгерим айым жаштыгы, курчтугу менен билек түрүнө кызматын калкына арнап келүүдө. Үй-бүлөлүү. Үч наристенин жароокер апасы. Өмүрлүк жолдошу Турар жеке ишкер. Асман тиреген аска-зоолордун арасында жайгашкан айтылуу Алайкуу жергесинин жаратылышынын кооздугу, күркүрөп аккан Тар дарыясынын шоокуму келгендердин эсинен чыккыс сезим калтырат. Дегенибиздей, Алайкуу өрөөнүн өрлөп отуруп, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылындагы Бибинур балдар бакчасына да кайрылганбыз. Аталган балдар бакчасынын жетекчиси Адылбек кызы Айгерим бакчада жүрүп жаткан ремонт иштерин көзөмөлдөгөнчө бизди күтүп жаткан экен. Бактылуу балдар уясынын учурдагы абалы, андагы аткарылып жаткан жумуштар туурасында жаш жетекчи Айгерим менен жеринде пикир алышып кайтканбыз.
БАКЧА ТАРЖЫМАЛЫ
Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Талаа айылындагы Бибинур атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2010-жылы негизделген. Кызыл-Жар айыл өкмөтү тарабынан каржыланып ачылган. Аталган балдар бакчасы 2019-жылы капиталдык ремонттон өткөн. Ачылган күндөн тарта кыска мөөнөттүк тартипте иштеп келген. Кийин 2021-жылдын май айынан тартып балдар бакчасы толук режимде иштей баштаган. Ал үчүн бакча кызматкерлери каражат топ-топ, балдар уктоочу керебеттерди алышкан. Ал эми төшөк-жууркандарды, сынган идиштерди жаңылоону ата-энелер өз ыктыярлары менен жасап беришкен. Ал эми айыл өкмөттүн бюджетинен шейшептер алынган. Бакчанын материалдык-техникалык базасы акырындап чыңдалып барууда.
Айгерим жетекчи болуп келгенден бери айыл өкмөткө кайрылуу жазып, жаңы муздаткыч, тамак бышыруучу газ плита алынган. Андан соң, бакчага интернет тартылып, кызматкерлердин иштөөсүнө шартты жакшырткан. Бакча эки тайпага негизделип, мында элүү бала тарбияланууда. Кезек күткөндөр жок. «Биздин айыл чакан болгондуктан кезек күткөн балдар жок. Улам айыл кыдырып, балдар бакчасына жашы жеткен наристелерди каттоого алып, электрондук кезекке коебуз. Орто жана кенже тайпада 3,5 жаштан, 5 жашка чейинки бөбөктөр кабыл алынат. Учурда балдар ойноочу аянтча куруунун үстүндө иш алып баруудамын. Айыл өкмөткө кайрылуу жазып, демөөрчү издөөдөмүн. Бул маселе чечилип калса, бизде башка көйгөй деле жок», — дейт жаш жетекчи. Ал эми бакча үчүн айыл өкмөт тарабынан бир гектар жер аянтчасы көмөкчү чарба үчүн ажыратылып берилген. Ал жерге сугат суу чыкпагандыктан, иштетүүгө мүмкүн эмес. Жакын арада суу чыгат деген үмүттөр бар, эгер андай болсо, ал жерди иштетүү планынын негизги бөлүгү экенин айтат жетекчи айым. Балдарга таалим-тарбия берүүдө көрсөтүлгөн программалардан сырткары кол өнөрчүлүктү үйрөтүшөт. «Азыр балдар телефон ойноп, ага азгырылбай койбойт экен. Биз атайын таалим-тарбия жаатында тартылган мультфилимдерди коюп берип, балдарды бакча убагында телефондон алыстатууга аракет кылабыз. Сүрөт тартуу, пластилинде иштөө менен кызыктырып, атайын оюн-зоокторду уюштуруп турабыз»,- дейт Айгерим айым. Аталган балдар бакчасында май айынан үч айга балдар каникулга тарап кетишет да, сентябрдан кайрадан бакча өз ишин баштайт.
ТААЛИМ БЕРГЕН ТАРБИЯЧЫЛАР
Аталган балдар уясында жалпы 10 кызматкер эмгектенет. Бөтөнөева Гүлсүн, Турдумамет кызы Айбарчын бөбөктөрдү тарбиялап, канчалаган жаш жеткинчектерге мектепке чейинки билим-тарбияны берип, экинчи эне аталып, ападай мээрими менен бапестеп, алпештеп эмгектенген тарбиячы эжейлер. Кичинекей бөбөктөрдү муза дүйнөсүнө тартып, алардын шык-таланттарын азыртан таптаган Касымалы Кожобердиев музыка мугалими. Мурзатаева Актуйгун жана Каримова Майрамбү эжейлер жардамчы тарбиячы кызматында кабак-кашым дебестен балдарды бапестөөдө эмгектерин арнап келишүүдө. Балдарга үч маал ысык тамак бышырып, алардын сүймөнчүлүгүнө айланган Нурила Матенова ашпозчу айым.
Ал эми балдардын ден соолугун көзөмөлгө алган ак халат ээси Миргүл Жусупова медайым кызматында. Чордонов Тынчтык оператор кызматында болсо, Венера Сыдыкова бакчанын санитардык абалын таза кармаса, Мыктыбек кызы Кадича көмөкчү жумушчу кызматын жоопкерчиликтүү аркалап келишүүдө.
«Бала эң алгач үйдөн тарбия алып, андан кийин анын биринчи кадамы болгон балдар бакчасынан көп нерсени үйрөнө баштайт. Балдар бакчасынын баланын аң-сезиминин өнүп-өсүүсүнө, өз алдынча болуусуна таасири чоң. Ошондуктан балдарды тарбиялоодо жана билим берүүдө тарбиячыларыбыз изденүү менен иштешет»,-дейт жетекчи Адылбек кызы Айгерим.
Биз жаш жетекчинин жигердүү демилгелерин, алдыдагы пландарын, изденип иштөөнүн үстүндө көп ийгиликтерди арттырууга максаттары чоң экенин байкадык. Албетте, Адылбек кызы Айгеримге жана мындагы жамаатка ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Н.КАНЗИЛБЕКОВА,Ош–Кайың-Талаа–Ош