![Айпери Кулбаева, ырчы: "Атам менен апам ак батасын беришкен" Айпери Кулбаева, ырчы: "Атам менен апам ак батасын беришкен"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/xmbrpwljzwi.jpg)
Айпери Кулбаева Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы Жерге-Тал айылында туулуп-өскөн. № 4 Миңбулак орто мектебинен билим алган. Мектептин босогосун аттап, 1-класска барганда эле, жакшы окуп, тааныла баштайт. Боло турган баланын зээндүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, таланты бар экендигин билим берген мугалимдери байкап, мектептеги иш-чараларга катыштырууга тарта башташат. 1-класста окуп жүргөн учурунда атасы Манас айтууну үйрөтөт. Алгачкы жолу мектептин сахнасына Манас айтып чыгат. Жаштайынан эле өнөргө жакын болуп, мектептеги ар кандай иш-чараларга катышып, тааныла баштайт. Эс тарткан сайын райондук жана облусттук кароо-сынактарга катышып жүрдү. Бир убактарда Майрам Акаева тарабынан уюштурулган «Мээрим» фондусу тарабынан кароо-сынактарга катышып, мектепти аяктаганча ырдайт. «Ал мезгилде тойлор үйлөрдө гана өтчү.Той болгон үйлөрдө ямаханын үнү жаңырып, айылдын кыздары топтолуп той көргөнү апаларыбыздан уруксат сурап анан барчу элек. Тойдо дагы алып баруучу мени ямаханын коштоосунда ырдап берүүмдү өтүнчү, анча- мынча кыстырмайлар болоор эле», — дейт каарманыбыз.
Ырчылык өнөр биринчиден кудай тааладан берилген өнөр болсо, экинчиден ата-энесинен өткөн. Атасы жаштайынан ыр жазып, ырларын топтоп жүргөндүгүн китеп чыгарууга даярдык көрүп жаткандыгын Айпери айым сөз арасында айта кетти. Ал эми чоң атасы Манас айтканды, дастан айтканды, сөздү куюлуштура сүйлөгөн, сөзгө чечен, мыкты ырдаган, ыр жазган тубаса таланттуу инсан болгон экен. Айперинин апасы болсо, созолонтуп ырдаган, үнү жагымдуу, курбуларынын арасында ырдап, көпчүлүктүн жарпын жазчу экен.
«Ал мезгилде ырдаган айымдарды, ырчылыкты жактырбагандар, көзгө өөн учурачу. Кесиби мугалим болгондуктан, майрамдарда мугалимдердин арасында ырдап, алардын көңүлүн көтөрчү эле. Апам мени отуруштарга барса дайыма ээрчитип алаар эле, апамдын ырдаганын көп жолу уктум. Апамдай ырчы болсом кана деп ниет кылчумун. Ырчылык өнөр мага атамдан, апамдан, чоң атамдан, таятамдан жукса керек деп сыймыктанып каламын. Мен өнөрлүүлөрдүн үй-бүлөсүндө төрөлдүм, чоңойдум дайыма ыр-күүлөр жаңырып, турганы дале эсимден кете элек», -дейт Айпери айым.
![Айпери Кулбаева, ырчы: "Атам менен апам ак батасын беришкен"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/aiperikulbaeva_official_b6vbv9xnzld.jpg)
«Таятам өзбекстандык ырчыдай ырчы болсун деп, апамдын атын Эхтибархан деп койгон экен. «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кете элек» дегендей апамдын өңү-түсү, келбетижаштык кезиндей сулуу көрүнөт бизге. Апамы жаштык кезиңизди элестетип, шыңгыр үнүңүз менен созолонтуп ырдап бериңизчи деп ырдатып калабыз. Үнү ырчылардын үнүнөн кем калышпайт»,-дейт ырчы айым.
Айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырат. «1-курста билим алып жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Жолболду Алибаев, Фахирдин Баяков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Эген Талипов, Манас Кожомжаров, хордон Канайым Сагымбаева, Суусар Арынбаева жана вокалдан Замир мырза жана башка окутуучулардан сабак алганмын, мен урматтаган менин улуу устаттарым», — деп сыймыктанат Айпери айым.
«Мен окуп жүргөн мезгилде обончу жана аткаруучу Ибрагим Жунусов декан болчу. Окуу жайда өтүүчү көптөгөн иш-чараларды уюштурган. Шаардагы жана облустагы өтүүчү көптөгөн кароо-сынактарга катышкам»,-деп эскерет ырчы айым.
А.Кулбаева музыкалык билимин дагы жогорулатуу үчүн Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерва- торияга тапшырып билим алат. Эки дипломдун ээси.
![Айпери Кулбаева, ырчы: "Атам менен апам ак батасын беришкен"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/unnamed.jpg)
Айпери Кулбаева искусство факультетинде окуп жүргөн мезгилинде эле устат окутуучусу Эген Талиповдун «Үмүт» фольклордук фондунда Кыргызстандын аймактарына чыгып, калкка өнөрлөрүн тартуулап жүрүшкөндүгүн айтып кетмекчибиз. Билим алуу менен бирге, өзүнүн чыгармачылык өнөрүн элге тартуулап, эл арасында тааныла баштайт. С.Ибраимов атындагы Оштогу улуттук драмалык театрда Айперинин атасынын бир тууган иниси Солтобай Кулбаев эмгектенет. Айпери театрда иштөөгө кызыккандыгын, билим алууну дагы чогуу алып кете тургандыгын агасына билдирет. Агасы дагы Айперинин чыгармачылыкка кызыккандыгын, мыкты аткаруучу, келечекте сахна ханышасы боло тургандыгына көзү жетип, театрга жумушка алууга жардамын тийгизет. Театрда эмгектенгендигине быйыл 18 жылдын жүзү болду. 2004 – жылдан баштап Ош шаарынын элине, чыгармачылык өнөрүн тартуулап келе жатат. Ырчы айымдын репертуарында кыргыз элинин көптөгөн обондуу, уккулуктуу ырлары бар. Комуздун, аккордеондун коштосуунда жана эстрада жаатында ар кандай темадагы ырларды уккулуктуу, жагымдуу аткарат. Кыргыз элинин өлбөс-өчпөс ырларынан «айталы» Рысбай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Бурул Стамкулованын, Майрамбек Осмоновдун жана Абидин Темировдун обондуу ырларын эл арасында ырдап, эл алкышына арзып келатат. Ал эми эстрада жаатында болсо, 300дөн ашык ырлары бар, клиптери болсо 50дөн ашат. Өзүнүн ак эмгеги, чыныгы мээнети менен 10дон ашык медалга, Ардак грамоталарга татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына, Чынгыз Айтматов, Мыскал Өмүрканова жана Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктардын лауреаты,көптөгөн кароо-сынактардын жеңүүчүсү болду. Ырчылык өнөрдү кастарлап сүйүп,кайсыл гана ырды аткарбасын ийине жеткире аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкыштарга арзыган Айпери Кулбаеванын кыргыз элине эмгеги чоң. Бир гана Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө ырдап, Кыргызстандын желегин желбиретип, атын чыгарып келатат. Айта кетсек, Казакстанда 40 мамлекеттин өнөрпоздору катышкан кароо-сынакта биринчи орунду алып келгендигин белгилеп кетүүгө болот. Андан сырткары, Түркия, Өзбекстан, Россия мамлекетинин Санкт-Петербург шаарына, Кытай мамлекетинде делегация менен биргеликте барып келген.
Кыргыз элинин маданиятын, өнөрүн көпчүлүк мамлекеттерге ырдаган ыры менен таанытып келе жатат. Өнөрүң өркүндөп, талантың менен тааныла бергин Айпери айым.
Б.ЫСАКОВА