![Улуттук банк мыйзамсыз иш алып барган уюмдардан алыс болууну эскертет Улуттук банк мыйзамсыз иш алып барган уюмдардан алыс болууну эскертет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/865125d7d21ddc3c4504d502bd3b042c.jpg)
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ичинде жарандарга кыска мөөнөттүн ичинде өз каражаттарын көбөйтүп, кайра кайтарып беребиз деген ар кандай уюмдар көп болууда. Жарандарыбызак эмгек менен тапкан акча каражаттарын ылдам жана жеңил жолменен көбөйтүп алуу максатын көздөп, көз боёмочулардын (алдамчылардын) торуна түшүп калган учурлар кездешип жатат. Андыктан, бул багытта коомчулукту маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын акча жүгүртүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исманов Эрмек Марипжановичке кайрылып, суроолорго жооп алдык.
— Эрмек Марипжанович, алгач, “Финансылык пирамида” деген эмне, ушул тууралуу түшүнүк берип өтсөңүз?
— “Финансылык пирамида” – бул киреше алуунун алдамчылык схемасы.
Финансы пирамидасынын реалдуу бизнес долбоорлордон (мисалы: банктык аманаттар, баалуу кагаздар, өндүрүшж.б.у.с.) айырмасы болуп анын кирешени төлөп берүү булагы эсептелинет.
Финансылык пирамида — биринчи мүчө болгондордун кирешесин кийинки кирген мүчөлөрдүн долбоорго каражат салуусунун эсебинен камсыздалып, ушундай жол менен пирамида өсө берет, албетте жаңы мүчөлөрдүн кабыл алуунусу азайып токтоп калганга чейин. Акчанын чоң үлүшүн пирамиданын алгачкы катышуучулары жана уюштуруучулары өздөрү алып калышат.
Бардык эле финансы пирамидаларында эң жогорку кирешени убада кылышат, бирок алар сизге жогорку кирешени аз эле убакытта төлөп турат. Ал эми, бардык мүчө болгон адамдардын акчаларын кайтарып берүү,аткарылбас маселе.
— Мындай уюмдардын негизги белгилери кандай?
— Финансылык пирамиданын негизги мүнөздүү белгилери болуп, төмөнкүлөр саналат;
•өтө кыска мөөнөттүн ичинде жогорку пайыз менен көп киреше табууну убада кылуу. Мындай салымдардын пайыздарынын көлөмү банктык аманаттардын пайыздарынан өтө жогору болот;
•уюмга мүчө катары кирүү үчүн алдын ала акча төлөө керектиги;
•кошумча киреше табуу үчүн башка адамдарды уюмга жаңы мүчө катары тартуу. Бардык финансылык пирамидалар жаңы мүчөлөрдү тартуунун эсебинен курулат жана мүчөлүк төлөм каражат реалдуу активдерге инвестицияланбай финансылык пирамиданын башка мүчөлөрүнө убада берген киреше катары бөлүштүрүлүп берилет;
•көп мүчөлөрдү тартууда ар кандай белектерди берүү;
•уюмдун финансылык абалы, уюштуруучулары жана жетекчилери боюнча так маалыматтын жоктугу.
•мамлекеттик каттоодон өткөн (күбөлүк), укук берүүчү документтеринин (лицензия) жоктугу жана аталган документтердин керек эместигин айтып, ишендирүү;
•келишимдердин шектүүлүгү же такыр эле келишимдин жоктугу;
•келишимде Сиздин салган акча каражатыңызга уюмдун жоопкерчилигинин жоктугу. Эгерде, Сизге финансылык кызматтарды сунуштоодо жогорудагы көрсөтүлгөн шарттардын бири бар болсо, анда акча каражатыңызды берээрден мурда кесипкөй адистер менен кеңешип көрүңүз.
![Улуттук банк мыйзамсыз иш алып барган уюмдардан алыс болууну эскертет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/756547032216467-1024x640.jpg)
— Айтсаңыз, мындай уюмдардын иштөө принциби кандай?
— Финансылык пирамидалар жарандарды кызыктырыш үчүн, уюмдун курамына биринчилерден болуп кирген тараптарга убадаланган акча каражаттарды, сыйлыктарды жана башка белектерди беришет. Алар көбүнчө “пирамиданын” алгачкы катышуучуларынын ийгиликтерин башка (кийинчерээк катталган) катышуучуларга мисал катары көрсөтүп, бардык катышуучуларды ошондой ийгилик күтөөрүнө ишендирүү аракеттерин жасашат. Бирок, алар жалпы катышуучуларга берген убадаларын жана милдеттенмелерин аткара алышпайт. Алардын жасаган иштеринин схемасы боюнча, бардык катышуучуларга берген убадаларына жараша, баарына тең акча каражаттарын берүүгө мүмкүн эмес. Белгилүү мезгил өткөндөн кийин мындай уюмдар изин суутушат. Ал эми уюмга акча салган, катардагы жарандар зыян тартышат. Мисалы, Сиз кандайдыр бир суммадагы акча каражатыңызды салып, бул уюмдарга мүчө болуп киресиз. Мындан кийин убадаланган акча каражаттарды, сыйлыктарды жана башка белектерди алыш үчүн, Сиз бир канча жарандарды мүчө катары бул уюмдарга киргизишиңиз керек. Ал жарандар да өздөрүнүн алдына дагы башка жарандарды киргизиши керек. Ошентип, мындай механизм менен бул уюмдар белгилүү бир убакытка чейин иштей берет. Жыйынтыгында мындай уюмдардын уюштуруучулары өз максаттарына жеткенден кийин топ- толгон акча каражаттарды алып изин суутушат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мыйзамсыз баюуга аракет кылган шылуундар интернет аркылуу да ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат. Алар ар кандай “инвестициялык” долбоорлорду ачуу жолу менен акча каражаттарын тартууда. Булар чет өлкөдө белгилүү болгон ар кандай уюмдардын атынан же аталышын ошолорго окшоштуруп жарандардын көңүлүн өзүнө бурат. Жарандарыбызга ар кандай баалуу кагаздарды (акция, облигация) сатып алууну сунушташат.
— Жарандарыбыз акча каражаттарын ар кандай финансылык уюмдарга салаарда эмнеге көнүл буруусу зарыл?
— Уюмдун бардык документтерин текшериңиздер, зарыл болсо, алардын аныктыгын мамлекеттик органдардын реестри менен салыштырып текшериңиздер (Мисалы, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтынан текшерип көрүүгө болот. Эгерде, уюштуруучулар өздөрүн коммерциялык банк, микрофинансылык уюм же кредиттик союз түрүндө көрсөтүшсө, анда аларда тиешелүү лицензиянын же күбөлүктүн бар экендигин Улуттук банктын расмий интернет сайтынан текшерүүгө болот).
•Келишимдин үлгүсүн колго берүүнү өтүнүңүздөр жана юрист менен кеңешиңиз.
•Интернеттен/социалдык тармактардан ж.б. уюм жөнүндө маалыматтар жана пикирлер менен таанышып чыгыңыздар, дарегин/аталышын тез-тез өзгөрткөнүнө да көңүл буруу зарыл.
•Салынган каражаттарды кайтаруу шарттары менен жакшылап таанышыңыздар.
•Дароо эле жеке маалыматтарды бербеңиздер. Аманатты салууну же акча каражаттарын берүүнү тастыктоочу кол коюлган чектерди жана уюмдун мөөрү басылган квитанцияларды кылдат карап чыгып, жок болсо талап кылыңыздар.
![Улуттук банк мыйзамсыз иш алып барган уюмдардан алыс болууну эскертет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/news_152289061448734730501567663574113752742-1024x719.jpg)
— Эгерде, жаран алдамчынын торуна түшүп калган болсо, анда эмне кылуусу керек?
— Эгерде, Cиздер алдамчылардын торуна түшүп калганыңыздарды түшүнсөңүздөр жана акчаны берип койгон болсоңуздар, акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө талап менен уюмдун дарегине кайрылууну, ошондой эле акчаны кайтарбаган учурда тиешелүү органдарга кайрыла тургандыгыңыздарды маалымдоону сунуш кылабыз. Андан тышкары, Сиздер укук коргоо органдарына арыз менен кайрыла аласыздар. Алдын-ала Сиздер алдамчыларга акчаны бергендигиңиздер, которгонуңуздар жөнүндө далилдери менен документтерди чогултууңуздар зарыл. Бул – банк эсеби боюнча жазуу, кириш кассалык ордери, квитанциялар жана башка документтер болушу мүмкүн.
Алдамчылардын торуна түшүп калбас үчүн, жарандарыбызды этият болууга чакырабыз!
Маектешкен: К.КЫДЫРАЛИЕВА