С.Ибраимов атындагы улуттук драмалык театрында «Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” атылыштагы Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, агартуу айдыңына өмүрүн арнаган ардагерлер, ЖОЖдордун ректорлору, Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева, Билим-илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы Сабырбек Тойгонбаев жана облустагы билим берүү тармагынын кызматкерлери катышышты. Иш-чара райондордогу билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин, ошондой эле билим берүү тармагы менен тыгыз иш алып барган окуу борборлору менен түрдүү долбоорлордун көргөзмөсү менен башталды.
Андан соң, облустагы агартуу айдыңындагы иш-аракеттер жана алардын натыйжалары боюнча видеоролик көрсөтүлдү. Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев ардактуу ке- сип ээлерин бүгүнкү салтанаты менен куттуктап, өлкөдөгү 10 эң мыкты деңгээлдеги райондордун катарына Ош облусунан Кара-Кулжа районунун кошулуусу бул абдан натыйжалуу аракет экенин баса белгиледи.
«Ардактуу мугалимдер, агай-эжейлер! Жаңы окуу жылынын алдында Сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздер менен биздин учурдагы негизги талкуулай турган маселебиз — билим берүү тармагы. Бүгүн, өткөн окуу жылындагы ишмердүүлүктү талдоого жана бул тармакты өнүктүрүүгө байланышкан түрдүү маселелерди талкуулап, көйгөйлөрдү чечүүнүн багыттарын аныктап, окуу жылынын башталышына карата багыт, кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ болгон чоң аянтчага чогулуп отурабыз. 2022-2023-окуу жылындагы Сиздердин аракетиңиздердин натыйжасында жалпы республикалык багытта окуучуларыбыздын билим сапатын белгилүү бир деңгээлде аныктаган мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадаларынын, “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатына өткөрүлгөн сынактын жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын натыйжасында Ош облусу республикалык деңгээлде бир топ ийгиликтерди жараткандыгын байкасак болот. Айрыкча, Ноокат районунун “Билимкана” мектеп лицейи “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатынын жыйынтыгы боюнча республикада эң мыкты мекеме аныкталса, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен өлкөдөгү 10 эң мыкты деңгеээлдеги райондордун катарына Ош облусунан Кара-Кулжа районунун кошулуусу бул абдан натыйжалуу аракет деп билсек болот. Ошол эле мезгилде, окуучуларыбыздын маданий, спорттук, идеологиялык мазмундагы республикалык, эл аралык иш-чараларда мыкты бийиктиктердибагындырып жатканын кубануу менен белгилегим келет”-деди облус башчысы.
Ошондой эле, Э.Джантаев Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 24-25-август күндөрү агартуучулардын урматына спорттун волейбол түрү боюнча облустук биринчиликтин уюштурулганын айтып өттү. Андан соң облус башчысы Эльчибек Джантаев облуста алгачкы жолу эң жогорку сыйлыктын бири болгон “Ош облусунун Ардактуу атуулу” наамы жана “Даанышман” медалын билим берүү тармагында үзүрлүү иш алып барган кызматкерлерге тапшырды. Билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн айрым агартуучуларга, мыкты билим берүү мекемелерине облустук өкүлчүлүктүн Ардак грамотасын жана атайын белектерин ыйгарды. Ошондой эле, агартуу тармагына өмүрүн арнап, ардактуу эс алууга чыккан ардагер мугалимдерге Эльчибек Джантаев сыйлуу белектерин берди.
Салтанатта район башчылары билим берүү кызматкерлерин колдоо, жаш муундарга таалим, тарбия берүүсүнө дем берүү, шыктандыруу максатында турак-жай куруу үчүн 10 мугалимге жер тилкесинин сертификатын тапшырышты. Кеңешмеде сөзгө чыккандар өткөн окуу жылындагы ийгиликтерди улантып, алдыга так милдеттерди коюп, мындан да жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн жигердүү иш аракеттерди жүргүзүү абзел экендигин баса белгилешип, алдыңкы ардактуу кесип ээлерине эс алуу үчүн жолдомолор, акчалай сыйлык жана башка баалуу белектерди тартуулашты.
Белгилей кетсек, быйыл Ош облусунун аймагында республикалык бюджеттен 30 заманбап мектеп курулуп, пайдаланууга берилсе, 50 бала бакча республикалык, жергиликтүү жана гранттык, ишкерлердин колдоосу менен курулуп, жеткинчектерди кабыл алууга даярдалып жатат.Ал эми билим берүүдөгү ийгиликтерге кайрылсак, облус боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 6627 бүтүрүүчү катышып, 1 окуучу «Алтын сертификатка», 20 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына, 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы жана байгелүү орундарды багынткан. Учурда 19 миңден ашуун мугалим иштеп, 260 миң окуучу билим алууда.
Иш-чаранын аягында кеңешменин резолюциясы кабыл алынып, катышуучуларга облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын өнөр ээлери жандуу үн менен концерттик программасын тартуулашты.
Н.ӨМҮРЗАКОВА