Милициянын отставкадагы полковниги Рахман Карабаев орто мектепти аяктагандан кийин, № 44 жылкы заводунда эсепчи, кампа башчысы, чарбанын комсомол комитетинин катчысы болуп эмгектенген. 1969-жылы комсомолдун жолдомосу менен ички иштер кызматына тартылган. 1971-1976-жылдары Карагандыдагы милициянын жогорку окуу жайын бүтүргөн. Ал 1994-жылга чейин Ленин (азыркы Ноокен), Өзгөн, Ноокат райондорунда ички иштер бөлүмдөрүндө жооптуу кызматтарды аркалаган. Кийин Чеч-Дөбө айылында уюштурулган айыл чарба кооперативин 7 жыл жетектеп келди. Бир топ сыйлыктардын, медалдардын ээси. Ал Кыргыз Республикасынын алгачкы Премьер-министри Насирдин Исанов менен бир айылда чоңоюп, бир класста окуган. Төмөндө анын Насирдин Исанов жөнүндөгү эскерүүлөрүн жарыялайбыз.
– Көп адамдар менден «Көк-Бел өзү алыста, четте жайгашкан айыл болсо, силер орус тилин кандай жакшы өздөштүрүп калгансыңар?» деп сурап калышат. Анын себеби, мындай деп түшүндүрүп берем. Биздин айылда уюштурулган совхоздо орус улутундагы калк жашаган. Чарбанын документтери толугу менен орус тилинде жүргүзүлчү. Көк-Белде 1940-жылдарда эле клуб салынып, анда кино көрсөтүлчү. Ага башка айылда жашаган жаштар да келчү. Көркөм тасма башталганга чейин музыка коюлуп, жарым саат бий уюштурулчу. Мектепте кыргыз жана орус тилинде класстар ачылып, окуучулар бири-бири менен бирге ойноп, чогуу жүргөндүктөн, орус тилинде пикир алышуу көп болгондуктан, орус тилин жакшы түшүнүп, аны жакшы өздөштүрүп алганбыз.
Айылдагы ФАПта Мария Аверьяновна Лебедова аттуу фельдшер иштечү. Ал өз ишине берилип иштеген медик болгон. Түшкө чейин, ооруп калган сыркоолорду кабыл алып, түштөн кийин атчан айылдагы алыс жайгашкан үйлөрдү, чабандар жайгашкан короолорду кыдырып чыкчу. Кийин пенсияга чыккандан кийин деле Көк-Белде жашап жүрүп, каза болгондо анын сөөгү айылдагы христиандардын көрүстөнүнө коюлган.
№44-жылкы заводунун малы көп болчу. 30 миңге жакын кой, уй, 3 миңге жакын асыл тукум жылкылар бар эле. Чарбанын малы үчүн тоют топтоо өтө жооптуу өнөктүк болгондуктан, ага чоңдор гана эмес, мектеп окуучулары да тартылчу. Биз 12 жаштан баштап, өгүз менен чөп тартууга, 14 жашыбыздан ат тарткан тырмооч менен чөп тараганга аралашып калдык. Насирдиндин атасы Матмусаев Исан аба жумушчу ат багуучулардын бригадири болчу. Ал баласын жеңил жумушка койсо болмок, бирок, турмушту түшүнсүн деп Насирдин биз менен кошо иштеген.
***
Ал мезгилде Көк-Белдеги мектеп 7 жылдык болгон. 1958-жылы Кожоке айылындагы Ломоносов атындагы орто мектептин филиалы ачылып калды. Биз ошондо окудук. Насирдин мектепте эң жакшы окуган, алдыңкы окуучулардын бири эле. Башка балдар сыяктуу бирөөлөр менен урушканын, талашканын көргөн эмеспиз. Үйүндө да тартиптүү, ата-энесин сыйлаган, тил алчаак бала болчу. Апасы Алима эжебизди абдан сыйлагандыктан, анын эки чаканы бакандын илгичине илип алып, алыстан суу ташып бергенин көп көрчүбүз. Мен байкагандан ал бала кезинен эле боорукер эле. Балдар отун чогултканы тоого чыгып калчубуз. Балабыз да, кекиликтин уясынан балапандарын кармап алчубуз. Насирдин бизге аны койо бердиртчү.
***
Насирдин Исанов менен Шаран Бекиев, Таштамир Мырзаятов. Момун Кулмаматов, Курбан Шерматов, Амангелди Айткулов, Абыт Муратов, Калбай Жаанбаев, Акбарали Касымов, Тургун Муратов, Шарип Пиримкулов аттуу 12 окуучу бир класста окуп калдык. Мектепте Атаев Борис Алакоевич өтө күчтүү математик мугалим болгон. Талапты абдан катуу койчу. Улуту татар Калимжанов Руфат тарыхтан сабак берген. Сметанко Илья Федорович орус тили мугалими эле. Улуту балкар Анна Ачиевна, Шамкыз Юсуповна аттуу эжекелер окуткан. Кийин Айткулов Абдубап агайдын колунан билим алдык. Насирдин математиканы абдан жакшы билчү. Алгебра, геометрия, тригонометриянын эрежелерин, формулаларын беш колундай жатка билчү. Ага баары суктанчу. «4» деген баа алып калса, ал үчүн ошол күн чоң кайгы болчу. Жапалактык Мамытов Шамырза деген математикагай бар болчу. Ал волейбол дегенде ичкен ашын жерге койгон мугалим эле. Сырттагы спорт аянтчасында волейбол ойнолуп калса, сабакты Насирдинге дайындап коюп, өзү чуркап чыкчу. Мектепти 1960-жылы бүтүрүп чыктык.
***
Насирдин Кыргызстан КП Борбордук Комитетинде бөлүм башчы, министр болуп иштеп турган жылдары отпускага чыккан сайын үй-бүлөсү менен чогуу келип, биздин үйдөндайыма даам татып кетчү. Сүйлөсөк сөзүбүз түгөнчү эмес, түн жарымга чейин аркы-беркини сүйлөшүп олтурчубуз. Кээ бир жылдары курортто бирге эс алчубуз.
***
Насирдин курулуш министри болуп турганда анын улуу баласы Султан күтүүсүздөн каза болгон. Иште олтурсам, Ош шаардык аткаруу комитетинин төргасы Садык Аблезов мага телефон чалып, «бул кабарды туугандарына айтып коюңуз» деп калды. Туугандары, достору менен үйүнө чогуу бардык. Жашыра турган нерсе жок. Ошол учур компартиянын мусулманчылыкка каршы катуу күрөш жүргүзүп турган, өтө жаман мезгил болчу. Ысык-Көлдө райкомдун биринчи секретары болуп турган Дарман Алибаев жакындары каза болгондо куран окутканга катышкандыгы, Абдибаит Тажибаев атасынын жылдыгын өткөргөндүгү үчүн кызматтарынан бошогон. Насирдиндин туугандары «бала мусулмандын баласы эмеспи, сууга алып койолу» деп кеңешип, кечинде эл кеткенде кайнатасы Кошпай Агибаев, туугандары Курбан Шерматов, Асан Дадабаев,Кара-Балтанын имамы Сайпидин Бекенов, Дүйшөн Өтөнбай болуп сууга алып, баланын жаназасын үйүндө окуганбыз. Көрүстөнгө барганда сөөктү казанакка киргизиш үчүн, анын үстүнө килемди жаап турдук. Сөөк салынган жыгач табытты чалкасынан жаткырып, ага топурак тартып таштаганбыз.
***
Ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турган мезгилде да 1991-жылы 14-июнь күнү менин үйүмө келип кеткен. Насирдинди Алай районунан Союзга депутаттыкка көрсөтүшкөн. Гүлчөдөн келе жатканда Ачы аркылуу Папанга өтөт. Ошол жерде Аблаким Кенжематов деген жээнинен «Биз Папан совхозунун эли менен жолугуп, анан Көк-Белге өтөбүз, Таштемир Жороев менен Рахман Карабаевдер Папандын чыга бериш жеринен тосуп турсун» деп айттырып жибериптир. Айткан жерине бардык. Барсак, көптөгөн министрлер, Ноокат районунун жетекчилери да ошол жерде экен. Насирдин аларга кайрылып:
— Менин кичи мекеним Көк-Бел кандай жер экен? — деп суроо салды.
— Насирдин Исанович, абдан кооз жер экен, — деп баары жабыла жооп беришти.
— Туура айтасыңар, кооз жер. Бирок, бул айылда аккан суусу жок. Ак-Бууранын суусун насос менен тартып алып келсе, жакшы болот эле, — деп айтканда, министрлер:
— Насирдин Исанович, сделаем, — деп орусча жооп беришти. Насирдин аларга:
— Хорошо, приступайте. — деп кайра машинага олтуруп, Ноокатка карай жол тартмакчы болуп калды.
Премьер-министрдин айлана–тегерегинде жалаң чоң кызматтагы адамдар, жан сакчылары, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери турса, ашыкча сөз сүйлөгөнгө болбойт эмеспи. Ыңгайы келе калганда:
— Насирдин Исанович, Сизге бир минутага кайрылууга уруксат этсеңиз, — деп айтканга үлгүрүп калдым. Мени карап калганда:
— Кечкурун үйдө болобуз, — деп айттым. Насирдин:
— Макул, Ноокатта чогулуш болот, жыйын аяктаганда күтүп ал, чогуу келебиз, — деп айтып, дароо эле Ноокатка карай жөнөп кетишти. Жыйын бүттү, чыкса үйгө кетебиз деп тургам. Анан эле «Премьер-министр дагы бир жерге барат экен» деп калышты. Көрсө, На- сирдин Исанов Турцияга иш сапары менен барганда ага өзбек улутундагы бир адам жолугуп: «Мен өзүм Ноокаттыкмын. Сизди Ноокаттан экениңизди угуп, атайын издеп келдим. Мен согуш мезгилинде туткунга түшүп калып, Германиядан Турцияга өтүп, азыр ушул жерде жашайм. Ноокатта бир кызым калган, Кыргызстанга барганда аны сураштырып, табылып калса, ушул белегимди берип кое аласызбы?» деп, чаканыраак баштыкты берген экен. Чогулуштан кийин аким Эшполот Абдираимов, райисполкомдун төрагасы Абсатар Абдуллаев менен чогуу барып, алыстан алып келген аманатты ээсине тапшырып кайтышкан. Насирдин табиятынан адамгерчиликтүү, кичипейил адам да. Башкалар болсо, «убара болуп олтурамбы» деп макул болбой коймок. Акимчиликтин алдында тургам. Ал келгенде дароо менин машинама олтурду. Артынан жан сакчылары, күч түзүмдүн кызматкерлери чуркап келишкенде:
— Тынчсызданбай эле койгула, мени кайтарып алууга подполковниктин мүмкүнчүлүгү жетишет. Керек болсо, силерди өзүм чакыртып алам, — деди. Ошол күнү Таштемир Жороев, Кенжемат Аблакимовдун үй-бүлөсү менен чогуу отурдук. Насирдин менин үйүмдө өзгөндүк маданият бөлүмүнүн башчысы Мамат Сыдыков белекке берген комуз бар экендигин жакшы билчү. Ошол комузду сурап, түнкү саат бирге чейин чери жазылганча чертип берген. Аны менен кошо келген коноктор Насирдиндин биздин үйгө келгенде өзүн эркин сезип, жарпы жазылып олтура тургандыгын да байкоочу. Тилекке каршы, ошол күнкү олтуруш биз үчүн акыркы чогулуш болгондугун эч кимибиз сезген эмес экенбиз.
***
Насирдин Исанов колу эч нерседен булганбаган, таза адам эле. Ишенсеңер, анын ата-энеси ал студент кезде иниси экөө кирпич менен курган үйүндө жашады. Ошол үй дагы эле турат. Достору, туугандары «мүмкүнчүлүк болуп турганда жаңы үй салып койбойсуңбу» деп айтканбыз. Ага макул болгон эмес. Насирдиндин, маданияттуулугу, калыстыгы, кристаллдай тазалыгы, кичи пейилдиги, ыйманынын ысыктыгы кийинкилерге үлгү. Авто кырсык болбогондо Кыргызстан үчүн көп иштерди жасамак… Анын билим деңгээли, ишке жасаган жоопкер мамилеси өтө жогору болчу.
***
Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткандыгы биз үчүн сыймык. Ага карата кичи мекенинде да кызуу даярдык көрүлүп жатат. Айылда анын айкели ачылганы турат. Насирдин Исановдун ысымын алып жүргөн мектепке чейин жолго асфальт төшөлөт. Ушул мектептин мугалими Ташан Казыбаевдин демилгеси менен уюштурулган музей жаңыланып жатат. Алыстан келген коноктор кызыктуу материалдар, экспонаттар менен тааныша алышат. Жердешибиз Насипа Мырзабаеванын ага арналган китебин окуп калышат.
Материалды даярдаган: Т.АБДЫРАЗАКОВ