![Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз? Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/a7b50585-e475-41b2-abc5-75eeb00abaca_w1023_r1_s.jpg)
Манас Ата зоосуна чыгып, деңиз деңгээлинен 7 миң бийик кыл чокуну багындыруу үчүн жүздөгөн, кээ жылдары миңдеген альпинист-туристтер дүйнөнүн төрт бурчунан Чоң-Алайга келишет. Алар ааламдагы эң бийик чокуларды багындырууну өздөрүнө негизги максат же өзгөчө милдет катары кабыл алышат. Ошондуктан, алпинисттер ар мамлекеттердеги 4-5 миң метрге, андан кийин 6 миң, андан соң 7 миңдик бийиктиктерге чыгып отуруп, акыры дүйнөнүн эң бийик кыл чокусу болгон 8848 метрлик Эверестке чыгууну максат кылышат. Кыргызстанда 6 миңдик тоо жок. Бизде 5-5,5 миңдик чокулардан кийин эле үч 7 миңдик чоку башталып кетет. Ал эми дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде мындай 7 миңдик чоку жок болгондуктан, алар Кыргызстанга келүүгө аргасыз болушат.
Быйыл альпинист-туристтер аз келди
Ош облусунда негизинен тоо туризми август айынын башында башталат. Анткени Чоң-Алайдагы азыркылар атап көнүп калган Ленин Пикке (азыркы расмий аталышы – Манас Ата зоосу, ал эми байыркы аты – «Жел Айдар») чет мамлекеттерден альпинист-туристтер келе башташат. Башкача айтканда, 7 миң км бийиктикти багындыруу үчүн ар жылы август, сентябрь айлары ыңгайлуу убак катары эсептелет. Бирок быйыл бул тоого туристтердин келүүсү аз болду. Дээрлик 50 пайызга аз келишти дешти кызмат көрсөткөн жергиликтүүлөр. Муну альпинист-туристтерди кабыл алган базанын жетекчиси Жеңиш Абдувалиев да тастыктайт. Ал кошумчалагандай, туристтердин саны аз болгон менен быйыл Түркия жана Ирандан келгендердин саны көбөйө баштаганы байкалган. Андан сырткары, мигрант болуп келип, салыктарды төлөп, иштеп кеткен чет элдиктер да көбөйгөн. Алардын катарында Непалдан келген 15 чакты жигиттерди айтса болот.
![Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/eefef3fb-9b98-4894-b3f7-5d38e1efedf7-1024x768.jpg)
Манас Ата зоосуна чыгуу картасы..
![Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/23d4feb0-b1ec-4178-bc2c-42647d2980a7.jpg)
Кыргызстанга келген альпинист-туристтер Чоң-Алайдын Жел Айдан булуңуна барышат дагы, негизги база түшөт. Ал жер деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Ал эми биринчи лагерь – 4400 метр бийиктикте жайгашкан. Кыл чокуга чыгуу негизинен ушул жерден башталат. Ал жерде ашпозчудан тартып, официанттарга чейин бар. Биринчи лагерге күн сайын жүк алып барып турушат. Ага түз эсептегенде 13 км, бирок жөө 18 км. Жол жүрүп гана жетишет. Ал эми экинчи лагери 5300 метр бийиктикте жайгашып, ал жерде 30-40 палатка тигилген. Бул жерде да альпинист балдар күзөттө турушат. Андан кийинки үчүнчү лагерь 6100 метрде. Бул акыркы лагерь болуп саналат дагы, ушул жерден кыл чокуга жөнөшөт. Ошол үчүнчү лагерде 10 чакты палатка бар, зарыл болгон учурда көбөйтүшөт. Ошентип, үчүнчү лагерден 7134 метрлик кыл чокуга эң эрте дегенде 19 саатта, ал эми эң кеч дегенде 28 саатта үчүнчү лагерге кайтып келишет. Ар бир лагерде кыргыз балдар бар.
Тоого жүк ташып чыгуу өзүнчө маселе. Негизги базанын жетекчиси Жеңиш Абдувалиев билдиргендей, жүктөрдү негизги базадан 1-лагерге чейин атчандар ташышат. Анын баасы 50 центтен, 3 долларга чейин. Ал эми биринчи базадан экиге чейин 1 кг жүктүн баасы 10 доллар. Экиден үчкө чейин 15-20 доллар. Анан экинчи базадан кыл чокуга чейин 25 доллар. Ал жигиттер кайра артка кайтканда таштандыларды чогултуп түшүшөт. Негизи бизде чогултулган таштандылар түп-түз Ошко кетет. Ошко жөнөтөбүз. Азыр мигрант болуп келип, тоого жүк ташыган 15 чакты непалдык жигиттер иштеп жатышат.
Жеңиш Абдувалиев, 8 жылдан бери Манас Ата зоосуна чыгуу үчүн келген альпинист-туристтерди кабыл алган базанын жетекчиси:
![Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/b164b432-5266-443e-bb59-07d42283906d-1024x461.jpg)
-Быйыл альпинист-туристтер жылдагыдан аз. 300-400 эле келишти. Бул жылдагыга салыштырганда 50 пайызга аз десе болот. Болбосо жылда абдан көп келип, бул жерде автоунаалар батпай кетчү эле. Андай учурларда биз жетишпей калчубуз. Ал эми жергиликтүү тургундардан келип, жатып кетебиз дегендер эч качан болгон эмес. А чет мамлекеттен келгендер бир палаткага 30 доллардан төлөшөт, анын ичинде сааркы тамагы кошулган. Андан сырткары бизде комплекстүү боз үйлөр бар. Аларга бир суткасына эрте мененки тамагын кошкондо 100 доллардан төлөшөт. Ал эми кыргызстандыктар болсо албетте арзандатабыз. Бирок туристтер көп болуп, эч жакка жетишпей калганда эч кимге арзандатуу болбойт.
— “Манас Ата зоосунда” кандай жаныбарлар көп кездешет?
— Мен бул жерде 8 жылдан бери иштейм. Бул жакта негизинен кызыл кийиктер бар. Анан ак илбирс бар. Алар биздин лагерлерге жакын аймактарда жашайт, көрүп эле жүрөбүз. Керек болсо алар 6100дүк үчүнчү лагерге чейин чыгат экен. Анткени кар жааганда издери көп кездешет. Ал жакка ак илбирстен башка жаныбар чыга албайт, жашай деле албайт. Алардын санын болжол менен айтсам, 25-50нүн тегерегинде десем жаңылышпайм. Балким андан да көптүр. Фотокапкан коюла турган болсо жакшы болмок. Эгер коюлса, июнь айынын башында коюп, сентябрдын аягында алып кетиш керек. Анткени суук күчөп, кар түшөт дагы аккумулятору отура баштайт.
Гераси Лянисвароти, Басктар (Basque) өлкөсүнөн келген альпинист:
![Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/aac1396b-84c6-43cc-bc94-86baa264c7c0-1024x768.jpg)
-Салам. Мен Испаниянын түндүгүндө жайгашкан, 3 млн эли бар чакан өлкөдөн келдим. Мага Кыргызстандын жаратылышы абдан жакты. Бул жакка биринчи жолу келип отурам. Бийик тоолору жеткиликтүү болгонун өзгөчө белгилесе болот. Анан бул жердин адамдарына бат эле аралашып кетет экенсиң. Өзү мен альпинизмге көп кызыгам. Ошондуктан бардык альпинисттер сыяктуу эле ар кайсы деңгээлдеги бийиктиктерди багындырууга бет алдым. Ошентип 7 миңдик бийиктикти багындыруу үчүн Кыргызстанга келип, “Ленин Пиктин” кыл чокусуна чыгып баратам. Жергиликтүү шартка көнүш үчүн бир топ аракеттерди жасадык. Бүгүн 6300 метрге чыгып түштүм. Эми буйруса чокуга чыгабыз деп үмүттөнүп турабыз.
Дарак Новак, Полшадан келген альпинист:
![Чоң-Алайдын “Жел Айдарына” биз эмнеге кызыкпайбыз?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/54b1a0e9-ce76-46ef-b909-adf2e621bb6a.jpg)
-Мен Польшанын борбор шаары Варшавадан келдим. Кесибим IT-инженер. Жасалма жашылдандыруу менен алектенем. “Ленин пик” тууралуу айтсам, бул тоо аябай коркунучтуу. Бийик топ чокулардын катарына кирет. Бирок ошого карабай, 7 миңдик кыл чокуну багындырууга аракет кылып жатам. Кыргызстандын жаратылышы мага абдан жакты. Өзгөчө көпөлөктөрү жакты десем болот. Андан сырткары кичинекей күк гүлдөр жакты. Бирок, тилекке каршы алардын аталыштарын билбейт экемин. Буйруса мен саякатымды аяктап, быйыл октябрда жубайымды Кыргызстанга алып келем деп пландап жатам. Ага силердин өлкөдөгү тоолорду көргөзгүм келип калды.
Байыркы атына кайтуу керек
Азыр Кыргызстанда “Ленин пик” деп таанылган 7134 метрлик тоо, 7439 метр бийиктик болгон Жеңиш чокусунан кийин турат. Ал эми КМШдагы үчүнчү чоку болгону менен Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Аны 2017-жылы Кыргызстан мурдагы президенти А.Атамбаев “Манас Ата зоосу” деп өзгөрткөн жарлык чыгарган. Бул тоонун эзелки аты Жел-Айдар болгон. Бирок, кийинчерээк, тактап айтканда, 1871-жылы орус географы жана саякатчысы Алексей Федченко Түркестан генерал губернатору Константин Петрович Кауфмандын урматына “Кауфман чокусу” деп атаган. Ал эми 1928-жылы жаңы бийлик ага “Ленин кыл чокусу” (Ленин пик) деген ат берген.
Бул тоого альпинизмге кызыгып, бийиктиктерди багындырууну максат кылган жүздөгөн альпинисттер жыл сайын келип турушат. Негизи туристтик мезгил август айынын башында башталат. Анда зоонун жанында маданий иш-чаралар өтүп, Эл аралык деңгээлде жарнамаланат. Кыргызстан аркылуу барууну каалагандар өлкө түштүгүндөгү Ош облусу менен Чоң-Алай районуна жетишет. Андан ары жергиликтүү тургандардын көмөгү менен лагерге барышат.
Анын кыл чокусуна альпинисттерден биринчи болуп, 1934-жылы В.Абалаков, К.Чернуха жана И.Лукин чыгышкан. Ал эми 2022-жылы кыргызстандык Илим Карыпбеков да чыгып түшкөн.
Тоо азыркы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жайгашкан. Тажикстан өз тарабын 2006-жылы “Абу Али ибн Сина” деп атаган. Ал эми бизде “Ленин Пиктин” азыркы расмий аты “Манас Ата зоосу” делген менен байыркы аты “Жел Айдар” болгону маалым. Дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверекстке чыгып түшкөн кыргызстандык Эдуард Кубатов бул тоого байыркы атын кайтаруу керектигин быйыл коомчулукка сунуштады.
Асанбек Каракозуев