Быйыл кыргыздын алгачкы жазгыч акыны саналаган Молдо Нияздын 200 жылдыгы масштабдуу белгиленгени жатат. Бир катар иш-чаралар менен бирге эле анын өмүр таржымалын жана чыгармачылыгын чагылдырган тасма тартылып жатканы да белгилүү болду. Бул арада акын, публицист Муса Сапаев атайын Бишкектен Ош облусунун Чоң-Алай районуна барып, жергиликтүү тургундар менен бирге Жекенди айылындагы Бугу жайлоосунан Молдо Ниязга таандык делген китептердин 15 барагын тапкан. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Аталган басылманын маалыматына ылайык, Муса Сапаев үңкүр китепканаларды издөө иштеринин төртүнчү күнү Бугу жайлоосундагы үйкүрлөрдүн биринен Молдо Ниязга таандык делген китептердин биринин 15 барагын тапкан.
«Ушул кишинин тагдырын изилдеп, ушул жылдын 19-августунда Бишкектен келип, келерим менен эле Чоң-Алайга бардым. 20-августтан 24-августка чейин төрт күн китептерди издөө иштери жүрдү. Изилдөөнүн экинчи күнүндө китептер бекитилген үнкүлөрдүн бирин таптык. Үңкүрдүк татаалдыгын айтпай эле коеюн. Жолду жакшы билген балдар, сокту жол менен барышты.
Негизи үйкүрлөрдө калган көптөгөн китептерин алып кетишкен жергиликтүүлөр. Кимдер алып кеткенин тактап жатабыз. Китептерди алгандардын өздөрүнүн да, балдарынын да көзү өтүп кеткен. Неберелери бар экен, азыр тизмелерин тактап жатабыз.
Изилдөөнүн төртүнчү күнү бир үңкүрдүн кычыгынан 15 баракты таап алдык. Барактар абдан назик, кармасаң эле уйпаланып кетчүдөй абалда экен. Айрым барактарды кармагандан эле уйпаланып, шамалга учуп кетти.Биз тапкан 15 барак абдан назик болгондуктан аны абайлап ороп, Илимдер Академиясына тапшыруу үчүн даярдап койдук. Анан аны ар кимге эле көрсөтүп, кармап көрүүгө болбойт. Анткени, абалы ошого жараша эмес»,-деди ал.
Муса Сапаев Молдо Нияз ыр түрүндө эле санаттарды жазбастан, кара сөз менен да чыгармалары болгонун кошумчалады.
«Бул жерде бир нерсе белгилүү болду. Молдо Нияз бабабыздын ыр түрүндө эле санаттары эмес, кара сөз түрүндө да чыгармалары болгон экен. Бул барактарга караганда, Молдо Нияздын тарыхын дагы, тагдырын дагы, баягы тарыхтын бүктөмдөрүндө, тарыхтын чаңында калып бараткан, белгисиз болуп бараткан нерсесинин бир учун таптык деп ойлойм. Биздин ишибиздин биринчи жыйынтыгы ушул десем жаңылышпайм»,-деди М. Сапаев.