![Балдардын саламатчылыгы Балдардын саламатчылыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/a1860787-f15c-4e3b-b3e0-a2723d7673f7.jpg)
Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге Кыргызстандын кирүүсүн талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.
Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова: «Онкология маселеси, өзгөчө балдар онкологиясы, биздин өлкө үчүн актуалдуу. Кыргызстанда 2022-жылы 180 бала онкология менен катталса, ага чейин жыл сайын 120га жакын бала аныкталчу. Биз диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, керебеттердин санын кеңейтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатабыз. Дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн онкологиялык бейтаптардын санариптик реестри түзүлөт. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулуу ниетинде. Бул жол берилгис ажырымды жоюу жана баланын рак оорусуна байланыштуу эң оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан ата-энелерге үмүт берүү үчүн жасалган кадам», — деп билдирди. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 400 000ге жакын бала (0-19 жаштагы) рак оорусуна чалдыгышат. Рак оорусуна чалдыккан 10 баланын дээрлик 9у кирешеси төмөн жана орто мамлекеттерде жашашат. Рак жыл сайын 100 000ге жакын баланын өмүрүн алат. Ушуга байланыштуу, Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы 2018-жылы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгени ишке киргизди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгенин платформасын түздү.
![Балдардын саламатчылыгы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/905188b3-03fc-4d82-85b3-d4ce476859bc-1024x576.jpg)
Ал 2030-жылга карата балдардын эң кеңири тараган рак оорусунан жашап кетүү көрсөткүчүн 60% га чейин жогорулатууга багытталган. Бул балдарга онкологиялык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармек менен камсыздоо боюнча алгачкы дүйнөлүк платформа аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө балдардын рак ооруларын дарылай турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Платформа өлкөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтөт: өлкөнүн билдирмелерин консолидациялоодон жана суроо-талапты түзүүдөн баштап дары-дармектерди тандоодо өлкөлөргө жардам көрсөтүү; дарылоо стандарттарын иштеп чыгуу; жардамдын натыйжалуулугун көзөмөлдөө жана инновацияларды стимулдаштыруу үчүн маалыматтык системаларды түзүү. Ошондой эле ДССУнун Миссиясы Кыргызстанга жогорку квалификациялуу онкологиялык жардам көрсөтүүдө орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана алынган маалыматтардын жана аларды талдоонун негизинде эрте аныктоо жана дарылоо боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү стандарттарды жана методдорду иштеп чыгууга жардам берүү, онкологиялык ооруларды дарылоо, паллиативдик жардам көрсөтүү жана онкологиялык оорулардан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн мыкты жолдорун иштеп чыгуу жана өлкөгө сунуш кылуу үчүн жөнөтүлгөн.
К.КЫДЫРАЛИЕВА