Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Ош облустук профсоюздар кеңеши 10 тармактык: 8 профсоюздук комитети, 2 профкомдордон турат. П рофсоюздар кеңешинде атайын техникалык эмгек жана укуктук инспектору жана уюштуруу бөлүмү бар. Облус боюнча алганда профсоюздун 119 миң мүчөсү катталган. А р бир тармакта, ишканада коомдук башталышта профсоюз уюмдарынын төрагасы, төрайымы иштейт. А лардын саны 1875ти түзөт. Биз жакында Ош облустук профсоюздар кеңешинин төрагасы, Кыргызстан П рофсоюздар федерациясынын түштүк региону боюнча орун басары Толкунбек Аманович Тажиевге жолугуп, бир катар суроо берип, анын жообун алып кайттык.
— Толкунбек Аманович, мурда райондордо түзүлгөн координациялык кеңештер бар болчу, бирок, ал жоюлуп кеткен. Акыркы үч жылдан бери жандандырылды. Ал натыйжа бердиби?
— Райондордо координациялык кеңештерди кайра түзүүнүн натыйжасында тармактык профсоюз уюмдардын бири-бири менен болгон байланышы бекемделип, алдыда боло тураган иштерди, кайсыл тармакта, мекемеде эмгек тартиби бузулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды, көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, Эмгек кодексинин аткарылышын биргеликте көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
— Сиз, Эмгек кодексинин аткарылышын биргеликте көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп айттыңыз. Аны мисалдар менен тастыктап өтсөңүз?
— Жакынкы эле мисалды алайлы. Өзгөн районунда аймактык ооруканада жетекчилик 5 бөлүм башчыны жашы жеткендигине байланыштуу иштен бошотуп коюшкан. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, мекеменин директору ага олуттуу маани бербегендиктен бул ишти сотко чейин коштоп барып, утуп бердик. Азыр бешөө тең ордунда иштеп жатышат. Мындай көрүнүштөр Ноокатта, Алайда да болду. Жалпысынан алганда өткөн жылдын эсебинен бизге 1927 арыз түшкөн. Анын 90%ы канааттандырылды. 10%на түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлдү.
— Демек, профсоюздук комитеттин таасири бар экен да?
— Азыр, ыктыярдуу, коомдук башталыштагы саны эң эле көп эң чоң коомдук уюм- профсоюздук уюмдар болуп саналат. Профсоюздардын советин түзүү жөнүндө 1924-жылы 11-декабрда Кара-Кыргыз АОнун революциялык комитети чечим кабыл алган. 1925-жылы 31-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстан профсоюздарынын 1-уюштуруу съезди болуп, профсоюздардын областтык совети түзүлгөн. Бир кылымдык тарыхы бар бул коом турмуштун сыноосунан өттү. 1997-жылдан тарта Өкмөт, профсоюздар жана иш берүүчүлөр ортосунда үч тараптуу Башкы келишимдер түзүлүп келе жатат.
— Азыр эс алуучулардын талабы башка. Ыңгайлуу түзүлгөн жерде эс алгысы келишет. Бирок, профсоюздардын союз мезгилинен калган балдарды эс алдыруучу борборлордон башка эч нерсеси калган жок?..
— Ош облусунун аймагында Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын айыл чарба кызматкерлеринин Борбордук Комитетине караштуу балдар үчүн 5 эс алуу борборлору бар. Алар Ноокаттагы А.Чынгараев, Аравандагы “Чарбак”, Кара-Суудагы “Ак-Терек” жана “Жеткинчек”, Кара-Кулжадагы “Көңдүк” балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлору. Ош облустук профсоюздар кеңеши Кыргызстан Профсоюздар федерациясынан келген акчаны бөлүп берип, көзөмөл жүргүзөбүз. Өзүңөздөр туура байкагандай, эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардын ичинде мамлекет тарабынан атайын балдар лагерлери салынган жок. Аларды жаңылап салганга же капиталдык ремонтттон өткөргөнгө бизде каражат жетишсиз. Союздан калган экен, балдарды ошол жерде эс алдырып жатабыз. Быйыл 3000 пландаштырдык эле, иш жүзүндө 3296 бала эс алды.Өткөн жылга салыштырмалуу 300-400 адамга көп болуп жатат. Бул жерде Кара-Кулжадагы балдардын “Көңдүк” эс алуу борборуна анчейин жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын моюнга алууга тийишпиз.
— Бул сөзүңүзгө караганда профсоюз тармагында да көйгөй көп окшойт?
— Айта берсек, бизде деле кыйынчылыктар бар. Эң негизги көйгөй- укуктук базабыз аябай жакшы түзүлгөн, бирок, ошону аткаруу – чоң көйгөй. Көрүп жатпайсызбы, азыр жеке сектордогулар “менин ишканам, мен кандай кылам, аны өзүм түзгөм” деген мааниде кетип жатат. Айрым бюджеттик мекемелердин жетекчилери “мен бул жердин директорумун, өзүм каалаган жасайм” дегендей принципти карманышат. Бирок, жеке секторбу, мамлекеттик секторбу, мыйзам баарына бирдей, менчиктин түрүнө карабастан КР мыйзамдарын аткарууга милдеттүү. Укук бузуулар мына ушуларда көп болуп жатпайбы, ошондуктан профкомдор жетекчилер жана ишчилер менен ортосунда көпүрөлүк милдетти аткарат. Дагы бир көйгөй, акча каражаты аз болгондуктан, эмгекчилерди, алардын үй-бүлөөсүн толук кандуу эс алдыра албай жатканыбызда болуп жатат.
— КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан Сиздердин дарегиңиздерге бир катар сындар айтылган. Анын ичинде Ош шаарындагы дем алуу үйү боюнча да терс пикир, сындар бар?
— Оштогу эс алуу үйү- Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын алдындагы курорттуризм башкармалыгынын карамагындагы мекеме. Жетекчилиги ошол жерден дайындалып, айлык акысын да ошол жерден алышат. Бирок, анда Ош облусунун калкы эс алгандыктан, биз да өз сунушубузду беребиз. Бул сунушту колдоо же колдобоо жагы акча каражатына барып такалат. “Оштогу эс алуу үйү сатылып кетти” деген сөздөр айтылып жатат. Чындыгында эс алуу үйү сатылган жок. Анын аймагынын 90%ы сакталып турат. Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын чечими менен капиталдык ремонт жүргүзүү максатында 2 жолу аукцион өткөрүлүп, 5 сотыхтан бир нече жер тилкелери сатылган. Анын мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын укук коргоо органдары карап, териштирип жатат. Акыркы чечимди алар чыгарат.
— Айтылган сынды кандайкабыл алдыңыздар, чычалаган жоксуздарбы?
— Негизинен сынды туура кабыл алуу зарыл. Бул айтылган сын жалпы коомчулуктун көңүлүн бизге буруп, көп жылдан бери топтолуп калган көйгөйлөрдү көтөрүп чыкканга, аны чечүүнүн жолдорун тапканга жардам берет деп ойлойбуз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын ишине көңүл буруу, ага ар тараптан көмөк көрсөтүү боюнча Министрлер Кабинетине тапшырма берген токтому чыккан. Ошол токтомдун негизинде бизге ыңгайлуу мүмкүнчүлүк ачылганы турат. Биздин обьектилердин 90% мүлкү сакталып калган менен алардын акыбалы оор. Улам убакыт өткөн сайын эскирип бара жатат. Дагы кайталап айтам, аларды жаңылаганга күчүбүз жетпей баратат. Колдон келишинче оңдоо иштери жүрүп жатат. Бирок, жетишээрлик деңгээлде эмес. “Эскини эптегенче жаңыны жама” дегендей, эс алуу борборлорунун абалы кыйын.
Маектешкен: Т.АБДЫРА ЗАКОВ