Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата Ош шаарында өтүп жаткан салтанаттын алкагында Ош шаарынын Ленинпроспектисинде республиканын жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары жайгашкан “Тогуз ордо” аймагында «Түштүк базары» республикалык көргөзмө-жарманкеси жана кароосынактар кызуу өткөрүлдү. Майрамдын урматына келген шаардын тургундары жана меймандарынын маанайы ачык болуп, жарманке жандуу өттү. Жарманкеге катышкан Кара-Кулжа районунун «Капчыгай тоо балы» кооперативинин азык-түлүктөрүнө суроо талаптар көп болуп, кардарлар кезектешип соода кылып жатканын байкадык. Кара-Кул- жа агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубатбек Осмонов элибизди эркиндик майрамы менен куттуктап, жарманкеге алынып келинген азык-түлүктөрү жөнүндө ой бөлүштү.
«Урматтуу кыргыз калкым. Сиздерди эгемендүүлүктүн 32жылдык мааракеси менен куттуктайм. Өлкөбүздө өнүгүүлөр болуп, элибиз бакубатчылыкта жашасын. Заманыбыз тынч болсун, элибиз бейпил турмушта бар болушсун. Ал эми биздин кооператив жөнүндө айтсам, «Капчыгай тоо балы» кооперативи 2017-жылы негизделген. Учурда жүзгө жакын балчылар мүчө болуп катталган. Биз жарманкеге кооператив тарабынан өндүрүлгөн таза кымыз жана тоо балын алып келдик. Өзүңүздөр көрүп тургандай биздин продукцияга суроо-талаптар жогору. Кооперативдин өзүнүн цехиби бар, көп сынактарда биздин райондун балы биринчиликти алып жүрөт. Бардык суроо-талаптарга жооп берет. “Капчыгай тоо балы” кооперативи чет мамлекеттерге жылына 150 тоннага чейин экспорт кылат. Ички базарда да лидер десек болот. Жалпысынан Кара-Кулжа районунда жылына 600-700 тонна асел өндүрүлөт. Анын 250 тоннадайы экспортко кетсе, калганы ички базарга сатылат. Сыртка негизинен Араб Эмираттары, Жапония, Кытай, Өзбекстан, Казакстан жана Орусияга экспорттолот», — деди Кубатбек Осмонов.
Ыр тартуулаган ыр майрам
Жарманкеде ар бир облус, шаардын тарыхын, кооз табиятын, маданий жана коомдук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган “Жергемдин жети керемети”, «Жер эненин жемиши», “Кыялымдагы шаар”, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын “Футурама”, «Сарпай», «Өнөркана» аталыштарындагы көргөзмөлөр көрсөтүлдү. Мындан сырткары, обончу, аткаруучулардын «Ыр майрам», фольклордук чебер аспапчылар, ырчылар жана дастанчылар арасында «Эл казынасы» аталыштарындагы сынактар уюштурулду. Сынактын катышуучулары жандуу үн менен таланттарын тартуулашты.
Майрамга келгендер ыр ышкыбоздорунун өнөрлөрүн кубануу менен көрүштү. Белгилей кетсек, бардык маданий кароо-сынактар “Тогуз Ордо” аймагынын борборунда жайгашкан “Ордо сахнада” өтүп, таланттуу келечек муундун ар тараптуу өнөрлөрүн ачып берүү менен көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.