Ооган-Пакистан чек арасында эки өлкөнүн аскерлеринин кагылышуусу орун алды, деп жазат «Риа Новости» окуянын күбөлөрүнүн бирине шилтеме берүү менен.
Маалыматка караганда, кагылышуу «Торхам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде орун алган. Аталган окуядан улам чек арага жакын аймактар көзөмөлгө алынып, андагы жашоочулар коопсуз аймактарга чыгып кетишүүдө.
«Торхам» бекети эки өлкө ортосундагы соода-транзиттик үч бекеттердин бири болуп саналат. Исламабад бул бекетти коммерциялык товарларын Борбор Азияга экспорттоо үчүн да колдонот.