![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/b-1-suloosun-rys.png)
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна, Өзгөн районунун Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркына жана булардын аймагынан тышкаркы жактарга коюлган фототузактарга жапайы жаратылыштагы айбанаттардын 18 түрү түшкөнү аныкталды. Бул тууралуу табиятты коргоо боюнча иш алып барган NABU-Kыргызстан Эл аралык коомдук уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, бул уюм жогоруда аталган аймактарга 2022-жылдын август-сентябрь айларында фототузактарды коюп келишкен. Аны 2023-жылдын июль айында кайра чечип келишип, аппарат тартып калган 12 миңдей фотону анализ кылышкан. Жалпысынан экспедициялык сапар ийгиликтүү болуп, жаратылышты байырлаган жапайы жаныбарлардын бир канчасы фототузактарга түшкөнү белгилүү болду.
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/arhar-kulzha-300x225-1.png)
Жыйынтыгында жапайы айбанаттардын илбирс, аркар, аюу, эчки-теке, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү, кашкулак, коён, кызыл суур, таш суур, суусар, бүркүт, таз жору, улар, кеклик сыяктуу жана башка түрлөрү түшкөнү белгилүү болуп, жалпысынан алардын 18ден ашык түрү аныкталган.
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/burkut-berkut-300x225-1.png)
Кошумчалай кетсек, NABU-Kыргызстан Эл аралык уюму өлкөдө 10 жылдан бери жаратылышты, анын ичинен ак илбирсти коргоо максатында иш алып барат. Алар өлкөнүн 80ден ашык жерине фототузактарды коюшкан. Учурда аларда да тартым иштери жүрүүдө.
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/aju-medved-300x225-1.png)
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/aju-medved-2-300x225-1.png)
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1.ilbirs-snezhnyj-bars-300x225-1.png)
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1.2-ilbirs-snezhnyj-bars-300x225-1.png)
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/karyshkyr-volk-580x435-1.png)
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/whatsapp-image-2023-07-29-at-17.15.28-225x300-1.jpeg)
![Ош облусунда фотокапканга 18ден ашык жапайы жаныбарлардын түрү түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/whatsapp-image-2023-07-29-at-17.15.42-1-225x300-1.jpeg)