![Ошто каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Алардын бирөөсү аял Ошто каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Алардын бирөөсү аял](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/c6406567-ac61-4c4b-ba39-19e7caefa720.jpg)
Ош облусунун Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелип, эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка караганда, кармалгандардын бирөө аял.
Ушул жылдын 31-август күнү Кара-Суу РИИБине арыз менен Жийделик айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 30-августан 31-августка караган түнү саат 00:10 чамасында ага бейтааныш болгон Рахатай аттуу аял киши жана бир белгисиз азият түспөлүндөгү эркек киши болуп жабырлануучуну ур-токмокко алышып үйүнөн 19 000 (он тогуз миң) сом акчасын жана үй тиричилгине керектелүүчү буюдарын алып кетишкен.
«Бул факт Кара-Суу РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодксинин 207-беренесинин («Каракчылык») негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын негизинде 2-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Р.Д., жана 1994-жылы туулган С.Д., аттуу жарандар кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.
![Ошто каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Алардын бирөөсү аял](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/ec64822c-963d-4824-bf09-b2b0244e93c3.jpg)
![Ошто каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Алардын бирөөсү аял](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/c6406567-ac61-4c4b-ba39-19e7caefa720-1.jpg)
Сүрөт: Ош ОИИБ