![Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/328117327_926226548371653_6056515777385941796_n-1.jpg)
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 00:12де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Мындай маалыматты ӨКМдин маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет, Карача айылдарында, Ноокен районунун Масы, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы айылдарында 4 балл, Базар-Коргон шаарында, Акман айылында, Ноокен районунун Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарында, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
«Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.