![Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине кайтып келди Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине кайтып келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/270361.jpeg)
Сүрөт интернеттен алынды
Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу президенттин сайтында айтылат. Аны дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бейшеналиевди саламаттыкты сактоо министрлигине дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорко Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин Саламаттык сактоо министрлигин башкарган. Бейшеналиевге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондон кийин президенттин буйругу менен бошотулганы маалым болгон. Кийинчерээк Бейшеналиев «Алтын балалык» балдардын реаблитациялык борборунун директору болуп дайындалган.