![Оштогу Ж.Раимбеков көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт Оштогу Ж.Раимбеков көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/375832126_639190095066558_7795924951771823796_n.jpg)
Ош шаарындагы Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнүн Масалиев проспектисинен баштап, Кара-Суу көчөсүнө чейинки бөлүк оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Долбоор боюнча аталган көчөнү көрктөндүрүү, жолго асфальт төшөө жана жарыктандыруу жумуштары каралган. Жолдун жалпы узундугу 530 метрди, туурасы 22 метрди түзөт. Анын эки тарабындагы туурасы 5 метрден 8 метрге чейинки тротуарлар оңдоп-түзөлөт.
Мындан тышкары бул жерде шаар тургундары жана жашоочулары үчүн заманбап эс алуу аянтчалары курулуп, жарыктандырылып, жашылдандырылат.
![Оштогу Ж.Раимбеков көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/375821206_639189098399991_4734662480701186722_n-1024x576.jpg)
Ошондой эле видеобайкоо системаларды, инсталляцияларды, фотозоналарды, көчөгө кооздолгон чатырлары бар отургучтарды орнотуу, калк үчүн эс алуучу жайларды куруу, ар кандай жарнамалык, майрамдык, анимациялык LED экрандарды коюу, велосипед токтотуучу жайларды уюштуруу каралган.
![Оштогу Ж.Раимбеков көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/375835136_639189335066634_1311257707280679394_n-1024x576.jpg)
Учурда Ж. Раимбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик коомдук тамактануучу жайлардын убактылуу жана мыйзамсыз тосмолору алып салынууда.