Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан райондун аймагындагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында «Тамчылатыпжана жамгырлатып сугаруу” деген темада семинар-окуу уюштурулду. Анда аталган айылдын тургуну, ишкер, дыйкан, багбан Марат Култаев тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу аркылуу жер өздөштүрүп, бак өстүргөн тажрыйбасы менен бөлүштү.
Иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик Администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Ш.Мамадалиев, Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы И. Абдраев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбасын механизациялаштыруу, кооперациялоо жана инновациялоо департаментинин Ош областындагы бөлүм башчысы З.Карыбеков жана Өзгөн, Кара-Кулжарайондорундагы башкы адиси С.Токоев, Айыл Банктын башкы адиси А.Осмонова, «Химия» бирикмесинин түштүк региондогу аткаруучу директору Э.Жолдошбаев жана айыл башчылар, жер адистери, багбандар, дыйкан-фермерлер катышышты.
Иш-чарада Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Имангазы Абдраев айыл чарбасында багбанчылык кирешелүү тармак экендигин түшүндүрдү жана багбанчылыкты өнүктүрүүдө тамчылатып сугаруу ыкмаларын жайылтууну колго алуу маанилүү экендигин баса белгиледи.
Семинар-окуунун жүрүшүндө тамчылатып сугаруу темасы камтылды. Тамчылатып сугаруу бул айыл чарба өсүмдүктөрүнсугаруунун алдыңкы ыкмаларынын бири. Сугат суу полиэтилен түтүктөрдүн жардамы менен жоготуусуз өсүмдүккө жетет. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын жайылтуу маанилүү. Акыркы жылдары кургакчылык болуп, суу тартыштыгы пайда болду. Ага байланыштуу сууну үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу зарыл. Ошондой эле, тамчылатып сугарууда жаңы инновациялык технологияларды колдонуу, алардын артыкчылыктары жана лизингге алуу, суу барбаган кайракы, жайыт жерлерге суу чыгаруу, өздөштүрүү, сугат жерлердин аянтын көбөйтүү жөнүндө сөз болду.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Шакир Мамадалиев, өз сөзүндө өлкөдө тамчылатып сугаруу ыкмасына суроо-талап жылдан жылга көбөйүп жаткандыгын жана тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп, бак өстүргөн дыйкандар мамлекет тарабынан колдоого алынып жаткандыгын белгилеп көрсөттү. Ошондой эле, ийгиликтүү ишкер багбан дыйкандардын катарынын көбөйүшүнө тилектеш экендигин билдирди.
Дыйкан багбандарды тажрыйба бөлүшүүгө, өндүргөн айыл чарба продукциясынын сапатын дүйнөлүк стандартка жеткизип, экспортко алып чыгуунун аракетин жасоого чакырды. Айыл Банктын башкы адиси А.Осмонова, өз сөзүндө дыйкан – фермерлерге жана жеке ишкерлерге 6 пайыздык өлчөмдө насыя каражатттары бар экенин маалымдап, ар бир адамга 7 жылга чейин 1 жыл каникул коюлуп берилиши менен насыя алса болоорун айтты. Ошондой эле, айыл чарба техникасын лизингге алуучулар болсо, банкка кайрылса болот деп билдирди.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбасын механизациялаштыруу, кооперациялоо жана инновациялоо департаментинин Өзгөн, Кара-Кулжа райондору боюнча башкы адиси С.Токоев, айыл чарбадагы тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасынын натыйжалуу ыкма экенин, тамчылатып сугарууда агротехникалык иштер үнөмдүү болоорун (отоо чөп азайат, жер семирткичтер жана эмгек ресурсу үнөмдөлөт) белгиледи.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда айыл чарбасын колдоо долбоору тарабынан жер кыртышын бузбай түз себүү боюнча Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүндө кайрак жерлер тандап алынып жатат. Жер иштеткен дыйкандарга тиешелүү семинар окуулар өткөрүлүп, ошондой эле механизаторлор тандалып алынды. Айыл чарбасындагы оор техникалардан дан «сеялка», «диска жана химиялык затты себүүчү аппараттарды алуу боюнча сунуштар түшүп жатат.
«Химия» бирикмесинин түштүк региондогу аткаруучу директору Э.Жолдошбаев семинардын жүрүшүндө көргөзмөгө алып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонуучу дары- дармек препараттары менен тааныштырып, алардын зыянкечтерге каршы иштетүүдө, түшүмдү жогорлатуу натыйжалуулугу жөнүндө маалымат берди. Большевик айылынын ишкер дыйканы Марат Култаев өзүнүн дыйканчылыктагы тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын айткандарына караганда, 2019-жылдан баштап бак тигип, өстүрүп келатат. Бакты да карасаң бак болот дейт багбан, бакты бапестеп багып түшүмдүүлүктү арттырды. Гектарынан 60-120 центнер мол түшүм алууга жетишти. Ал эми бак көчөттөрү Европадан алып келинген жана тамчылатып сугарууда атайын түтүктөрдү колдонуп келүүдө. Суунун жерге кирүүсү тамчылар менен чектелген, ошондуктан алар бир гана тамырына чейин кирүү менен токтобостон, тамырга кычкылтек дагы жеткирилет. Күчтүү тамыр системасын түзүү менен өсүмдүктүн активдүү өсүшүнө шарт түзүлөт.
Жыйынтыгында семинар-окуунун катышуучулары Большевик айылынын ишкер багбаны Марат Култаевдин эмгегине баа беришти. Анын тажрыйбасы көп нерсени үйрөткөнүн айтып, багбандын арымдуу иш-аракеттеринин өркүндөшүнө тилектеш экендиктерин билдиришти.
А.МАТИЕВА .
Тамчылатып сугаруу сууну уномдуу пайдаланууга чон оболго болот.