![Ысырапчылыктан оолак бололу Ысырапчылыктан оолак бололу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/whatsapp-image-2021-12-29-at-20.46.35.jpeg)
Жер каймактаган доорлордон бери, жер ааламын конуш, турак кылган элдердин ар биринин өзүнүн нукуралуулугуна байланышкан, баамдуулук менен камырдай жуурулган тиричиликтин гармониялуу бейпилдикке, дайыма жандуулуктун таалим-тарбиялуу насилдигине жетелеген каадалар, салттар, үрп-адаттар жер планетасын энчилеген элдердин, улуттардын уңгулуу, таасирдүү кан-жаны менен тереңден таасирленген улут намысынын байрагы болгон. Керек болсо жанын тартуулоого чейинки ченемдерге чиелешкен улуттук көрөңгөлөрдү дайым кастарлоодо “чептен эрдик күчтүүлүк” кылгандай эле дайыма улут уңгусу боло келгени кайсы улут, өлкө же эл болбосун көркүн ачаары жөнүндө аңыздуу аңгеме болоору бештен белгилүү тура.
Каада-салт, үрп-адат деле кандай гана эл болбосун жакын арада эле пайда боло калган жок чыгаар. Анын да узак-узак уламыштуу, насилдүү кооздукта айтылган аңызы бар экенинде шек жок чыгаар. Ошондон улам учурдагы жашоодо үрп-адат, салт-санаа, улуттук экономикалык жашоо турмушка байланышкан дагы башка бөөдө, ысырап чыгымдарды көп талап кылган жөрөлгөлөрдөн оолактоо азыркы учурдун талабы болуп жатканын ачык эле айтуубуз зарыл окшойт. Бул жөнүндө эл арасында салмактуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет, телевидение-радио, газета-журналдар да байма-бай аңгеме дүкөндөрдү, макалаларды уюштуруу менен элдин аң-сезимине жеткирүү учурдун орчундуу маселелеринен болгон сыяктанат. Ал эми бул жөнүндө өлкө башчысы Садыр Жапаров эң учурлуу, маанилүү маселе катары өзүнчө жарлык чыгарган мунун аткарылышын жер-жерлердеги бийлик түзүмдөрдөн тартып, жогорку бийлик органдарына чейин милдеттендирилген.
Президенттин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында “үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан. Муну аткарууга алуу азыркы учурдун орчундуу иштеринен экендигин өлкөдөгү бардык коомчулук сезүүлөрү зарыл. Бул өз учурунда коюлган мамлекеттик маанидеги иш-чаранын аткарылышына жалпы мамлекеттик иш-чара катары кабылдоодон гана майнап чыгаарына бөркүбүздөй ишенүүбүз керек сыяктуу.
Канткен менен азыркы учурда ысырапкорчулук курулай намыс, эрдемсинүү, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбойлу деген сатан ойлуулук “казга теңелип карганын буту сыныптыр” деген сыяктуу эле кеп болуп калды окшойт. “Жакшы атанын кашыктап жыйганын, жаман уул чөмүчтөп чачыптыр” дегендей байларга, дүнүйөсү ашып-ташкандарга маанилүү дегенибиз менен социалдык теңсиздик болсо, кедей-кембагалдардын моралдык жактан тебеленип-тепселип калганы коомдо кооптуулукту пайда кылчудай сыяктанат. Үрп-адат, каада-салт, жөрөлгөлөрү жогорудагыдай терс таасирлүү болбосун десек, мында мамлекеттин тескөөгө алуусу жакшы гана пайдаларды алып келет сыяктуу.
Коомдогу, эл арасындагы жөрөлгөлөрдү жөндөөдө, журтчулук же жеке үй-бүлөдө, курулай намыстан алыс болуу менен максималдуу чекте өз ара каражат сарптоо аркылуу өткөрүү Президенттин жарлыгынын өзөгүн түзө турганын эл арасына өзөктүү түшүндүрүү милдети ар бирибиздин ой-сезимибизде калыптануусу керек окшойт.
![Ысырапчылыктан оолак бололу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1035164822_900_0_4916_4016_1400x0_80_0_0_572a29a7be32bb080ddca605c6974e8d-1024x1024.jpg)
Азыркы учурда маркумду акыркы сапарга узатууда болобу же үйлөнүү үлпөтүндөбү өтө көп ысырапкорчулукка, чыгымга жол берилгени журтчулугубузга, жеке үй-бүлөлөргө катуу тасир этүү менен турмуш жагдайга каражат тарабынан терс таасирин тийгизгени кийинкисине кооптуу болот тура. Элибизде “жоктун жонун шылыйм, байдыкын чамасына карабай чачам” деген кеп айтылып келет. Бул маркумду акыркы сапарга узатуудагы расмий салт-санаа, үрп-адаттарга карата ортолукта көңүл айтууга келгендердин мөгдүрөп тургандарга кайрат айтууда өксүк суутууда коштолгон сөз катары келе жаткан көрүнүш. Бирок, кур намыс эл арасындагы колу жукаларды намыска алдырууга жол бербөө үчүн маркумду акыркы сапарга узатууда, жер-жерлердеги билермандардын өкүлдөрү атайын элдик салт-санаа, үрп-адаттардын жоболорун иштеп чыгуу менен аз материалдык каражат сарптаган үлгүлүү иштерди жүргүзсө, элдин материалдык каржылык шарттарына ого эле таасирдүү болот эле. Элдин материалдык каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жалпы эле көп каражат сарпталуучу ар кандай жөрөлгөлөргө ар тараптуу ийкемдүү мамиле жасоонун учуру келди көрүнөт. Азыр баары эркин, демократиялуу коомдо жашап турат. Сөз эркиндиги, маалыматтык чектөөлөрдөн сырт, адам укугу сыяктуу тең бейпилдик жашоодо, элибиздеги “мурдуңа карап бышкыр, жылкыңа карап ышкыр” деген накыл сөздүн өзөгүнүн өнүмү келди көрүнөт. Илгертеден Кыргыз элинде маркумду акыркы сапарга узатууда ар кимдин каардуусуна, колунда бар- жогуна карай караган шартта расмисин өткөргөнүн журтчулук азыркыга чейин улантып келет. Көп урунттуу учурларда тажиянын шартына карай, маркум кайсыл журттан чыкса ошол журттун билермандары, чукул жыйын алдында кандай материалдык каражаттар кетээрин чечкен учурлар азыр деле бар.
Кайгы-капа чапчыган үйгө бул маркум элге көзү көрүнгөн болчу, жетимиш, сексенге чыккан соң, көп жерге барды, көптүн чайын ичти, акыретте анысын кайтарыш керек-деген сыпатталган пикирлерин келтирип, намысына чейин шек келтирүү менен тирүүнүкү болот, өлгөндүн өзүнүн шору, зыйнатын эл алдында “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” кылбай өткөргүлө деген билермандардын акыл ишин азырга чейин эшиткенибиз бар. Салт-санаа, үрп- адат, расмий элдик жөрөлгөлөр ушундан күчөп жүрө-жүрө өз апогеясына жеткен учуру. Колунда бар жогуна карабай тажиялар жылкы, коштолгон жандыктарды курмандыкка алышып, дасторкондорду мол жасаган учурларга өтүп алдык. Эл алдында кепке кемтик болбойлу, — деген ойдо орто саарыбыз деле, жалчыманыбыз деле айтылган көп каражаттарды жумшоого өткөнүбүз, коомчулукта эч кандай кыйгаганга болбой тургандай мыйзамдуу көрүнүш катары кабылдаганыбыз өзүбүзгө эле зыяндан башка пайдага жүрбөй калды көрүнөт. Маркумдун тажиясы, кырк күндүгү, кырк күнгө чейинки ар бир жумада өткөрүлүүчү бейшембилиги, айттык курандары, жылдыгы сыяктуу расмийлерин бүт кошкондо олчойгон чыгымдарды чапчып келүүдө. Байкаган адамга мындай күтүүсүздүк ар бир инсандын өзөгүндө күтүлүү нерсе катары кабылданат. Элдин эсебинен эңшериле турган каадаларды азыркы шартка карай ийкемдештирүүгө, аз чыгым жумшоого мезгил келгенин эсибизге алсак. Бул көп чыгымдуулуктун бир жагы болсо, экинчи жагы үйлөнүү үлпөттөрү, тойлор, жолугушуулар, кечелер сыяктуу азыркы замандын, коомдун шартына айтылбай кирген мурда жок расмилердин пайда болушун айтсак болот.
![Ысырапчылыктан оолак бололу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/2018-12-05_10-09-48_936312.jpg)
Үйлөнүү үлпөттөрү, үйлөнүүгө байланышкан салттуу тойлор жаңыча стилде, жаңы мотивдерде өтүп келүүдө. Алгач кудалашуу, кыз узатуу тойлору болсо, андан соң үйлөнүү үлпөт тою коштолуу менен чоң-чоң тойканаларда, ресторандарда өткөрүлүп жатат. Элдик ушундай салттуу тойлордун аркасында да огеле көп акча каражатын талап кылган материалдык чыгымдар сарпталып келет. Канткен менен бул жакшылык иш бүтө берет дегенге салуунун өзүндө тобокелчиликтер бар экенин жашырууга болбойт.
Ал эми калган жолугушуу, уруучулдуктун жолугушуусу, классташтардын 20-40-50 жылдыктары деле көптөгөн пайдасыз чыгымдарды чапчып жатканын кошкондо эл арасында “каада көп болсо, аш көп болот” — деген накыл сөздүн жөн жерден айтылбаганы ынанымдуу окшойт. Канткен менен каада-салт, үрп-адат, той-аш сыяктуу элдик жөрөлгөлөрдөн караманча баш тартуу дегенден алыс болуубуз керек. Болбосо биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн таасирин жоромолдоодо, башка тектеш элдердин алдында бушайман сыяктанбай калуубузга ким кепил боло алат. Ушул өңүттөн караганда президентибиздин жарлыгы деле өз орду менен көп каражат сарптабай, элибиздин баардык расмий салттарын өз орду менен өркүндөтүүгө мезгил келди деген таризди келтирип жаткандыгын зор ынтаа менен колдоп жүзөгө ашыруубуз зарыл го.
М.Жуманазаров
Ысырапчылыктан арылуу азыркы кундун талабы.