![Дагы бир жолу Насирдин Исанов жөнүндө Дагы бир жолу Насирдин Исанов жөнүндө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/2016-11-29_13-42-25_982164.jpg)
Насирдин Исанович не деген асыл адам эле. “Дүйнөдө эң өкүнчтүү нерсе – бул бардыгынын убактылуулугу го. Өмүр да убактылуу. Анын баалуулугу да ошондо эмеспи. Адамдык сапаттын негизи, ошол өмүрдү баалай билип, өмүрдүн сулуулугун барктай билүүдө турбайбы!” — деп жазганын кайра- кайра окуп олтурам. Ырларычы: “Жаратылыш”, “Ноокатым”, “Ат- Башы”, “Чырак”… , макала — очерктери … Ал жөнүндө эскерүүлөр, айрым сүйлөмдөрүнүн алдын чийип алып, кайра окуйм … Кудай Насирдин агама адамдык асыл сапаттардын баарын ченемсиз берген экен, маңдайы жазы келип, жүзүнөн нуру төгүлүп турчу, ошого жараша пендеде жок кебез сыяктуу жумшак мүнөзү, ушунчалык жагымдуу жылмайганы… Өзү да сулуу, жан дүйнөсү андан сулуу жан эле. Жазган чыгармасын “Сулуулук” деп да бекер атабаган чыгаар…
Насирдин Исанов агабыздын 80 жылдыгын Өкмөттүк деңгээлде белгиленди. Кечээ эле 70 жылдыгы деп чуркап жүргөнбүз, убакыт ушунчалык ырайымсыз беле, 10 жыл өтүп кеткенин сезбей деле калдык. Көк-Белге кайрадан боз үйлөр тигилди. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди эстелигин орнотту. Кайран агам тирүү болгондо гана, Эгемен Кыргызстандын туңгуч Премьерин Көк-Белдин босогосунан өзү сүйүп чертчү комузунан ырлар жаңыртып, зор салтанат менен небере -чеберелерди жетелеп тосуп албайт белек. Сулуулук жөнүндө, туулган жериңдин сулуулугу жөнүндө ошондо дагы бир жолу жазбайт белең.
“КУМТӨРДҮН ” КУРМАНДЫГЫ
Билбей туруп бирөөнү күнөөлөгүм келбейт, бирок … табышмак. Бир машинада төрт адам, алардын коопсуздугун камсыз кылаар жол коопсуздугунун жеңил унаасы “Волгадан” ат чабым алыска кетип калган, капталдан чыккан ЗИЛ “Волганы” жолдон чыгара сүзөт, үчөөнүн бир тал чачы да түшпөйт, төртүнчүсү жан берет, не деген шумдук. Жерге берээрде сууга алган ага-инилерим “мойну токтобой калыптыр, кайрылып калгандай” дешти. Анда ким кайрыды? Өкмөт башчынын жан сакчысы кайда?! Чет өлкөлүк бизнесменди кожо колдогондой Өлкөнүн Премьери өзү коштоп жүрүүгө милдеттүү беле? Ранг теңдемечилиги деген кайда? Суроолор көп! Сот жообуна тартылып түрмөгө түшкөн ЗИЛдин айдоочусу камалгандан аз өтпөй түрмөдө каза болот. Табышмактуу өлүмдөр… Эгер, бул каргашада жүзү жарык болсо эмне үчүн Бирштейн Кочкор-Атадан дароо Анжыянга качып, андан Швейцарияга учуп кетет? Өмүрлүк жары, кымбат эжебиз Бүзыйнаттын айтканына караганда ошол күндөрү Швейцариядан келип, Насирдин Исанович катуу сыркоолоп жүргөн кези экен, “Аскар Акаев Бирштейн менен өзүңүз барбасаңыз болбойт деп туруп алды” деп, Жалал-Абадга өтө көңүлсүз кеткен эле дейт. Бирштейн менен бир нече күн мурда Швейцарияда таанышкан. Президент Премьерди ал жакка капилет жерден эле белгисиз бир учак менен ала кеткен, баруунун толук максатын деле айтпагандай. Аэропорттон Чыңгыз Айтматов, анын уулу Санжар Айтматов, Майрам Акаева күтүп алышат. Насирдин Исанович Майрам Акаеваны анча жактыра берчү эмес. Бир жолу резиденцияда Бүзүйнат эжемдин сыйын көрүп олтурушканда Аскар Акаев менен Насирдин аганын сөзүнө аралашкан Майрам Акаеваны Насирдин ага “сиз бизди жайыбызга коюп, башка иштериңизди кылсаңыз болот эле” деп өкүмдүрөөк сүйлөп коёт, ошого териге түшкөн Майрам Акаева “Тур кеттик!” деп Аскарын алдына салып, даяр тамакты таштап чыгып кетишет. Кийин Насирдин Исанов каза болгондон үч күндөн кийин резиденциядан анын үй-бүлөсүн кууп чыккан да ошол Майрам Акаева эмес беле. Бул иш сапарга Майрам Акаева менен Санжар Айтматовдун кандай тиешеси бар эле? Көрсө Президент күн мурунтан эле 70 жылда улуу держава СССР казууга даабаган “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча Б.Бирштейндин “Сиабеко” фирмасы менен келишим түзүп, Өлкөнүн Премьерине ал келишимдерге кол койдуруу үчүн алып барган. Мындай кылмыштуу келишимдерге кол коюудан Насирдин Исанович чечкиндүү баш тарткан. Ал жактан келгенден кийин Санжар Айтматов Насирдин Исановичке уйгактай жабышып үйүнүн айланасынан кетпей, чакырбаса да үйүнө кирип барып, Насирдин Исановичтин көңүлүн алуу үчүн түрдүү амалдарды жасайт. Ыйманы бийик адамдын алдында Санжар ким эле?! Насирдин Исанович каза болгондон киийин гана Санжар сууга чөккөндөй көздөн кайып болуп жоголот. Иш-сапарда жүрүп автокырсыкка учурап жан берген Премьердин үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан эч кандай компенсация да каралбады. Кимден сураба, баары “Насирдин Исанович “Кумтөрдун” биринчи курмандыгы болгон” деп айтышат.
БОРИС БИРШТЕЙН ДЕГЕН ӨЗҮ КИМ?
![Дагы бир жолу Насирдин Исанов жөнүндө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/boris_birshtein.jpg)
Борис Бирнштейн, сүрөт интернеттен алынды
Алынган маалыматтарга ылайык Борис Бирштейн 1947-жылы 11-ноябрда Латвиянын борбору Вильнюста туулган, еврей, жогорку билимдүү юрист, 1979-жылы Израилге кетет. Иерусалимде “БОДА трейдинг” фирмасын негиздейт, андан ары Канадага көчөт да Канаданын атуулдугун алат. 1982-жылы Швейцарияда “Сиабеко” фирмасын түзөт. Башынан эле арам ойлуу Борис бизнес чөйрөсүнүн таасирлүү адамдары менен тез эле тил табышып, дароо ишенимине кирип, анан алардын жыйып-тергенин тартып алып, көздөн кайым болчу “талантты” өтө чеберчилик менен өздөштүрөт. Шылуундугу башынан ашкан Бирштейн кайсыл өлкөнүн болбосун мамлекет башчыларынын эң жакын ишенимдүү адамдары менен таанышып, алар аркылуу өлкө башчыларынын колтугуна кирип, анан билген боткосун чалат. Убагында КПСС БКнын финансы тармагын тейлеген жооптуу адамдардын башын айландырып, ал гана эмес СССРдин Вице – президенти Г.Янаевдин да ишенимине кирип, далай акчаларды сууруп кеткен. 85-90-жылдарда СССРдин курамындагы республикалардын кен-байлыктарынын сырьелорун контрабандалык жол менен сатууга ортомчулук кылуу аркылуу “Сиабеко” ченемсиз байлыкка жетишкен. Орус мафиясы боюнча адис, германиялык Юрген Рот 90-жылдардын башында Бирштейн Россиянын жогорку эшелондогу жетекчилери менен гана эмес, алардын кылмыш дүйнөсүндөгү анабашчылары менен да тыгыз байланышта болгонун белгилейт. 1993-жылы “Сиабеко” фирмасы аркылуу Россиянын мамлекеттик казынасынан миллиондогон долларлар уурдалганы аныкталып, бул фактылардын үстүнөн тергөө иштери колго алынат. Эл аралык деңгээлдеги аферист 1991-жылдын башында Молдованын президенти Мирче Снегурдун буйругуна ылайык Президенттин экономикалык реформа суроолору боюнча кеңешчиси, Өлкөнү өнүктүрүү жана реконструкциялоо Комитетинин башчысы болуп дайындалат. Ошол эле жылдын октябрында Аскар Акаевдин Указы менен “Кыргызстан – Сиабеко” мамлекеттик-жеке компаниясы түзүлөт. Бир эле мезгилде Аскар Акаев Бирштейнди Президенттин кеңешчиси, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги толук ыйгарым укуктуу соода өкүлү, Кыргызстанды реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы кызматтарына дайындап, өзүнүн кабинетинин жанындагы бөлмөгө олтургузат. Мамлекеттик резиденцияда жашоого уруксат берилет. Бирштейнге болгон Президенттин мындай “сүйүүсү” Бирштейндин менчик учагында Майрам экөөнүн дүйнөнүн эң кооз жерлеринде сайран куруулары менен коштолуп, мындай амалкөйлүк Аскар Акаевди сокурга айландырат. Ошондо Канаданын депутаты жана соода министри Монте Квинтер бул экөөнүн өз ара мамилеси жөнүндө айтып келип “бул экөө бөлүнгүс (“Вы говорите о том, что находитесь у ног президента, что ж, эти двое были неразделимы”) деп баа берген. Ошондогу Жогорку Кеңештин сессияларынын биринде Аскар Акаев сүйлөп жатып “бизде алтындан да кымбат кызыл сымап контрабанда менен сыртка ташылып жатат, биздин Өкмөт билмексен болуп олтурат” деп күтүлбөгөн жерден сын айтат. Насирдин Исанович кызыл сымап негизи жаратылышта жок, анын химиялык формуласы гана бар экендигин билсе да сабырдуу киши да жооп кайтарбайт. Эртеси Акаевдин кабинетине кирип бул жөнүндө айтса “бирөөлөрдүн тилине кирип айтып алыптырмын” деп тим болот. Өкмөттүн атынан анын ошол күндөрү “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттерине “Кыргызстанда кызыл сымап жок” деген кыска билдирүү жарыяланат. “Бирөөлөрдүн тили …”, ал Бирштейндин тили болчу. Бир эле учурда эки мамлекеттин Президенттеринин дайындоолоруна жетишкен эл аралык деңгээлдеги мафиоздун бул Исановго болгон биринчи чагымчылдыгы болчу. Насирдин Исанович “Кумтөр” боюнча “Сиабеконун” сунуштарын кабыл албай, “убактысы келет “Кумтөрдү” республиканын өз күчү менен өздөштүрөбүз” деген позицияда каттуу турганы, бул карөзгөй эки “өнөктөштүн” алкымын буугандай эле болгон..
“Чу” дегенде эле Бирштейин республиканын алтын өндүрүшүнө 500 млн. доллар кредит алып келем, ал үчүн Швейцариянын банктарына кыргыздын алтындарын кепилдикке коюу керек деп, өзүнүн жеке менчик самолету менен Аскар Акаевдин “батасын” алып, алтынды тонналап ташып баштаган. Насирдин Исанов каза болуп, Бирштейн Анжыян аркылуу качканда да аталган шаардын аэропортунда аны алтын жүктөлгөн менчик учагы күтүп турган. Бул шылуун неме Молдовада да өлкөнүн кадр саясатына чейин киришип, чакчалакей салып, экономикасын сызга олтургузуп, байлыгын талап-тоноп чыгып кеткен. Ал эми “Кумтөр” кыргыз элинин бактысы да, кайгысы да болуп кала берди.
“ПРЕРВАННЫЙ ПОЛЕТТУ ” ТАППАЙ КАЛДЫК
![Дагы бир жолу Насирдин Исанов жөнүндө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1019947977-1.jpg)
( Н.Исановдун шакирти Мамбетжунус Абыловдун эскерүүсүнөн)
… Султан Ибраимовичти атып салганда, шек Усубалиевге түшкөндөй, Насирдин Исанович каза болгондо шек Акаевге түштү. Бийлик Акаевдин колунда турганда бул иштин бети ачылбашын түшүнүп, жок дегенде бул кырсыктын изин калтырыш керек деген максатта, кырсык болгон жерде тартылган сүрөттөрдү жыйнап, анан “Прерванный полет” деген ат менен кинос-сценарийдин долбоорун жазып, аны Кыргыз эл акыны Жалил Садыковго алып барып, ушул долбоордун негизинде киносценарий жазып берүүсүн сурансак, сунушубузду жан дилден кабыл алып, бир жумага жеткирбей сценарийди бүткөрүп колубузга карматты да “бул маселени түштүктүктөр чукулап жатат дебесин, кинону Аалы Токомбаевдин баласы Уланга тарттыр” деди. Улан байке жок дебеди, кинону көркөм фильмдерди тартчу тасмага түшүрүп, текстин белгилүү диктор Сатыбалды Жээнбековго окутуп, музыкасын “Эсимде” деген ырдын күүсүн Курмангазынын улуттук аспаптары менен коштоттук. Максаттагыдай фильм жаралды. 7-ноябрда, Насирдин Исановичтин туулган күнүндө филармонияда жердештерин, кесиптештерин, Өкмөт адамдарын чакырып кинонун бет ачарын жасадык. Ошол жылы бул кино КТР, Пирамида каналдарынан да көрсөтүлдү. Кийин Малайзияда, Түркияда элчилик кызматтарды аткарып, төрт жарым жылдан кийин келсем, бир күнү Насирдин Исановичтин кызы Мария чалат “Байке баягы кинону таппай жатабыз, атамдын 70 жылдыгы жакындап калды, эскерүү юбилейинде аны кантип көрсөтөбүз” деп. Борбордук шайлоо комиссиясына төрага болгондо, орун басарым Танаевге тапшырып кеткем. Иликтеп көрсөм, курулушчулардын майрамында бир жолу кинонун кыскартылган варианты көрсөтүлгөн экен. Бул кинону жок кылууга кызыкдар адамдар, аны кесип эле койбой, жоготуп эле салчы деп Танаевге көрсөтмө бергендей туюлат. Себеби, кинодо кырсык болгон жердин түз жер экенин айкындаган панорама, Насирдин Исанович олтурган машина түз эле жерден аңтарыла баштап, жолдон чыгып аңтарылып калганы, Насирдин Исанович каны жок жансыз жатканын айкындаган эпизоддор эртели кеч көргөн адамдарда мындай болушу мүмкүн эмес деген ой туудурушу мүмкүн болчу. Албетте, кимдир бирөөлөр кызыкдар болбосо өзүнөн өзү жоголуп кетмек беле.
СӨЗ СОҢУНДА
![Дагы бир жолу Насирдин Исанов жөнүндө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-04_11-12-08.jpg)
Насирдин Исанович курулушчу болгону менен макроэкономиканы мыкты өздөштүргөн. Экономика жаатында “Республиканын курулуш комплексин башкарууну өркүндөтүү (Кыргыз ССРинин мисалында)” деген аталыштагы кандидаттык диссертациясын СССР Эл чарба академиясында, экономика илимдеринин доктору, профессор Д.Н.Борбышевдин жетекчилигинин алдында 1990-жылы коргогон. Ошондогу илимий кеңештин төрагасы “Исановдун бул диссартациясы СССРдин курулуш министрлиги кийинки он жылдыкта аткара турган ишти алдын ала уникалдуу ыкмада түшүндүрүп бере алгандыгы, жалпы эле экономисттик көрөгөчтүгү менен өзгөчө” деп баа берген. Насирдин Исанович Эгемен Кыргыз Өлкөсүнүн туңгуч Премьер-министри кызматына өтө татаал жылдарда келип, тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алып, жаңы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн кечиктирилгис милдеттерин чечүүгө өзүнүн билимин, тажрыйбасын жумшап, бардык тармактагы кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга олуттуу салымын кошо алды.
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын негиз салуучуларынын, деги эле элдин жана мамлекеттин келечегин көздүн карегиндей сактап, аны аткарууга бүт өмүрүн арнагандардын катарында Насирдин Исановдун ысымы да кыргыз тарыхында түбөлүк сакталып калат.
Мамырайым Дуванаев, Ноокат району, Көк-Бел айылы.