![Владимир Путин кандай шартта Украина менен сүйлөшүүлөр жүрөрүн айтты Владимир Путин кандай шартта Украина менен сүйлөшүүлөр жүрөрүн айтты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/e350bf59beb566cbec7dac2a6630a1f8.jpg)
Орусиянын президенти Владимир Путин эгер АКШ Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө кызыкдар болсо, алгач В.Зеленскийдин жарлыгын жокко чыгарууга көндүрүү керектигин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 12-сентябрь күнү Чыгыш Экономикалык Форумунун пленардык жыйынында билдиргенин «Коммерсантъ» басылмасы жазды.
В.Путин мындан сырткары, Украина каршы чабуулун жүргүзүп жаткан учурда Орусия согуштук аракеттерди токтото албастыгын айткан. Ал Украинанын өзүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин ачык жарыялоого чакырды.
«Эгер АКШ Украинаны сүйлөшүүлөргө даяр деп эсептесе, анда Украинанын президентинин сүйлөшүүлөргө тыюу салган жарлыгын жокко чыгарсын. Ошол эле жарлыкты президент да чыгарган. Ал өзүнө жана башкаларга сүйлөшүүгө тыюу салды»,-деген В. Путин.
Путин сүйлөшүүлөрдүн зарылчылыгы тууралуу сөз Украинанын каршы чабуулунун натыйжасы болбогондуктан пайда болду деп эсептейт.
«Украина контрчабуул деп аталган операцияны жүргүзүп жатат. Албетте, эч кандай натыйжа болгон жок. Жоготуулар бар. Батыштагы кураторлору аларды түртүп жаткандыктан, алар болушунча көп нерсени тиштеп алгысы келип жаткандай таасир калтырат. Анан бардык ресурстар нөлгө жакын болгондо, согушту токтотуп, анан: «Ооба, биз көптөн бери сүйлөшүүлөрдү каалайбыз деп айтып келе жатабыз» деп айтышат»,-деди В. Путин.
Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр 2022- жылдын май айында токтотулган. Ошол эле жылдын октябрь айында президент В. Зеленский Владимир Путин президент болуп турганда Орусиянын президенти менен мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.