![Гепатит менен күрөшүүгө учур келди Гепатит менен күрөшүүгө учур келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/85c002c4711f74ae57e891cd2f3962ce.jpg)
Заирова Гүлзада Маматокторовна С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун түштүк филиалында эмгектенет. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент. Терапия, инфектология курсу менен кафедрасынын башчысы. Гепатит оорусу жылдан-жылга көбөйүп баратат. Мына ушул багытта адис Гүлзада Маматокторовна окурмандарга айтып берет.
— Чет өлкөлөрдө жана биздин өлкөдө вирустук гепатиттер жугуштуу оорулардын эң актуалдуу, көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Гепатит оорусу чоң адамдардын арасында жайылып жатышы көп учурларда өлүмгө дуушар кылат же болбосом өнөкөт формасына, цирроз жана боордун рак оорусуна айланып баратат. Дүйнө жүзүндө жалгыз эле гепатит В нын кесепетинен 686 000 миңге чукул адам көз жумат экен. Ал эми биздин мамлекет өткүр да, өнөкөт да вирустук В, С, Д гепатиттери менен эң көп ооруган мамлекеттердин катарына кирет. Негизинен 2000-жылдан баштап төрөлгөн балдарды милдеттүү түрдө гепатит В га каршы эмдөө жүрүп жатат. Бирок бул жерде да элибиздин вакцина зыян деген тайыз, түшүнбөгөндүктүн айынан, балдарыбыз эмдөө албай жатканын түшүндүрүү кыйын болуп жатат (бул зыян деген элде эски түшүнүк болуп жатат). Гепатит В ны алдын алуунун эффективдүү чарасы эмдөө (вакцинация).
2000-жылга чейин төрөлгөн наристелерге эмдөө албагандыктан, өткүр гепатит В жана Д көбөйүп өнөкөт формасына өтүп, 3-5 жылдын аралыгында эле циррозго айланып саны жагынан арбып баратат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолунда биздин Кыргызстанда 400 миңге жакын гепатит В жана С гепатити жуккандар болуусу мүмкүн деген божомолдор бар.
![Гепатит менен күрөшүүгө учур келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-07_14-43-50-2.jpg)
Гүлзада Маматокторовна
Эмне үчүн өзүбүздүн ден-соолугубуз үчүн өзүбүз болоор болбос акча кетирип эмдөө алып койсок болбойт. Миңдеген адамдар бул ооруга чалдыкканын билбей жүрө беришет, цирроз, боор рак оорусуна чалдыгып калганда гана жүздөгөн адамдар боор алмаштырганы жардам сурап, тыйын топтой башташат. Акырында, тообо келтирип, кудайдын кылганы деп отуруп калып жатышпайбы?
Азыркы учурда медицина рак оорусуна каршы туралбайт, бирок ошол боордун рак оорусу, циррозду алдын алып, толугу менен жок кылууга шарт да, мүмкүнчүлүк да бар. Ал үчүн эл аралык уюмдардын, коомдук жана мамлекеттик медициналык мекемелердин аракетин бириктирип, кан аркылуу жуккан, гепатиттерге каршы күрөшүү зарыл деп ойлойбуз. Россия Федерациясы аркылуу Кыргызстанда гепатит В, С оорусун тактоо жана гепатит В вирусуна каршы вакцина алуу элибиздин 23-65 жашка чейинки ар бир кыргыз жараны өзү жашаган жердеги Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылууга болот. Эмнегедир, биздин элибизде дале болсо кайдыгерлик менен мамиле жасагандар да жок эмес. Айрым адамдардын түшүнүгү боюнча медиктер бизге келишип түшүндүрүшөт, андан соң вакцина алсак дегендер да бар. Азыркы мезгилде үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна аябай оор түйшүк жүктөлгөн. Ал эми чет мамлекеттерде болсо, бир үй- бүлөлүк дарыгерге 1,5 – 2 миң калкты тейлөө керек болсо, бизде бир үй- бүлөлүк дарыгер 10 миңге чейинки калкты карайт. Мында оорунун ар кандай түрү бар. Атай кетсек, туберкулез, кант диабети, эне-бала, вакцинация жана башка толгон токой кагаз иштерин айтууга болот. Индияга барат элем боор алмаштырганы деп суранган адамдардын ичинде биз да болуп калбайлы десек, илгертен кыргыз элибизде накыл сөз бар эмеспи. Жараткан Аллам “Сактанганды сактайм” деген, Ошондуктан, ар бир жаран мен оорубашым керек деген жакшы сөздү айтып гепатит В вирусуна каршы вакцинаны өз убагында алуу керек.
![Гепатит менен күрөшүүгө учур келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/hepatitc.jpg)
Кыргызстандын профилактикалык эмдөөлөрдү алуу календары бар. Ал жерде 2000-жылдан бери төрөлгөн балдар төрөт үйүндө, андан кийин 2, 3, 5 айда вакцина алышат. Анын ичинде 5 ооруга каршы вакцина бир оорусу гепатит В болуп эсептелет, 5 ооруга каршы болгон үчүн оор өтөт, температурасы жогорулайт. Айрым учурларда апаларыбыз ар түрдүү шылтоо менен телефон чалганыбызда байланышка чыкпай жатышат. Урматтуу калайык калк сиздерден сураныч, бул ооруга каршы туруу үчүн вакцина алып бул оору менен күрөшүңүздөр. Ден-соолукту сактоо, ар бириңиздердин колуңуздарда. Андыктан, оорудан алыс болуңуздар.
Б.Ысакова