![Алимент төлөөнүн тартиби Алимент төлөөнүн тартиби](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/811684468200_l.jpg)
Алимент (латын тилинде азыктандыруу, багуу ) үй-бүлөлүк укукта багуу каражаттары, никелешүү, бала асырап алуу, алименттик мамилелердин негизи болуп саналат. Алимент алууга жашы жете элек балдар, айрым учурларда үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү укуктуу.
Бактылуу мүнөттөр. Кол кармашкандар изги максаттар менен турмушка жаңы кадам таштаган түгөйлөр. Ошол турмуштун тайгак жолдорунан адашкандар. Жомоктогудай жашоо өз нугунда жүрө албай, оор жагдайларга туш болгон инсандар болот тура. Адам баласы жашоодо бактылуу жашагысы келет. Бирок, турмуш деген ар кандай болот эмеспи. Бирде өйдө, бирде ылдый дегендей, айрыкча, эрте турмушка чыгуунун кесепетинин аягы ажырашууга алып барса, бирге жашап, кенебестиктен нике күбөлүгун ала албай жүрүп, ажырашууга алып барган жагдайлар көп. Бул көрүнүштүн жыйынтыгы атасыз же энесиз калган балдардын көбөйүшүнө алып барууда. Атасы, энеси тирүү туруп балдар жарым жетим болуп, мамлекеттин карамагында калууда.
Кечээ эле бактылуу жашайбыз деген жубайлар ар кандай себептер менен эки ажырым жолго түшкөндө балдарды ким багат деген суроо жана милдет көмүскөдө калып жаткандай. Мындай тагдырга туш болгон, көбүнчө күйөөсүнөн ажырашкан энелер балдары үчүн алимент ала албай, сотко кайрылгандар арбын болууда. Аларды түйшүккө салган алимент төлөөчүнүн жумушсуздугу же жарандык никеде жашагандыгы. Ошол себептен аталыкты аныктоо боюнча алимент өндүрүү процесси аныкталган соң гана алимент өндүрүлөт. Кыргыз Республиксынын Үй-бүлө кодексинин 85- беренесинде жашы жете элек балдарды багуу боюнча ата-эне милдеттери аныкталган. Сот процесси аяктаган соң гана алимент боюнча карыздар аныкталат. Ал эми 86-берененин негизинде алимент алардын ата-энелеринен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага-ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага-үчтөн бири, үч же же андан көп балага- жарымы алынат. Ал эми алимент төлөө ар райондо ар башка төлөнгөн учурлар да болот. Ал алимент төлөөчүнүн эмгек акысына да байланыштуу. Үй-бүлө кодексинде эненин да, атанын да укугу бирдей каралган. Бул маселе экөөнүн макулдугу менен чечилет. Балдар атасында же энесинин багуусунда болот.
![Алимент төлөөнүн тартиби](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/2023-02-14_14-25-40_107835.jpg)
Кимдер алимент ала алат?
Соттук өндүрүштө каралып, канча алимент төлөө үчун соттук чечим чыккан соң гана алимент төлөнө баштайт. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кедексинин 86-беренесине ылайык, алимент төлөөгө макул болгон тарап алимент төлөйт. 18 жашка чыга элек балдар, 18 жаштан ашкан эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж балдар, окуу жайда окуп жаткан 18-21 жашка чейинки балдар, иштей албаган ата-энелер, чоң ата, чоң энелер, таяата, таенелер, жардамга муктаж 18 жашка чыга элек неберелер, 18 жашка чыга элек жана 18 жаштан ашкан эмгекке жөндөмсүз бир туугандар, боюнда бар аялы же мурдагы аялы, ортодогу баланы багып жаткан жубайы, бала үчкө чыкканча, ортодогу жубайы алимент ала алат.
Адатта жубайлар ажырашып кеткенде балдарына гана алимент чыгарылат. Бирок, боюнда бар кезинде мурунку жолдошу аялына, ортодогу бала 3 жашка чыкканча, баланын майыптыгы болсо 18 жашка чейин алимент төлөш керек. Ошондой эле чоң ата, чоң эненин дагы небересине алимент өндүрсө болоорун билишпейт. Андыктан укукту билип аны колдонуу керек.
“ЮринформОш”адвокаттар коллегиясынын юристтери алиментке байланышкан маселе татаал маселелердин бири экенин айтышты. Ошондой эле жыл сайын ажырашкандардын саны өсүп жатышы көйгөйдү жаратууда. Ошондуктан ата-эне милдетин сактоо ата-бабалардан калган салтты улап, бекем туруп, үй-бүлө очогун сактап, ынтымактуу жашап, үй-бүлө отун өчүрбөш керек. Балдарды татыктуу тарбиялап, ата-эне укугун жогору коюп, ата-эне мээриминде бөпөлөп өстүрүп, ыймандуу балдарды тарбияласак ата-энеси менен чогуу жашаса коомубузда өз ордун тапкан инсандар өссө деген аруу тилектер орундалмак. Канчалаган балдарыбыз ата-эненин камкордугуна муктаж.
Алыска кетип башкача айтканда миграцияда жүрүп эки ажырымга түшкөн ата-энелердин балдары атасынан же энесинен ажырап, көбүнчө аталар балдарын багуудан качып, алимент төлөбөй укуктарын билбей жүргөндөр канча. Ата-эне укугунан ажырагандардын балдары чоң-ата, чоң эненин колунда чоңоюп жаткандары көп. Учурда эң көйгөйлүү маселелердин бири – үй-бүлөнү сактоо, балдарды татыктуу тарбиялоо жоопкерчилиги турат. Ата-эне жоопкерчилигин сезбей жаткандын көбү миграцияда жүргөндөрдүн көйгөйү болууда. Себеби, алар бир шаардан экинчи шаарга которулуп, даректерин өзгөртүп, алимент төлөбөй, өз баласына аталык камкордугунун жоктугу болууда. Ошондой эле нике күбөлүгүн албагандыгы үчун канчалаган наристелер өз атасынын атына жазыла албай, алимент ала албай жүрушөт.
Жоопкерчиликтен качып , алимент төлөбөгөндөргө кандай чаралар көрүлөт?
Алимент төлөбөй жаткан учурда сотко арыз менен кайрылуу керек. Сот мыйзамда каралган башкы чараларды колдонот. Соцфонд аркылуу иштеген жерин аныктайт. Банк эсебин камакка коет, өлкөдөн чыгарбоо токтомун чыгарат. Учурда Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимдин негизинде сот аткаруучу Россияда алимент төлөбөй жүргөндүгү тууралуу соттун чечимин почта аркылуу жөнөтөт. Алимент төлөбөй жүргөндүн эмгек акысынан алиментке кармап, алимент алуучуга жөнөтүп турат.
Д.ЖУСУПБЕКОВА