![Ноокат жолу: ызы-чуу Ноокат жолу: ызы-чуу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1071472051_0_160_3073_1888_1920x0_80_0_0_d9b42834686399098fe70641a463da90.jpg)
Автоунаалар күнү-түнү каттаган, эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков ууна жолунун Ноокат районунун аймагында жайгашкан бөлүгүнө асфальт төшөө жумуштары аяктагандан кийин 4-5 күн өтүп-өтпөй эле соцтармакта анын сапатсыз бүткөрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар жарыяланган. Андан көп узабай КР транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына Ноокат районунун аймагындагы жаңы жолдун курулушу тууралуу түшүндүрмө тараткан. Министрдин бул билдирүүсү жарандар тарабынан кызуу талкууга алынып, анын аягы бүгүнкү күнгө чейин токтой элек. Биздин кабарчылар алардын айткандарын кагазга түшүрүп келген.
Абдыганы Турдукулов — КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол чарба департаментинин Ош областтык №5 аймактык бөлүмүнүн жетекчиси:
![Ноокат жолу: ызы-чуу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-15_10-36-06-1024x768.jpg)
— Бул маалымат соцтармакка жарыялангандан кийин министр Ош облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында аталган жолдун эки тилкеде (27-34 жана 40-46 чакырым аралыгындагы ) жүргүзүлгөн жумуштар менен таанышып чыкты. Анын өткөргөн чукул көчмө жыйынына подрядчиктер, эксперттер менен кошо буйрутмачылар катары биз да катыштык. Анын жүрүшүндө жол курууда кездешчү майда-барат кемчиликтерди кадыресе көрүнүш катары кабыл алуу зарыл. Жолду куруу үчүн келишимде кемчиликти аныктоо, аны оңдоо үчүн атайын мөөнөт белгиленет. Аныкталган кемчиликтер жолду курган ишкана тарабынан кайра жасалды. Мыйзам боюнча жол колдонууга берилгенден кийин кепилдик мөөнөтү каралган.
Учурдан пайдаланып, окурмандарга биздин тармакка Президент Садыр Жапаров тарабынан олуттуу көңүл бурулуп жаткандыгын баса белгилеп өтүү керек. Коомчулук күбө болгондой, быйыл министрликтин алдындагы мамлекеттик ишканага жаңы техникалар сатылып алынды. Мындай техникалардын келиши дагы да күтүлүүдө. Ноокат жолу жаңыдан түптөлүп келе жаткан “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 2 жол курулуш башкармалыгы үчүн чоң сыноо болду. 2016-жылдан бери убада берилип, бирок, ишке ашпай келген Ноокат жолу
2023-жылдын март айында башталган. Аталган жолду жетекчилик талап кылган мөөнөттө бүткөрүүгө болгон аракеттер жасалды. Ошол эле учурда жолдун сапатына басым жасалып, коюлган талаптарды так сактоо тапшырмалары берилген. Адегенде ишкана тарабынан суу өткөрүлө турган түтүкчөлөр коюлуп, андан кийин төмөнкү, ортоңку жана үстүңкү шагыл катмарлары даярдалып, битум аралаштырып чачуу жумуштары жасалды. Калыңдыгы 9 см болгон асфальттын биринчи катмары бастырылды.
Министрликтин алдындагы мамлекеттик ишканага келген жаңы техникалардын бир бөлүгүнүн ушул участокко тартылышы да ишти тездетти. Алдыда эл аралык мааниге ээ болгон бул ууна жолунун интенсивдүүлүгүн эске алып, анын жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дагы калыңдыгы 6 см ЩМА (щебенно-мастический асфальтобетон) маркасындагы асфальт төшөлөт. Асфальттын бул маркасы 1960-жылдарда ФРГда иштелип чыккан. Ал битумдун ажырап кетүүсүн көпкө чейин сактап кала турган касиетке ээ. ЩМА Бишкек шарынын көчөлөрүнө төшөлүп, өзүнүн артыкчылыгын далилдеген. Асфальттын бул түрүн чыгаруу үчүн эми Ноокатта атайын завод курулуп, андагы продукция жаңы технология менен жасалат.
![Ноокат жолу: ызы-чуу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/screenshot-2023-09-15-105936-1024x540.png)
Элдин пикири
Эргешов Жолболду:
— Калыстык үчүн айтып коюшум керек, министрдин буга чейин биздин өлкөнүн аймагындагы жолдорду көбүнчө чет өлкөлүк жеке компаниялар куруп келген, эми мамлекеттик ишканалар кура баштады. Биз мамлекеттик жана ата мекендик жеке компанияларга ишенбөөчүлүк жаратууга аракет кылсак, бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү өлкөнүн сыртына чыгып кетмек”,- деген сөзү мага жакты.
Адимаматов Таалай:
— Министрдин “Жолдун бузулган жерин издеп видеого тартып, элдин пикирин терс тарапка бургандардын арасында “биздин заводдун асфальтын сатып алгыла деген жарандар бар” деген билдирүүсү чындыкка төп келсе, “арабызда өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ушундай кадамга барган кокуйлар бар экен да…” деген кыжаалат ойлорго туш болдум.
Карабаев Камилжан:
— Менин оюмча Т.Текебаев “бул жол мамлекеттин казынасына бөлүнгөн каражаттын эсебинен адегенде жер иштери жасалып, жол куруу нормаларын талаптагыдай сактоо менен 13 чакырым жолго асфальттын калыңдыгы 9 см. келген биринчи катмары басылып, жолдун ортосуна убактылуу сызыктар сызылган, аталган жолдогу жасалчу жумуштар ушу менен токтоду дегенди билдирбейт. Эки тилкеде каралган көпүрөлөрдүн курулушу, жол жээктерине лотокторду орнотуу, тротуар салуу, жарыктандаруу сыяктуу жумуштар белгиленген мөөнөткө чейин уланат” деген маалыматты 30-августта эле айтып койгондо мынчалык ызы-чуу болмок эмес.
Материалды даярдаган: Т.АБДЫРАЗАКОВ