Коомчулукта маалыматтарды жеткирүүдө элдин үнү, чындыктын чабарманы катарында ар дайым ат үстүндө иш алып барган журналисттердин эмгеги чоң. Бирок, “Жоону сайса ким сайды, аты калсын Манаска…” демекчи, жашоонун үтүр-чекитине чейин жазып жүргөн журналисттердин эмгеги урунттуу кезде көмүскөдө калат. Журналисттер жазган макалалар канча электен өтүп жарыкка чыгат. Ал эми каталарды оңдоп ишти аткаргандар көшөгө артында калышат. Ошондой иштердин бири –корректордун иши.
Кан күйгөн согуштан аман-эсен келген уулун көргөн ата-энеси көргөн көзүнө ишенип-ишенбей кубанычы койнуна батпай сүйүнгөнүн аңыз кеп кылган Келешбаев Жумабек агайдын кызы Гүлүмкан эжеден укканым бар. Жумабек агай согуштан келгенден кийин мектепте директор болуп иштеп калат. Ошол кезде Айша апага үйлөнүп, жыл айланып кыздуу болуп, ата-энеси тун небересин өздөрүнүн тарбиясына алат. Ошентип, чоң-ата, чоң-эненин колунда эркин чоңойгон Гүлүмкан эже балалыгы өткөн Аксы районундагы Ак-Суу айылындагы кооздукту көп эскерет. Баарынан да тоодо өскөн карагат тергендерин айтып, ошондой аскада асылып бышкан карагат көз алдымда элестеп турат деп калат. Алты кыз бир уулдун улуусу болгондуктан үйдө апасына жардамчы болуп, үй-тиричилигине тың өсөт. Атасынын жогорку кызматка көтөрүлүп Ош шаарына келиши Гүлумкан эженин жашоосун өзгөртөт. Өзү айткандай чоң-ата, чоң-эненин колунда эркелеп эркин өскөн небереси чоң турмушка аралашат.
Орто мектепти аяктап Ош мамлекеттик педогогикалык институтунун филолгия факультетине тапшырат, окуп жүргөн кезинде турмуш шартка байланыштуу Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде корректор болуп иштеп калат. Ошол кезде акын-жазуучулардын жоон тобу редакцияда иштеген учур экен. Таш Мияшев, Шабданбай Абдраманов, жаш акын Кармышак Ташбаев, Камчы Жунусов, Көкүл Султанов, Исраил Сулайманов, Абдимитал Камаловдор иштеген учур экен. Атасы Жумабек Келешбаев пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган чагы, кийин “Ленин жолу” гезитинин редакторунун орун басары болуп көп жыл иштеди. Жаңы эле ишке кирген кыздын жөндөмдүүлүгүнө баам салган, ишине жардам берген жаш журналисттер чыга келет. Чоң эненин тарбиясын алган, баскан-турганы тың, ишке жоопкерчилиги бар Гүлүмкан эжеге көз кырын салгандар чыгат.
Атасы менен бир жерде иштөө бир топ жоопкерчиликтүү эмеспи. Атасынан жамааттагы улуу кишилерден, айбыгып бир топ түйшүктөнөт. Дээринде бар Гүлүмкан эже камчы салдырбай эле өз ишин мыкты аткарып, ийкемдүүлүгү менен жамаатка жагат. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, редакцияда иштеп, эмгеги сиңип, жаштарга устат болуп, жарым кылымдан ашык иштеп баар тапты, урмат-сыйга татыды. Атасынын эмгегин актап атанын кызы болду. Канчалаган сыйлыктарды алууга жетишти.
Жаштарга устат болгон эки эже
Күн сайын супарадай болгон гезит бетине журналисттер ар кайсы тармактардан макала жазып даярдашат. Бирок, ошол макалалар кандай даярдалып, кандай чыгаарын билбегендер бар. Дегеним, окурман журналисттер макала даярдаганын гана билишет. Макетин чызуу, даярдоо, форматка салып, андан соң, катасын окуу жана башка түйшүктөр, каталарды оңдогон сахна артында иштеген корректор деген кесип бар. Ошол корректорлук кесиптин ээси, биздин устатыбыз Гүлүмкан Ташбаева жарым кылымдан ашык ушул кесипти аркалады.
Басканы тез, ишине бекем, баамчыл эжебиз жаңы жумушка келгендерди сынап, редакцияда иштин татаалдыгын, талап күчтүүлүгүн айтып, “Биз кечки журналисттербиз, чоң журналисттер күндүз иштейт”- деп тамашага салып, өзүңөргө ишенсеңер, күчтүү журналист болом десеңер катасыз гезит окуп, макала да жазып иштегиле дечү. Жаңы эле окууну аяктап келгендер корректорлор Гүлүмкан жана Үрүмкан эжелер менен гезиттин жаңы номерин чыгаруу үчүн түн бир оокумга чейин иштечүбүз. Үрүмкан менен Гүлүмкан эжелерден көптөгөн жакшы нерселерди үйрөндүк, алар бизге устат болду. Үрүмкан эже тор токуганды жакшы билчү. Иш арасында иш дегендей, бошой калса эле торун токуй калчу. Анткени гезиттин бир бетинин катасын оңдоого бир сааттай убакыт кетчү. Акырын сүйлөгөн, аялзатына таандык, назик, акылы тунук эки эжекенин тең тамашалуу сөздөрүн угуп, экөөнүн достук мамилесине суктанчубуз. Бири-бирин сыйлап, урматтап турушаар эле. Турмушта ар кандай нерсе болот эмеспи. Гүлүмкан эженин үйүнө борбордон акын-жазуучулар келип калса, “ Кыздар эжекеңер коногун сыйласын, биз көптөшүп окуп коелу” деп күлүп коер эле. Жаштык кез да, бул эженин мынча коногу көп деп тырышып калган күндөрүбүз да болгон. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, эки эжебиз эриш- аркак болуп бир жерде иштеп, ардактуу эс алууга чыгышкан.
Ишибиз баш кошуубузга себеп болгон
Күйөө бала, кайната бир кабинетте отурушат. Тагдырдын тамашасын кара, бири кайната, бири күйөө бала болоорун ким билиптир. “Ленин жолу” гезитинин агитация жана үгүт бөлүмүндө Жумабек Келешбаев бөлүм башчы, Кармышак Ташбаев кабарчы болуп иштейт. Кайнатасы Жумабек Келешбаев менен бир кабинетте отурушат. Болочок кайнатасы Жумабек Келешбаевге сүйлөгөндөн тартынган Кармышак Ташбаев жазган макалаларын столдун үсүнө коюп койчу экен. Акын, журналист болуп таанылып калган Кармышак Ташбаев Гүлүмкан эженин колун сурайт. Аны “Ленин жолу” гезитинин чоң жамааты колдойт. Гүлүмкан эженин аяш атасы Таш Мияшев куда башы болуп, комсомолдук той өткөрүп, ак батасын беришип жаштарга ак жол каалашат. Кармышак агай экөө бактылуу үй-бүлө болушту. 2 уул, 2 кызды тарбиялашты. Эл сыйлаган ырларына Рыспай Абдыкадыров обон салып аткарып, элге сиңгөн акын болду. К.Ташбаев көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун Ош облустук бөлүмүн башкарды. Эмгек жолун “Ленин жолунан” баштаган акын чыгармачылыкты туу туткан, өз ишин мыкты билген, адамгерчилиги жогору, ак эмгекти актайм деген, куулукту билбеген инсан эле, адал иштеп, ак жашап өттү. Кармышак Ташбаевдин чыгармачылыгына шык берген, оорун колдон жеңилин жерден алган жубай болду. Балдардын сыйын көрүп, бактылуу жашашты.
Улуу инсандар түнөгөн үй
Кудай берген өнөрлөрүн кастарлаган, кут даарыган талантка бай, буркан-шаркан болуп ыр окуп, ыр ырдаган улуу акындын акын, обончу достору да көп болду. Карымшак агайдын ырына обон жазган, дайыма чогуу жүргөн сырдаш, сындаш болгон ырдын пири Рыспай Абдыкадыров, Жолон Мамытов, Сооранбай Жусуев, Алымкан Дегенбаева көптөгөн акын-жазуучулар үйүнө байма-бай келип турушчу. Карымшак агайдын сыйлаган акыны Мелис Абакиров, Түмөнбай Байзаков, Асан Жакшылыков дагы бир топ акындар көп келээр эле. Рыспай Абдыкадыров “Сагынуу”, “Махабат сыры”, “Жалбырагым дирилдеп”, “Сүйүүгө” ж.б. көптөгөн ырларына обон жазды. Баса, ошол кезде “Ордендүү Ошум – Мекеним” деген ыры жогорку жактагылардын тапшырмасы менен 3 жолу “Советтик Кыргызстан”, 5 жолу “ Ленин жолу” гезитине жарыяланган.
Карымшак Ташбаевдин көзү өтүп кетсе да экинчи өмүрү ырларында уланып, ыр күйөрмандардын сезиминде али тирүү жашап калат деген үмүтү чоң. Ошол кезде азыркыдай кафелер жок, баары эле агайдын үйүндө отуруп чыгармачылык талкууларын да үйдө талкуулашып, мейман болушчу. Кабагым-кашым дебей Гүлүмкан эже дасторконун жайнатып, таттуу тамактарын жасап, көптөгөн акын-жазуучуларды сыйлады. Чыгармачыл инсандар чогулган жерде ыр-күү жаңырып, өзгөчө бир шаңга айланып кетээри баарыбызга маалым. Мына ошондой жолугушуулардын далайы өтүп, кошо олтуруп жакшы кебин укканы, аларды сыйлаганын дайым эскерип калат. Таланттуу акынга таланттуу жубай жолугуп агайдын канча ырларын электен өткөрүп, айрым ырларын катыра ырдап койчу жагы да бар.
Акындын эмгектери, эженин эрдиктери
Өмүр бою бирге жашаган акындын түгөйүнун түйшүгү көп. Карымшак агайдын эмгектерин, жазган китептерин, кол жазмаларын аздектеп тумардай сактоо, элге жеткирүү да өзүнчө эрдик. Акындын жары болуу түйшүгү да оңой эместиги жасаган ишинен байкалып турат. Кармышак Ташбаевдин 40-50 жыл топтогон баалуу аздектеген китептерин, өзүнүн жазган китептерин, кол жазмаларын топтоп, ирээттештирип китепканада сактоого санаасы санга бөлөндү. Эмне кылуу керек деген ойдун аягына жетпей кыйналган Гүлүмкан эже кийинки муундарга пайдасы тийсин, Кармышак Ташбаевдин эмгеги элге жетсин деген максатта өздүк китепканасын, өзү жазган китептерин Ош шаарындагы өзүнүн аты коюлган (көзү өткөндөн кийин) Карымшак Ташбаев атындагы борборлоштурулган китеп тармагына өткөзүп берди.
Ошондой эле кол жазмаларын Ош шаарындагы партиялык архивге тапшырды. Кыргыз Эл акындары Мелис Абакировго, Меңди Мамазаировага чоң ыраазы. Анткени Бишкектеги “Турар” басмаканасынан К.Ташбаевдин “Тандалмалар” жыйнагынын 1-2- томдугун чыгарууга чоң салым кошушту. Ошондой эле «Рыспай Абдыкадыров», Назим Хикметтин “Адам турпаты” аттуу 3 бөлүктөн турган китебин, прозалар жыйнагын, “Көпүрө” сыяктуу 6 китебин жарыкка чыгарды. Неберелеринин демөөрчүлүгү менен чыгарып, окурмандарга жеткирди. “Өмүр издери” деген китеби басмаканада чыгуу алдында турат. Ал китепте бүт обондуу ырлары камтылган.
Д. Жусупбекова