![Таштемир Мамашов: "Мектепте мыйзамсыз акча чогултууга чекит койгонмун" Таштемир Мамашов: "Мектепте мыйзамсыз акча чогултууга чекит койгонмун"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-07_15-33-23.jpg)
Агартуу айдыңына өмүрүн арнаган Мамашов Таштемир Жээнбаевич Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын уулу. Жогорку билимдүү. ОшТУдан эмгек чийүү мугалими адистигин аяктаган. Кебек Мамаев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен эмгек жолуна багыт алган. Кийин бул мектептин директору болуп иштеген. Андан соң, айыл башчы, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган. Жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. 2017-жылы Сооронбай Жусуев атындагы «Сай-Талаа» орто мектебинин директору болуп эмгектенип келүүдө. Агартуу айдыңына кошкон салымы бааланып, бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.
Кара-Кулжа районунун айтылуу Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө болгон иш сапарыбызда тоо койнунда орун алган билим берүү мекемелерине да кайрылганбыз. Аталган билим уясынын директору Мамашов Таштемир Жээнбаевичке жолугуп, баарлашканбыз. Кыргыз элинин чыгаан акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевдин ысымы ыйгарылган Сай-Талаадагы орто мектептин имараты 1975-жылы курулуп, совхоздун контору болгон. Кийин 1995-жылы мектепке айландырылып, окуучулар билим ала баштаган. Аталган мектеп 180 орунга ылайыкташкан. Учурда 144 окуучу билим алууда. Аталган мектепке Алайкуу жана Кызыл-Жар айыл өкмөттөрүнүн айылдарынан келген окуучулар окушат. Таштемир Жээнбаевич мектепке директор болуп дайындалгандан тартып, мектептин техникалык базасын чыңдоого, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга болгон тажрыйбасын жумшап, бир топ өзгөртүүлөрдү киргизген. Агайдын аркалаган эмгектеринин кээ бирине токтоло турган болсок, окуучулардын коопсуздугун коргоо үчүн 10 жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр менен кеңешип, класстарга видео-көзөмөл орноттурган.
Окуучуларды сергек жашоого үндөө, спортко тартуу максатында курулуп, бирок, бүтпөй турган спорт залды ишке киргизген. Ошондой эле, мектептин балансында турган маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө жетишкен. Бул жумуштар республикалык бюджеттин чектеринде турмушка ашкан. Ал эми башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууда МерсиКО уюму менен иштешип, айыл өкмөт тарабынан мектептин ашканасы долбоордун талаптарына ылайык ремонттон өткөрүлгөн. Учурда бул жумуш өз жемишин берүүдө. Ошондой эле, мектептин жылытуу системасы жаңыдан коюлуп, ишке кирүү алдында турат. Көрктөндүрүү иштери да көңүл сыртында калбай, демөөрчү таап, тосмолорду курдуруп, көчөттөрдү отургузушкан. Мектепке 10 жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр, мектептеги коомдук иштерге колдонуу максатында заманбап колонка жабдыгын алып берген. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен сүйлөшүп, улуттук колориттеги коңгуроо коюлуу алдында турганын айтат Таштемир агай. Тоолор менен тоолуктардын мекени болгон Сай-Талаа айылындагы мектепте 24 мугалим эмгектенет.
![Таштемир Мамашов: "Мектепте мыйзамсыз акча чогултууга чекит койгонмун"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-07_15-33-37-1-1024x576.jpg)
«Кадр маселеси жетиштүү. Мугалимдерибиз кезеги менен курстарга барып, билимдерин өркүндөтүп турушат. Жогорку окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн мугалимдерге талапты катуу коюп келем. Алар өздөрүнүн билимдерин өнүктүрүү менен алектенишет. Билимдерин тереңдетишип, изденип иштешет. Тажрыйбалуу мугалимдердин катары жаш кадрлар менен толукталууда»-дейт Таштемир Жээнбаевич.
Мындагы агартуучулар арасында орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Кожомбердиева Сайкал жана кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалими Кубан Чордонов «КР Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. Быйылкы окуу жылында 9-классты 10 окуучу, ал эми 11-классты 8 окуучу аяктаган. ЖРТнын жыйынтыгында окуучулардын алды 144 балл алып, учурда жогорку окуу жайларында билим алышууда.
«Жылда эле ЖРТ тапшырганда окуучуларыбыз босого баллдан жогору балл алышат. Бүтүрүүчүлөр Ош шаарындагы «Секом» окуу борборуна барып, кошумча даярдыктан өтүшөт. Биздин мугалимдер да тереңдетип үйрөтүүгө болгон аракеттерин жумшашат. Ал эми «Алтын сертификат» жана «Алтын тамга» алуу үчүн окуучуларыбызды катуу даярдап жатабыз. Алдыдагы жылдарда бул ийгиликтерге жетебиз деген үмүтүбүз чоң», -дейт директор.
Мектепте мыйзамсыз акча чогултуу маселесине чекит коюлган.
«Мен директор болуп келгенден тарта акча чогултуу маселесин токтотконмун. Алты жылдан бери бир тыйын да топтолбойт. Муну катуу көзөмөлдөйм. Бул сөзүмдү ата-энелер тастыктап беришет» — дейт Таштемир агай.
Учурда аталган билим уясы жаңы окуу жылын жакшы маанай менен баштап, окуучуларга билим берүү менен алектенишүүдө. Мындагы агартуучуларга ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Н.ӨМҮРЗА КОВА . Ош–Сай-Талаа–Ош