![Чек арадагы атышууда жарадар болгон Шарипов Бишкек шаарынан батирлүү болду Чек арадагы атышууда жарадар болгон Шарипов Бишкек шаарынан батирлүү болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/5195f0ee-b7dd-4099-a385-2a514ee23dc4.jpg)
Бүгүн, 2023-жылдын 19-сентябрында, Министрлер Кабинетинин орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган, чек ара кызматкери Шарипов Дастан Абдрасуловичке Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.
Ошондой эле Ташиев согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгилеп, согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Д.Шарипов 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында кан төгүү менен коштолгон окуя жүз берген. Анда Кыргызстан 63 жаранынан айрылып, 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Ошол жылдын 20-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар»,-деп билдирген.