![Изденүү коштогон өмүр Изденүү коштогон өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-14_15-13-45.jpg)
Азыркы учурда Ош шаарында жашап жаткан скульпторлор колдун манжасы менен эле саналат. Алардын ичинен маркум Токтобай Жумагулов абдан күчтүү болчу. Азыр көзгө урунгандары Акмат Кожобаев менен Сүйүн Ураимов экөө. Биз билгенден Акматтын жөнөкөй, жупуну, бир аз тартынчаак мүнөзү бар. Башкаларга окшоп жасаган ишин даўазалап, көкүрөгүн койгулап мактанбады. Акчанын, сыйлыктын артынан деле сая түшүп кууган жок. Тек, өмүрүн изденүү менен өткөрүп, мына ошондон шыктануу, канааттануу, топук алган чыгармачыл адам.
Акмат Кожобаев Манастын 1000 жылдыгына карата уюштурулган чыгармачыл топтун мүчөсү катары үч кабаттуу боз үйдүн айлана-тегерегине коюлган скульптуралык эмгектерди жасоого катышкан. Ал жасаган “Тогузжолдун тоому” деп аталган композициядагы Манастын 4 жоокеринин айкели, жерди көтөрүп турган букалар боз үйдүн алдына коюлган. Калыстар тарабынан 3 кабаттуу боз үйдү жасаган усталарга, анын айлана-тегерегин тематикалык экспонаттар, көргөзмөлөр менен толуктоого катышкан чыгармачылык жамаатка Гран-при ыйгарылып, Акмат Кожобаевдин дарегине абдан жылуу пикирлер айтылган.
![Изденүү коштогон өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-14_15-15-38-767x1024.jpg)
Анын айтуусунда мазмуну жана функциялары боюнча скульптуралар монументалдык жана декоративдик болуп бөлүнөт. Монументалдык скульптуралар белгилүү архитектуралык мейкиндикке жана табигый чөйрөгө арналган. Алар жалпы көрүүчүлөр үчүн иштелип чыгып, адатта аянттарга, көчөлөргө жана парктарга жайгаштырылат.
Акмат Кожобаевдин чыгармачыл ой-толгоосунан жаралган Барпы акындын айкели Жалал-Абад шаарында орнотулган. Чөйчөк кармап турган эненин эстелиги Ош шаарындагы Токтогул паркында тургузулган. Ал 2010-2011-жылдын аралыгында Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү орун алган “Кыргыз көчү” архитектуралык-монументалдык комплексиндеги “Чыгыш дарбазасы“ декоративдик композициясынын алгачкы үч авторлорунун бири болгон. Аталган декоративдик композициядагы кабыландар анын эмгеги. Бул жерде белгилеп өтүүчү нерсе, чыгармачылык жамаат курсактарынын ач-тогуна, күндүн ысык-суугуна карабай мекенчилдик сезим менен биргелешип эмгектенишкен. Архитектуралык-монументалдык комплекстин аягы кеч күзгө калып, бир тобу 1-2 айдан ооруканага жатып чыгышкан…
2016-жылы Ош шаарынан барган чыгармачыл топ Кара-Кулжа районуна кире бериштеги дарбазада орун алган скульптуралык ансамблде көөкөр көтөргөн эненин образын чагылдырган композицияны жараткан. Ал жерде турган кара кулжалар Акматтын колунан жасалган. Өзгөн шаарына кире берген жерге орнотулган Манастын эстелигинин айланасындагы үч кабылан, анын артындагы таш дубалдагы кыргыз көчүн чагылдырган мозаикалык композиция Акмат Кожобаевдин чыгармасы. Ал жерде графикалык контурдук татаал иштер аткарылган. Аны түшүнгөн, баалаган адамдар бул композициянын артында чыныгы чыгармачылык эмгек экендигин ачык айтышат. Биз жолугуп, аны маекке тартканбыз.
— Чыгармачылыл адамга иш түгөбөйт эмеспи. Алдыда кандай пландар бар, кандай жумуштардыаткарасыздар?
— Өзгөн шаарынын мэриясы таш дубалдын аягына чейин Өзгөн-жибек жолунун боюнда орун алган байыркы калаа экендигин чагылдырган Рим жана Флоренция стилиндеги мозаикалык композицияны жасап берүүнү сунуштап жатат. Буюрса, ошол жумушту жасайлы деп турабыз. Мындан тышкары, Өзгөндөгү мунарага кеткен жолдун алдында 50 чарчы метр жай бар экен. Ошонун бетине Өзгөн жибек жолундагы тарыхый шаар экендигин далилдеген композицияны мозаика менен жасалгалап бересиңер деп жатышат. Ошондой эле Куршаб айылына кире бериштеги дарбазанын эскизи даяр. Акча каражаты табылса эле, баштаганы турабыз.
![Изденүү коштогон өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-14_15-15-33-1-768x1024.jpg)
— Бул жерде акча тууралуу айтып калдыңыз. Сиздердин эмгек акыңыздар эмненин негизинде төлөнөт?
— Бизде Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу тарабынан 2013-жылы бекитилген жободо аныкталган тариф, баа бар. Буюртманы, эмгек акыны ошонун негизинде алабыз. Бул жерде моделдерди түзүү, форэскиз, эскиз, композиция, концепция ж.б. ушул сыяктуулар эске алынат.
— Маркум Ашыр Маразыков 2008-жылы октябрь айында Нура айылында болгон жер титирөө кырсыгына арналган Умай эненин монументалдык композициясын тургузуу идеясын көтөрүп чыккан эле. Бирок, аны аягына чыгаруу жумушун сизге тапшырган. Ошол монументалдык композициянын кийинки тагдыры эмне болгон?
— Алай районунун Нура айылында болгон жер титирөө жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, жүрөктү титиреткен окуя болгон. Ошол кайгылуу окуяга арналган эстеликти тургузуу идеясы Маркум Ашыр Маразыковдуку болгон. Бирок, ал жер деңиз деңгээлинен өтө бийик болгондуктан, Ашыр акенин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып кеткендиктен аны мен аягына чыгарганмын. Ага Нура эли күбө. Бирок, ошол эстелик убакыт өткөн сайын бузулуп баратат. Көрүп келгендер Нурадагы жер титирөөдөн каза болгондордун жаркын эстелигине арналып тургузулган узундугу 7 метр болгон “Умай эне” аттуу эстеликтин бетине жабыштырылган плиталар түшөбаштагандыгын, алгачкы көркүнөн ажырап бара жаткандыгын айтып келишти. Менин оюмча, жергиликтүү айыл өкмөт, Алай районунун жетекчилиги бул маселеге олуттуу мамиле жасап, андан жыйынтык чыгарат деген ишенимдемин.
![Изденүү коштогон өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-14_15-15-50-768x1024.jpg)
— Азыркы учурда КР Сүрөтчүлөр союзунун Оштогу филиалынын абалы кандай?
— Ачыгын айтсак, анчейин жакшы деп айтканга болбойт. Сүрөтчүлөргө көрүлгөн камкордук өз деңгээлинде эмес. Ар бирибиз өз казаныбызда өзүбүз эле кайнап жатабыз. Мен ойлойм, скульптура – искусствонун түбөлүктүү бөлүгү. Кудай буюрса, мамлекет оңолуп кетсе, эл да бутуна турат, байыйт. Анан үмүтүбүз бар, мамлекеттик буюртмалар көбөйүп, ишибиздин көлөмү чоңойот.
Материалды даярдаган: Т.АБДЫРАЗАКОВ