![Кышында электр жарыгы өчпөйбү? Кышында электр жарыгы өчпөйбү?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/jelektr-jenergijasy22.jpg)
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда энергетикалык абал боюнча көп сөз болууда. Энергетика тармагындагы жана тиешелүү тармактардан алынган маалыматтар боюнча быйылкы суунун тартыштыгы энергетикалык камсыздоо жаатында маселе жаратаары айтылууда. Бирок, энергетикадагы абал боюнча айрым маалыматтар бири-бирине дал келбей калган учурлар да кездешүүдө. Буга чейин КР энергетика министри Таалайбек Ибраев кышында электр энергияны берүүдө маселе болбойт деп билдирген. Бирок, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров соцтармаккка берген маалыматында кыш оор болоорун айтты. Ал энергетикадагы абалды жөнгө салуу үчүн жарандарды дагы үч жыл чыдоого чакырды. Кантсе да өлкөдө кырдаалдан чыгуунун чаралары каралып жатканы маалым.
КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында болгон маалымат жыйында быйылкы кышта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой турганын билдирди. Бирок, эгер, калктын электр энергиясын колдонуусу көбөйүп кетсе, көмөкчордондор менен чубалгылардагы чыңалууну азайтуу үчүн эртели-кеч 1-2 сааттан өчүрүү мажбурлугу болоорун билдирди.
Ал эми “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков басма сөз жыйынында электр энергиясы менен жылытылган көп кабаттуу үйлөрдү элекр энергиясы менен жылытууга тыюу болбой турганын билдирди. Себеби, башка жылытуучу түйүн жок, бул көп кабаттуу үйлөр борбордук жылытууга жана газ менен жылытууга туташкан эмес. Башкы директор калк электр плиталары, лампочка, кир жуугуч машина, муздаткычты бир эле убакта пайдалана алат деп билдирди.
![Кышында электр жарыгы өчпөйбү?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1794609.d1c5d9442c30a2f4928803cc495579e9.500.jpg)
“5 КВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Эч ким 10 КВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Анткени биздеги бир фазалуу линиялар 5 КВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары күйүп кетет. Союз убагында саатына 3 КВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 КВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлардын техникалык шарттары бар, ошого жараша колдонушат, аларды эч ким чектей албайт. Анткени анын колунда документ турат.Кышында чектөөлөр болбойт, эң көп колдонулган учурда гана ошол көмөк чордондо чыңалуу өсүп кетсе, аны башка фидерге которуу үчүн 1,5-2 саатка өчүрүлөт. Бул жөнгө салуучу чара. Биз жашырбайбыз, былтыр да ошондой кылганбыз. Биз, эгер, антпесек, ошол көчөдөгү трансформатор өчөт дагы, аны кайра кошуп, жаңылатканга 3-4 күн керек болуп калат. Биз ошол убакыттан өтүп кетишибиз керек. 1,5-2 сааттын ичинде эч ким үшүп калбайт”, — деп белгиледи Энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Ал эми үч фазалуу абоненттер чарбалык керектөөгө 10 КВт/саат жана жылытууга 7 КВт/саат электр энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Бирок, алар дагы электр көп колдонулган эрте мененки жана кечки мезгилдерде керектөөсүн өзү чектөөгө милдеттүү болот. Антпесе, энергетиктер анын уруксат кагазын жокко чыгарат же тартиптик чара көрөт. Жакында энергетика министрлиги күз-кыш мезгилинде калкка электр энергияны 5 КВт/сааттык чектөө киргизилип, үйдү жылытууда электр мештерин колдонууга тыюу салынарын билдирген. Бул эл арасында кызуу талкууну жаратууда.
Ош областы боюнча электр жарыгы менен камсыздоо кышында кандай болот, өчүрүүлөр болбойбу деген сурообузга Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын башчысы Э.Сманов жооп берди. Анын айтымында бул боюнча “Кыргызстан Улуттук электр тармактары” мекемесинен кышында электр жарыгын өчүрүү боюнча эч кандай көрсөтмө келип түшкөн жок. Мурункудай “веердик” узак сааттуу өчүрүүлөр болбойт. Жагдайга жараша эртең менен жана кечки убакта электр энергиясын пайдаланууда чыңалуу өсүп кетсе 1 же 2 саатка гана өчүрүү болушу мүмкүн. Кышка карата даярдык иштери өз деңгээлинде жана аяктоо алдында турат.
Азыркы күндө Кыргызстанда жети ири гидроэлектрстанциялары иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы ГЭСтери. Аталган ГЭСтер өлкөдөгү электр энергиясынын 86%на жакынын өндүрөт. КР Энергетика министри учурдагы каатчылыкты жалпы тармактагы эмес, электр энергиясын өндүрүүдөгү таңкыстык деп атады. Мекеме мындай каатчылыктан чыгуу үчүн алдыдагы үч жыл ичинде бир катар ири ГЭСтерди куруп, жетишпей жаткан 3 млрд.КВт/саттан ашуун жарыкты өндүрүүнү жана 2027-жылдан тарта экспортко чыгуу тууралуу маалымдаган.
Ал эми КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, жогоруда айтканыбыздай, энергетикадагы абал боюнча билдирүү жасап, быйыл абал оор болорун эскертти. Ал кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын болушунча үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
![Кышында электр жарыгы өчпөйбү?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/20575_1636469632_lg-1024x576.jpg)
“Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыкты өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак. Эгер, электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек. ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Орусиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок, кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем”, — деп жазды Акылбек Жапаров.
Өкмөт башчы кайрылуусунда жакынкы жылдары курула турган энергетикалык кубаттуулуктар боюнча бир кыйла оптимисттик маалымат берген. Ага ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын соңуна чейин жалпысынан 4ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 ГЭС жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат. Мындан тышкары, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 курулуп бүтсө, экөө биригип 2 ГВттан ашуун электр энергиясын өндүрө баштайт.
Акылбек Жапаров кайрылуусунда мурунку президенттердин кышында коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын накталай акчага сатып алуу тажрыйбасын азыркы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын пайдасына өзгөрткөнүн белгилеген. Анын сөзүнө ылайык, жайында Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн агызган суудан электр энергиясы өндүрүлүп, ал кышында карызга алган жарыкка алмаштырылып жатат. Быйылкы жылдын 11-сентябрына карата Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд. 400 млн. кубдан бир аз ашат.
![Кышында электр жарыгы өчпөйбү?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/elektroenergiya-1140x630-2-1024x566.jpg)
2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд. кубга көп болгон. Суунун аздыгынан улам Президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Көп өтпөй энерготармакта абал туруктуу экенин, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.
Энергетика тармагындагы эксперттер кырдаал оор экенин элге ачык айтып, абалды түшүндүрүү керек экенин белгилешет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылы энергетикалык станциялар 13,9 млрд КВт/саат электр энергиясы өндүргөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3% аз. Ал эми калктын керектөөсү 16,1 млрд КВт болгон, жетпеген 3 млрд. КВттан ашуун кубаттуулук Түркмөнстан менен Казакстандан сатып алынган. Статистикалык маалыматтар өткөн жылы электр жарыгынын жалпы коромжусу 17% болгонун көрсөтөт. Бул болжол менен 2,4 млрд кВт/саат, анын 95,2% техникалык жоготууларга туура келет.
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы статистикалык маалыматтарды карай турган болсок, Кыргызстан жалпысынан 2,1 млрд. КВт же былтыркы жылдын алты айына караганда 32% көп электр энергиясын импорттоду. Анын 48% Түркмөнстандан, 32% Казакстандан, 13% Орусиядан жана 7% Өзбекстандан алынган. Мынча көлөмдөгү кубаттуулукту сатып алууга 57 млн. доллардан ашуун каражат сарпталган.
КР Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айларында энергетика тармагына 24 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын ичинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө берилген каражат 4,3 млрд. сомду түзөт.
![Кышында электр жарыгы өчпөйбү?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/a849ca0f-23fb-4ab5-be33-0d825e111ffd_w1080_h608-1024x576.jpg)
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, аталган министрликте КРнын тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана Энергетика министрлигине караштуу мекемелердин жана энергокомпаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жакында алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча онлайн форматында жыйын өткөн.
Жыйында министрдин орун басары Талайбек Байгазиев күз-кыш мезгилине карата министрликтин жүргүзүп жаткан иштери, электр энергиясын импорттоо үчүн башка мамлекеттер менен түзүлгөн келишим, суунун аздыгы, Бишкек ЖЭБге көмүр ташуу иштери, өзүбүздүн калк көмүр менен толук камсыз болгонго чейин, сыртка көмүр экспорттолбой тургандыгы тууралуу маалымат берген.
Бул жыйында мектеп, бала бакчаларды көмүргө өткөрүү керектиги айтылган. Себеби, электр энергиясын үнөмдөө керек. Мындан тышкары, электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн кошумча резервдик жабдууларды даярдоо тапшырмасы коюлду.Ошондой эле жыйындын катышуучулары күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан иш чаралар боюнча отчет беришип, бардыгы графиктин негизинде аткарылып жатканын жана электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, кышка даярдык 1-октябрга чейин аяктаарын билдиришкен. Айрымдары социалдык обьектилерди жылуулук менен камсыздоо боюнча анчамынча көйгөй бар экенин айтып, Энергетика министрлигине чечип берүүнү өтүнүштү.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө ремонттук иштерди аткаруу жагынан өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган тийиштүү кызматкерлерге министрлик тарабынан чара көрүлүп, эскертүү берилди. Ошондой эле министрдин орун басары энергетика тармагындагы “Өзгөчө кырдаал” режиминин алкагында аткарыла турган иштер боюнча жергиликтүү бийликтерге, тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
![Кышында электр жарыгы өчпөйбү?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/2022-02-18_12-26-59_794157.jpg)
Белгилей кетсек, КР МинКабда жакында, 11-сентябрда болуп өткөн жыйындагы айтылган маалыматка караганда, калктын керектөөсүнө жылытуу мезгилинде 1,2 млн. тонна кара отун зарыл. Республика боюнча көмүр сатыла турган 549 база ачылмакчы. Кыргызстанда автожол аркылуу сыртка көмүр ташып чыгып экспорттоого жарым жылга убактылуу тыюу салынганы кабарланган. Мындай чектөөнүн “Эркеч-Там” жана “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пункттарына жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экени белгиленген. Кышында калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүрү жетишсиз болсо же анын баасы жогорулап кетсе президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөт башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлөөрү айтылган. Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык.
Даярдаган: К.Кыдыралиева