![Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиги Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиги](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/terrorizm_1.jpg)
Гезитибиздин бул санында окурмандар үчүн терроризмди финансылоо, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо тобокелдиктерин алдын алуу маалыматтары менен бөлүшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Усоналиева Жылдыз Жолдошевнага суроолор менен кайрылып, маалыматтарды алдык.
— Жылдыз Жолдошевна, сөз башында айтсаңыз, тобокелдик жана террористик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиги деген эмне, ушулар боюнча түшүнүк берсеңиз?
— Тобокелдик – бул банктын өз ресурстарынын бөлүгүн жоготуу, кирешени толугу менен албай калуу же кошумча чыгашаларга учуроо ыктымалдуулугу. Тобокелдик банктын ар кандай операцияларында кездешет, мында анын өлчөмү ар кандай масштабда болушу мүмкүн жана ар түрдүүчө компенсацияланат. Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги — банк, анын кардарлары жана өнөктөштөрү мындай ишке байланыштуу процесстерге тартылышынан улам террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын, эрежелерди же стандарттарды бузууга жол берүүнүн натыйжасында банк дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги. Акчаны адалдоо (изин жашыруу) ар бир өлкөнүн экономикасына чоң, зыян келтирет, анткени анын экономикалык өсүшүнө жолтоо болот. Акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо айрым банктардын ишин артка тартышы мүмкүн жана бул эки көрүнүш тең тигил же бул өлкөнүн бүтүндөй финансы секторунун кадыр-баркына коркунуч келтирет. Акчанын изин жашырууга каршы аракеттенүү, кылмыштын натыйжасында алынган кирешелерди андан ары пайдалануу менен күрөшүүнү жана бул кылмыштарды аныктоо жана аларды жасаган адамдарды жазалоо үчүн кошумча механизмдерди түзүүнү камтыйт. Террористтик ишмердүүлүктү жана терроризмди каржылоо дагы улуттук жана эл аралык экономикага таасирин тийгизет. Акчанын изин жашыруу менен алектенген адамдар сыяктуу эле, террористтер да өз кирешелерин ар кандай мыйзамсыз жолдор менен алышат: товарлардын контрабандасы, адам уурдоо, опузалоо, баңги заттарын сатуу ж.б. Ушундай жол менен алынган каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу үчүн аларга финансылык инфраструктура да керек.
Көзөмөлдөө жана жөнгө салуу органдарынын негизги милдеттеринин бири финансы системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Колдо болгон бардык инструменттерди колдонуп, алар финансы институттары криминалдык чөйрөлөрдүн көзөмөлүнө түшүп жана кылмыш кылуу максатында колдонулбашы үчүн тыкыр көзөмөлгө алышат.
— Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо, кылмыштуу иш-аракеттерди легалдаштыруу тобокелдиктерине байланыштуу кесепеттер жөнүндө да кошумчалай кетсеңиз?
![Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиги](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/bez-nazvanija.jpg)
-Мыйзамсыз операцияларга тигил же бул жол менен катышкан финансы институттары дуушар болушу мүмкүн болгон кесепеттер, жалпылап айтканда төмөнкүлөргө бөлүнөт:
• аброй жоготуу тобокелдиги – бул негизинен банктын туруктуу депозиттик базаны камсыз кылган жана ишенимдүү кредит алуучу болуп калган кардарлар, ага болгон ишенимин жоготуп, башка банктарга өтүп кетиши;
• операциялык тобокелдик – мында акчанын изин жашыруу жана терроризмди каржылоо финансы мекемесиндеги ички процесстерге жана анын башка банктар менен болгон мамилесине терс таасирин тийгизет, ошондой эле операциялык чыгымдардын жана каражаттарды чогултуу чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келет;
•укуктук тобокелдик – соттук териштирүүлөр, жагымсыз соттук чечимдердин болуусу, айып пул салуу жана башка санкциялар, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу жана финансы мекемесинин жетекчилигин иштен четтетүү коркунучунун пайда болуусу (айрым учурларда банк секторунда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу ж.б.).
— Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо, кылмыштуу иш-аракеттердин легалдаштыруу тобокелдиги бөлүгүндө тобокелдикти аныктоого багытталган мамиле деген эмне?
-Тобокелдикти аныктоого багытталган мамиле – келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чаралардыкүчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу дегендик.
Финансылык мекемелер төмөнкүлөргөмилдеттүү:
1) иш процессинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге мамлекеттик деңгээлде баа берүү жыйынтыгын жана олуттуу, төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен аларды аныктоо, баа берүү, документтерде каттоо, туруктуу негизде жаңыртып туруу;
2) аныкталган тобокелдиктер боюнча маалыматтарды Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте сунуштоо;
3) таасири күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле тобокелдиктерди контролдоо, аларды тескөөгө алуу жана басаңдатуу жол-жоболорун иштеп чыгып, колдонуу. Банк кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган мамилени колдонуу менен текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот.
Банк тобокелдик критерийлерин (жогору жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн кеминде кардардын ишмердүүлүгүнүн түрүн, кардардын жана/же анын бизнесинин жайгашкан (катталган) жерин, ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багыттарын эске алышы зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери белгиленип, финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланууга тийиш. Банктар орточо тобокелдик критерийлерин иштеп чыгып, колдонушу мүмкүн.
Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде банк кардардын террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) мүмкүндүгү тобокелдигинин деңгээлине баа берет жана ал кардардын анкетасында чагылдырылат.
![Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиги](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/images.jpg)
Банк террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), ошондой эле күмөн жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролду орнотууга тийиш.
Тобокелдикке багытталган мамиленин маңызы – бул кандай чөйрө болбосун тобокелдиктерди азайтуудан турат: олуттуу тобокелдик зоналарында контролдоо күчөп, ал эми кыйла коопсуз зоналарда төмөндөөдө же жокко эсе. Бул зарыл болгон учурда керектүү чараларды көрүүгө жана ресурстарды кыйла үнөмдөөгө, туура бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Акчанын изин жашыруу тобокелдигинин жогорулашы менен катуу көзөмөл талап кылынат. Бирок, тобокелдиктин бардык категориялары, төмөн, орто же олуттуу болобу, тиешелүү инструменттер менен аныкталып, төмөндөтүлүшү зарыл.
«Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
Финансылык чалгындоо органынын негизги милдеттери болуп шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарды чогултуу (алуу) жана сактоо, шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам талдоо жүргүзүү, ыкчам же стратегиялык талдоонун натыйжалары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдоо жана аларды өз демилгеси же суроо-талап боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберүү, максаттуу финансылык санкцияларды жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу боюнча чараларды колдонуу жана башка милдеттер саналат. Өз кезегинде, «Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесине ылайык, финансылык мекемелер (анын ичинде КРнын коммерциялык банктары) өз кардарлары менен иштөөнүн жүрүшүндө шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү түзүшөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүшөт.
Ошондой эле Улуттук банк жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тиешелүү чараларды көрүү үчүн коммерциялык банктардын ишиндеги мыйзам бузууларды аныктоо жаатында тыгыз кызматташып жатканын белгилей кетүү зарыл.
Көмүскө экономиканын өсүшү, кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу, ошондой эле терроризмди каржылоо азыркы коомдун негизги коркунучу жана чакырыгы болуп саналат. Мамлекеттин жана ар бир өлкөнүн банктык көзөмөл органдарынын негизги милдети – банк системасы акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо үчүн колдонулбашы үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасоо. Кыйын мезгилде бул милдеттердин маанилүүлүгү артууда.
Маектешкен: К.Кыдыралиева