Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык мушкер Алекса Грассо менен үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазышууда.
Маалыматка караганда, Шевченко Грассо менен үчүнчү беттешти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө өткөрүүнү сунуштаган.
«Менин оюмча, Грассо менен үчүнчү беттешти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө өткөрүү адилеттүү болмок. Бул акылдуу чечим болмок. Грассо титулун Мексиканын Эгемендүүлүк күнүндө сактап калды. Эгер UFC Кыргызстанга барууну кааласа, аларга жардам беришет. Өлкөнүн өкмөтү жардам бермек»,-деген В. Шевченко.
Валентина менен Грассонун беттеши. Сүрөт Интернеттен алынды.
17-сентябрь күнү UFC Fight Night 227 мелдешинин алкагында Валентина Шевченко мексикалык мушкер менен экинчи ирет беттешин өткөрүп, тең чыккан. Ага чейинки биринчи беттеште Шевченко Грассого жеңилип, чемпиондук курун тартырып жиберген.