![Аида Капарова: "Капчыгайга фитнес-клуб ачуу максатым бар" Аида Капарова: "Капчыгайга фитнес-клуб ачуу максатым бар"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/img_0071-scaled.jpg)
Дарыгер айым Капарова Аида Анарбаевна Ноокаттын кызы. Борбор калаадагы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетинде билим алып, акушер-гинеколог дарыгери адистигине ээ болгон. Ош облустук төрөт үйүндө интернатураны өтөп, Ош шаарындагы № 5 поликлиникада дарыгер болуп иштөө менен эмгек жолуна багыт алган. 2016-жылдан бери Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылындагы № 12 Капчыгай ҮБДТнун жетекчиси кызматында иштеп келүүдө. Өмүр сакчысынын калк саламаттыгына арнаган эмгеги бааланып «Кара-Кулжа районунун мыкты дарыгери» номинациясына арзыган. Бир топ Ардак грамоталардын ээси. Үй-бүлөлүү. Өмүрлүк жолдошу Медербек Пазылов да жогору билимдүү стоматолог-дарыгери. Дарыгер жубайлар учурда Капчыгай элинин саламаттыгына кам көрүп, кызмат кылып келишүүдө. Дарыгерлерден куралган үй-бүлөнүн төрт перзенти бар. Уулу жана кызы жогорку билимдүү болушса, калган эки перзенти бактылуу балалыктын доорунда бой жетишүүдө.
Кара-Кулжа райондук жалпы дарыгерлер практика борборуна караштуу алыскы Капчыгай айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылындагы № 12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барганбыз. Мындагы ак халатчандардын аркалаган эмгектери, тоо элинин саламаттыгы туурасында аталган мекеменин жетекчиси Аида Анарбаевна менен жеринде маектешип кайтканбыз.
— Аида Анарбаевна айтсаңыз, дарыгерлик кесипти тандап алууңузга эмне түрткү болгон?
— Туура айтасыз. Ар бир адам өз кесибин туура тандоосу аркылуу калкка кызмат өтөп келет. Менин да бул кесипти тандап алуума апам себепчи болгон десем болот. Анткени апам акушер-медайым. Көп жыл ооруканада иштеп, тажрыйбасы мол кызматкер. Өзү орто билимдүү болгондуктан, мени жогорку билимдүү дарыгер болушуң керек, болгондо да акушергинеколог дарыгери бол кызым деп көп айтып жүрдү. Кийин мектепти аяктап, Бишкектеги медициналык академияга тапшырып, өз күчүм менен окуу жайга өткөнмүн. Окууна да жакшы аяктап, дарыгер болдум десем болот.
— Капчыгайга келип иштеп калууңуздун себептери кызыктырууда?
— Жолдошум Медербек Пазылов да дарыгер. Экөөбүз борбордо медициналык академияда чогуу окуганбыз. Ал стоматология факультетинде, а мен дарылоо факультетинде билим алганбыз. Ал жакта жүрүп таанышып, кийин баш кошконбуз. Ошко келип шаарда жашап, иштеп жүрдүк. Кийин жолдошум жалгыз уул болгондуктан, анын туулуп-өскөн айылына көчүп келдик. Келгенде бул жака дарыгер керек экен дешип, анан ишке кирип калдык.
— Сиз бул жака жетекчи болуп келгенден берки өзгөрүүлөргө токтолсоңуз?
— Жакшы суроо болду. Албетте, көп кыйынчылыктардын артынан көп ийгиликтерди жараттык. Себеби, бул жер убагында чоң оорукана болгон экен. Төрөт бөлүмү да иштеп турган. Кийин күндүзгү стационарга айландырылган. Учурда эки койка менен кызмат көрсөтүп келүүдөбүз. Чындыгында биринчи келгенимде имарат өтө эски абалда болуп, чатырынан суу агып, жада калса кол жууганга шарттын жоктугуна кейидим. Анан жолдошума айтып, бул жер калктын саламаттыгы үчүн күрөшкөн мекеме болсо, иштөөгө шарттын жоктугу кандай болсун деп, ыйлактап жүрдүм. Жолдошум өзү врач болгондуктан баарын туура түшүнүп, өзү көмөктөшүп, айыл өкмөт тарабынан да колдоолор берилип, оорукананын ичине санузел тарттырдык. Ысык, муздак суу киргизип, кол жуучу раковина, аристон койдуруп, жуунучу бөлмө, тазалык каанасын да даярдап алдык. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен имаратыбыздын чатырын жаңылап жаптырдык. Иштөөгө шартты жакшырткан соң, физкабинет ачууга аракет көрдүм. Азыр шүгүр, физкабинетибизде ингаляция, куф сыяктуу бардык жабдыктар бар. Укалоо бөлмөсүн да ачканмын. Ал жерден бейтаптар массаж алып турушат. Өзүм УЗИ аппаратын иштетүүгө кызыгып жүрүп, аны да үйрөнүп, окуп келдим. Райондук оорканадан УЗИ аппараты берилип, азыр ошону иштетип келем. Алгачкы жардам берүүгө, айрыкча кош бойлуу аялдардын ден-соолугун көзөмөлдөөгө пайдаланып турабыз. Бул жерде тез жардам унаасы жок болгондуктан, райондук ооруканага кайрылып, эски болсо да тез жардам унаасын алдык. Аны азыр чакырууларга, бейтаптарды райондук ооруканага жеткирүүгө пайдаланабыз. Биздин мекеме райондон бир топ чакырым алыстыкта жайгашкандыктан кээде жаратылыш кырсыктарынан улам кыш-күз мезгилдеринде жолдун жабылып калган учурлары байма-бай кездешип турат. Кандай учур болбосун бизге кайрылган бейтаптарды анализ тапшырууга районго жиберүүгө туура келчү. Канча чакырым алыстыкка барып кыйналышчуу. Ошондуктан жүгүрүп жүрүп өзүбүзгө лаборатория ачтырдым, азыр иштеп атат. Өзүбүздөн эле анализдер алынып, жыйынтыгына жараша дарылап келүүдөбүз. Анан да ааламды каптаган ковид учурунда пневмония, ковид болгон бейтаптарды дарыладык. Обсервация ачылып, күн-түн үйдүн бетин көрбөй иштедик. Шүгүр, бардык бейтаптар сакайып, үйлөрүнө кайтышты. Ошол убакытта бул жактын элинин ынтымактуулугун байкадым. Жапырт колдоого алышып, 8 даана дем алдыруучу кислород аппаратын алып беришти. Анын пайдасы аябай тийди. Анан ал кездеги топтолгон каражаттын ашканына имаратыбыздын сыртын темир тосмо менен тостуруп, темир эшик койдуруп, мекмебиздин сырткы көрүнүшүн оңдоп алдык.
![Аида Капарова: "Капчыгайга фитнес-клуб ачуу максатым бар"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/img_0083-1024x683.jpg)
— Сиздерде кадр маселеси кандай?
— Чындыгында бизде дарыгерлер жетишсиз. Беш, алты дарыгер болсо жакшы болмок. Мен акушер-гинеколог дарыгери болгондуктан, бир эле тармакта иштегенмин да. Бул жака келгенде үй-бүлөлүк дарыгер болууга атайын курста окуп келгеним. Учурда 12 кызматкер иштейбиз. Бизге караштуу алыскы айылдарда эки ФАП бар. Бизге медайымдарды да жумушка тартуу зарыл. Бирок, бизде шарттын катаалдыгынан жаштардын келүүсү кыйын экен. Өзүм медициналык окуу жайларга барып, андагы практикага бөлүнүүчү студенттерди биздин мекемеге алып келип, практика өтөөлөрү үчүн шарттарды жаратсамбы деп жүрөм. Аны да мезгил көрсөтөөр. Биздеги ак халатчандар баары тажрыйбалуу. Кезеги менен барыбыз билимдерибизди өркүндөтүп, курстарга барып окуп турабыз.
— Капчыгай калкынын саламаттыгына кайрылсак?
— Бизде аба таза. Жаратылыш кооз. Ошондуктан да шүгүр, оорунун көп түрү катталбайт. Бирок, кан басымдын жогорулашы жашарып барууда. Ал бейтаптарды тыкыр көзөмөлгө алып турабыз. Дары-дармектербизге катуу көзөмөл жүргүзүп келем. Себеби, дарысыз оорулууну айыктыруу мүмкүн эмес. Дарыканабыз бар. Бир жумада бир анализ жүргүзүп, жетишсиз дарыларды толуктаттырып турам. Себеби, оору айттырбай келет да, биз баарына даяр турушубуз керек. Кээде жетишсиз дарыларды жанымдан болсо да сатып алып, толуктатып коем. Бул маселе биз үчүн өтө назик. Анан кош бойлуу энелердин ден-соолугун көзөмөлдөп, аларды учетко алып, төрөт картасын ачабыз. Кош бойлуу энелер бизге кезеги менен медициналык кароодон өтүп турушат. Медайымдарыбыз алардан тынымсыз кабар алышат. Мурда бул жерде эле төрөт кабыл алчуубуз да. Азыр мыйзам боюнча түйүлдүк 36 апталык болгондо эле, шаарга же районго жебиребиз. Ал жактан көз жарып келишкен соң, өзүбүз кайра көзөмөлдөп турабыз. Мен иштеген жылдардан бери эне-баланын өлүмү катталбады, катталбай эле койсун ылайым. Чындыгында өзүм аялдар дарыгери болгондуктан бир эле гинекология тармагын карабастан, жалпы оорулууларды кабыл алам. Алгачкы жардамдарды беребиз. Азыр көнүп, көп нерсени үйрөнүп калдым. Бирок, жаш балдардын саламаттыгын кароодо бары бир чоочулап турам. Ошого ооруган балдарын эки-үч күн ооруканага алып келбей үйдө караган ата-энелерге катуу эскертүү берип келем. Себеби, жаш баланын оорусу эки-үч күндө эле тез өөрчүп кетет. Аны алдын алуу үчүн бизге бала ооруган мезгилде кайрылуулары зарыл. Азыр ата-энелер аны жакшы түшүнүп, балдардын дароо бизге алып келгенге көнүп калышты. Бул маселеге өтө аяр карагандыгыманбы мени азыр айылда «Аида урушат» деп, балдарын бизге алып келишет, (жылмайып).
— Аида айым, айтсаңыз, Сиздердин аймакта эмдөөдөн баш тарткандар жокпу?
— Мен бул жерге ишке келгенде чындыгында, баш тарткандар көп экен эле. Аларга тынымсыз түшүндүрүү иштерин алып бардык. Үйлөрдү кыдырып, бардыгына эмдөөнүн пайдасын жеткирүүгө аракет кылдым. Барып-барып бул нерсе жоюлду, бары туура кабыл алып, учурда эмдөөдөн баш тарткан жаран жок. Кара-Таш деген айылыбыз бар. Ал жактын тургундары азыр эмдөөгө активдүү катышышат. Ал эми ковидке каршы вакцинаны дээрлик бардык жаранга бердик. Жайлоого чыгып кеткендерге жайлоого чейин артынан барып берип келип аттык. Жаш балдардын эмдөөсүн үзгүлтүккө учуратпайбыз. Азыр гепатитке каршы вакцинаны берип атабыз. Аны алгандардын саны арбын болууда.
— Көйгөйлөр да болсо керек?
— Албетте, баары жакшы дегенден алысмын. Көйгөй көп эле. Бизде азыр жылытуу системабыз иштебейт. Кыш узак болгондуктан, сууктун күнү электр жабдыктарын иштетебиз. Кээде жарык өчкөн учурда темир мештерге от жагабыз. Анын кыйынчылыгын айтпасам да белгилүү. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн АРИС программасына долбоор жазганмын. Бул иштер оң жагына чечилди, буюрса кийинки жылдан жылытуу системабыз жаңыдан орнотулат деп турабыз. Ошондой эле бизге жаңы тез жардам унаасы берилсе жакшы болмок. Себеби, жолдун алыстыгы жана кооптуулугунун кесепетинен оор бейтаптарды районго жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып келет. Жаңы унаа болсо зымылдап тез убакыттын ичинде жеткирип, адам өмүрүн сактап калууга себепчи болмок. Өзүм азыр жергиликтүү кеңештин депутаты болгондуктан, айыл өкмөттүн бюджетин бөлүштүрүүдө медицина тармагына басым жасайм. Анткени дарылоого шарттын жакшы болушу, элибиздин ден соолугуна кам көрүүгө өбөлгө болот деп ойлойм. Азыркы айыл өкмөт башчыбыз жаш жигит. Жигердүүлүк менен эмгек кылууда. Аймак тарабынан кандай колдоо керек болсо, жок дебей колунан келишинче көмөктөшүп келүүдө. Сиздерден пайдаланып айыл өкмөт башчыбыз Арзи уулу Азизбекке рахматымды айтам.
— Алдыдагы пландарыңыздан айтсаңыз?
— Алгач бул жака келгенде кетем деп эле ыйлактап жүрдүм. Акырындан маселелерди чече баштаганда ишке кызуу берилип калдым. Азыр айдасаңар да кетпейм деп күлүп калам. Себеби, бизде жаратылыш кооз болгондуктан абанын тазалыгы, күндүн салкындыгы өзгөчө. Азыр бул аймакка көнмөк түгүл, жерибизди, элибизди жакшы көрүп калдым. Таштап кетүүгө азыр дитим барбайт, жүрөгүм чыдабайт. Элиме кызмат кылып, капчыгайлыктардын саламаттыгы менин жоопкерчилигимде деп билем. Күн-түн дебей чакырууларга барып турам. Анан биздин Ничке-Суу айылыбыз бир топ алыста жайгашкан. Ал жакта ФАП жок. Медайымыбыз алты километр алыстыкты басып өтүп, барып-келип иштейт. Аябай эле оор. Ошондуктан ФАП куруу зарылдыгы ойлондуруп келет. Учурда Кара-Таш айылындагы ФАП оңдоодон өткөрүлдү. Кээде бир ишти пландап алсам, кээде бейтаптардын сакайтуунун жолун ойлоп кирпик какпай чыккан күндөрүм көп болот. Учурда тоо элинин айымдары үчүн ден-соолукту чыңдоочу фитнес клуб ачсамбы деп турам. Айрым жабдыктарды алдырып койдум. Комплекстүү ден-соолук борборун уюштурсам деген планым бар. Алыскы жолго карабай биздин эмгекти баалап, бизден кабар алып келгениңиздер үчүн кубанып турабыз. Жан дүйнөң менен жасаган эмгегиң бааланып турса жакшы. Андыктан Сиздерге чоң рахматыбызды айтабыз.
Маектешкен: Н.ӨМҮРЗАКОВА.Ош–Капчыгай–Ош