Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү. Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров кечээ, 19-сентябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
Президент белгилегендей, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүн 2027-2028-жылдарга көрсөткөн.
«Кыргызстан тынчтыкты натыйжалуу куруу, адам укуктарын урматтоо жана аялдардын тынчтык процесстерине бирдей катышуусу, өнүгүп келе жаткан, чакан, аз өнүккөн жана чакан арал өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын жылдыруу жана коргоо аркылуу тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого өз салымын кошууга даяр экендигин билдирет.
Биз 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигибизди көрсөттүк жана урматтуу мүчө мамлекеттерден колдоо күтөбүз.
Мамлекеттер ортосундагы мамилелерде ишеним, тилектештик жана универсалдуулук сыяктуу принциптерди баарыбыз сакташыбыз керек. Ушундай гана жол менен биз глобалдык жана аймактык коопсуздук пайдубалын өз калыбына келтире алабыз»,-деген С. Жапаров.