![Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/76dc7ce2-88a1-44b2-8660-9361a30845d8.jpg)
Сүрөт: УКМКнын маалымат борбору
Бүгүн, 20-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча КМШ конференциясынын алкагында, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун башчылары генерал-майор У.Шаршеев менен генерал-майор С.Хусановдун ортосунда тар чөйрөдө өзүнчө жолугушуу болуп өттү, деп билдирди УКМКнын маалымат борбору.
Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар биргелешкен чек араны коргоо, делимитация жана демаркация маселелери боюнча бир катар актуалдуу темаларды талкуулашты.
![Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/c5d02b1b-560f-4934-9880-bad237c69b0b-1024x682.jpg)
«Эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун башчылары чек ара аймагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү жана ар кандай иш-чараларды анын ичинде маданий жана спорттук иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашты.
Тараптар чек арачылардын чек арадагы жүрүм-турум линиясынын талаптарын так сактоо менен чек арада келип чыккан бардык маселелер жана сүйлөшүүлөр биргелешкен дипломатиялык жол аркылуу чечүүнү макулдашууга жетишти»,-деп айтылат маалыматта.
![Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/1ffca884-9d50-4073-b456-c9f123e558e6-1024x682.jpg)
Сүйлөшүүлөр достук кырдаалда жана өз ара түшүнүшүү маанайында болуп өттү.