![Ош: Кара-Сууда диний экстремизмге шектелген жаран кармалды Ош: Кара-Сууда диний экстремизмге шектелген жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/84760746-0ca6-413c-bfde-36a995ea0c39.jpg)
Сүрөт Ош ОИИБге таандык
Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык тармактарда мониторинг жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран аныкталып, алынган материалдар соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык диний экстремисттик уюмдарга таандык экендиги тастыкталып, Кыргыз Республикасыныны Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 2003-жылы туулган Х.М.,аттуу жаран кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда тиешелүү социалдык тармактар менен жана аларга катталган жарандар боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.