![Япония 100 жаштан ашкан адамдардын саны боюнча рекорд койду Япония 100 жаштан ашкан адамдардын саны боюнча рекорд койду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/fsoyjuotew-rpjjpl9qjuhxcm1relseu1gtj66ow70_eyafg3t3xohpodrct8ak6tf4pgh0uapth9bwma-u3upu_fb7e9pmbrjlfjifrpjm8ir_4v_gzoyecn7uobv7_zzxeuriasee0gz_hmdrgoq.jpg)
Япония 100 жаштан ашкан адамдардын саны боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазышууда.
Маалым болгондой, Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны алгачкы жолу 92 000ден ашкан. Бул аталган өлкөнүн 53 жыл ичиндеги жаңы рекорду болуп саналат.
Япониянын Саламатык сактоо министрлигинин ушул жылдын 15-сентябрына карата берген маалыматына караганда, аталган өлкөдө 100 жаштан ашкан 92 миң 139 адам бар.
Японияда узак жашагандардын саны акыркы 50 жылдан бери өсүп келүүдө. Узак жашагандардын саны 2022-жылга караганда быйыл 1500 адамга көп болгон.
100 жаштан ашкан 92 миң 139 адамдын 88,5%ын аялдар түзөт. Алардын саны 81 миң 500. Ал эми 100 жаштан ашкан эркектердин саны 10 500.
Аталган мамлекеттин Саламатык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 47 миң 107 адам 100 жылдык мааркесин белгилеп, бийлик тарабынан куттуктоо баракчаларын жана эстеликке берилчү белектерди алышат.
Азыркы учурда Япониядагы эң улуу аял- Фуса Тацуми 116 жашта. Ал Осакада жашайт. Ал эми эң улуу эркек-Гисабуро Сонобэ 111 жашта. Ал Тиба шаарынын тургуну.
Японияда орто эсеп менен алганда ар бир 100 000 адамга 100 жаштан ашкан 73 адам туура келет. Япония узак жашаган адамдардын саны боюнча дүйнөдө лидер болуп эсептелет.
Учурда дүйнөдөгү эң улгайган адам испаниялык Мария Браньяс Морера болуп саналат. Ал 1907-жылы 4 мартта туулган.
![Япония 100 жаштан ашкан адамдардын саны боюнча рекорд койду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/15110923t1h5407-1024x768.jpg)
Мария Браньяс Морера. Сүрөт Интернеттен алынды
Ал эми япониялык 116 жаштагы Фуса Тацуми андан бир жарым айга кичине.
![Япония 100 жаштан ашкан адамдардын саны боюнча рекорд койду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/bez-nazvanija-1.jpg)
Фуса Тацуми. Сүрөт Интернеттен алынды