![Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/2145830.ad4556d23e622a3c0f99eba32eafa5e3.jpg)
Podium 62kg WW - Gold Aisuluu Tynybekova (KGZ)
Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 62 кг салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова финалда атаандашы япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде утуп, үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды.
Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган Олимпиадага жолдомо да алды.
Тыныбекова 2019-жылы биринчи жолу Казактанда өткөн мелдеште, 2021-жылы экинчи жолу Норвегияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болгон.