![Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу 7 документтин таржымалы Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу 7 документтин таржымалы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/98_main-v1663320723.jpg)
Эки өлкөнүн чек арасын чечүүгөнегиз боло турган 7 документ бар. Бирок, тажик бийлиги кыргыз тарап көрсөткөн сунуштарга көңүл бурбай келет. Бул документтердин баарында чечүүгө жол көрүнүп турса да, коңшулардын кайышкан тартышы улана берип, акыры ок атууга чейин жеткирди. Биз кыргыз-тажик чек арасы боюнча Эл аралык документтер боюнча кеңири маалыматтарга ээ болгон ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинин Жалпы тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин кандидаты Адилбаев Жумали Адилбаевичтин маалыматтарына таянып, ошол 7 документтин таржымалын талдап бергенге аракет кылабыз.
![Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу 7 документтин таржымалы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-22_12-03-28-786x1024.jpg)
Сүрөт:Жумали Адилбаев
Эмне болгон жети документ?
Эки өлкөнүн чек арасын аныктаган алгачкы документ катары 1925-1927-жылдардагы келишим айтылат. Тажикстан ушул документти негиз кылып карманат. Бирок, буга Кыргызстан көнбөйт. Анткени бул документ советтер союзундагы коллективдештирүү мезгилине чейинки кабыл алынган келишим экенин айтат. Бирок, аны менен сүйлөшүү жүрсө, анда Тажикстан өзүнүн 45 пайыз аймагын жоготот. Ошого карабай, ушул документти көтөрө берет. Экинчиси, Кыргызстан карманган, 1955-1958-жылдары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын башчыларынын деңгээлинде даярдалып, кол коюлган документ. Чек ара тууралуу мындай макулдашуу болгон менен ал документ Жогорку Советтеринин атайын чечиминен өтпөй калган.
Ошентип убагында Тажикстандын Өкмөт башчысы өзү кол койгон бул документке азыр өздөрү ынанбайт. Ал эми үчүнчүсү, 1991-жылы СССРди таратканда кабыл алынган “Беловежа макулдашуусу”. Анда мурунку союздук мамлекеттердин “фактлык” негизде колдонгон чек аралары ошол боюнча кала турганы айтылган. А төртүнчүсү, ошол эле 1991-жылы кабыл алынган “Алматы декларациясы”. Ага Орто Азиядагы азыркы көз карандысыздыкка жетишкен 5 мамлекеттин жетекчилери кол коюп, алар да “фактлык” негизде колдонуп жаткан чек аралар – мамлекеттин чеги деп аныкташкан. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, бул “Беловеж макулдашуусу” менен “Алматы деклорациясын” ар бир мамлекеттин парламенти ратификациялаган. Бул документтердин өзгөчөлүгү – анын абсолюттук легитимдүүлүгүндө. Кыргызстан чек араны чечүүдө: “ушуларды негиз кылып чек ара маселесин чечели”,-десе тажик тарап бул эки документке да баш бербейт. Булардан сырткары, дагы 3 документ бар. Алар эгемендүүлүк жылдарында кабыл алынган.
Биринчи документ
Тажикстан 1925-1927-жылдардагы документтерди карманып, ошол боюнча сүйлөшөлү дешет. Ал убакта Тажикстан Өзбекстандын курамындагы автономиялык облус болгон. Алар өз алдынча мамлекет боло элек эле. Бирок, кийин, 1929-жылы СССРдин карамагындагы “республика” деген статус алышты. Ошол мезгилде да Тажикстандын азыркы аймагы Өзбекстандын аймагы катары каралган. А Кыргызстандын аймагы РСФСРдин курамында болуп, чек ара маселелерин ошолор чечкен. Ошентип эки өлкөнүн тең тагдырын Өзбекстан менен Орусия чечип турган. Жалпысынан Орусия көзөмөлдөгөн десе да туура болот. Тажикстан өзүнчө бөлүнүп, “республика” болду, а Кыргызстан да автоном облусу деген статусунан жогорулап, 1936-жылдан баштап “республика” деп аталды. Бирок, албетте союздун курамында калышкандыктан, эки республикада тең чек араны тактоо же өзгөртүш деген укук болгон эмес. Аны союз бийлиги чечип турган.
Чек ара маселесинде олуттуу деген дагы бир жагдай бар. 1925-жылдан, 1927-жылга чейин Орто Азияда чек ара маселеси негизинен борбор тарабынан, тактап айтканда, Москвадан бекиген. 1927-жылдан баштап, 3 жылга чейин чек ара тууралуу маселеге мораторий жарыяланат. Башкача айтканда, “чек ара маселеси үч жылга чейин каралбайт”, — деген чечим чыккан. Ушундан улам коллективдештирүү доору башталып, ал активдүү жүрөт. Кийин Сталин тарабынан дагы бир буйрук чыгып, чек ара маселелерин карабай туруу тууралуу 5 жылга чейин дагы мораторий жарыяланат. Бул – болжол менен 1930-1935-жылдарга туура келет. Андан аз өтпөй, “сталиндик репрессия”, ага улай Улуу Ата-Мекендик согуш башталып кетти. Ошентип, чек ара тууралуу ойлогон адам болгон эмес. Кийин согуш бүттү. Алгачкы жылдары бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү маселеси турган. Анда да чек ара маселесин эч ким караган эмес.
Эгер, азыр Тажикстан сунуштаган ушул биринчи документ негиз болсо, анда чоң өзгөрүүлөр болуп кетет. Мисалы: Кыргызстан Тоолуу Бадахшан баш болгон Жерге-Тал менен Мургабды алат. Анткени кыргыз райондору болгон Жерге-Тал менен Мургаб райондору кыргыздардын ээлигинде болчу. Ал эми бул кыргыз эки район менен биригип Тоолуу Бадахшан – Тажикстандын аймагынын 45 пайызын түзөт. Демек, 45 пайыз аймагын бергенге албетте макул болбойт.
Тоолуу Бадахшанды “Орус Памири” деп аташкан. Бул Орус падышачылыгынын колониализм мезгилинде стратегиялык жактан маанилүү аймагы болгон. Анткени Тоолуу Бадахшан аркылуу чыгыштан Кытайды, Түштүк Батыштан Ооганстанды, андан ары Пакистан, Индияны, Түндүк жагынан Орто Азияны карап турат. Бул аймак мына ушундай өзгөчө жер. Ал жерди орустар басып алгандан кийин крепостторун курушуп, “Орус Памири” деп атап салышкан. Кийин жер бөлүштүрүүдө “Орус Памирин” Өзбекстанга берип коюшат. А чындыгында мурда кыргыздардын ээлигинде болчу.
Алар жеринин аздыгын айтып, Тажикстанга өткөрүп салган. Ошентип орустар Тоолуу Бадахшанды тажиктерге ыйгарып коюшкан. Ал убакта Тажикстан деген өз алдынча республика жок эле. Алар Өзбекстандын автономиясы болчу. Демек, эгер тажиктер такыр эле болбой, ошол 1927-жылдагы картаны көтөрүп туруп алышса, Кыргызстан башка маселе коюуга туура келет: “Эгер силер айтып аткан документ менен иштесек, анда Мургап, Жерге-Тал аймагын кошуп, Тоолуу Бадахшанды бизге өткөргүлө”,-деген маселе коюлат.
![Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу 7 документтин таржымалы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/kyrgyzstan_rus.png)
Сүрөт Интернеттен алынды
Экинчи документ
1955-1958-жылдары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өзүнүн чек арасын Өкмөттөр деңгээлинде тактаган. Бул иштерди Исхак Разаков аткарышы мүмкүн. Анткени ал 1950-1961-жылдары Кыргызстандын Биринчи катчысы болуп иштеген. Ошондогу Өкмөттүк деңгээлде такталган чек ара боюнча маселеде үч өлкөнүн жетекчилери макул болуп, кол коюшкан. Бирок, ал документ республикалардын Жогорку Совет деңгээлиндеги чечиминен өтпөй калган. Эгер, ошондо бул документ депутаттар тарабынан бекилип калганда, бүгүнкүдөй көйгөй болмок эмес. Азыр кыргыз тарап ошол жылдардагы документ боюнча иштөөнү сунуштайт. Себеби, ага чейин 1925-1927-жылдардагы чек араны тактаган документтерге шайкеш келбеген канчалаган шарттар түзүлүп, канчалаган өзгөрүүлөр жүрүп кеткен. Мисалы, ошол эле колхоздор түзүлгөндө көп нерсе өзгөрүп кеткен. Анда ар бир колхоз калкынын улуттук курамына карата түзүлгөн. Тажикстан өздөрүнүн колхозун түзүп, тажиктер жашаган Кыргызстандын аймагында Ворух деген өзүнчө бир колхоз болгон. Өзбектер жашаган айылдарда өзүнчө, кыргыздар жашаган айылдарда да өзүнчө колхоздор түзүлгөн. Башкача айтканда, колхоздоштуруунун бир жери – улуттук негизде түзүлүп калганында болгон. Ошондуктан, Кыргызстандын ичинде тажик улуттук негизде түзүлүп калган Ворух колхоз кийин анклав аталып, ал Тажикстандын карамагында калган.
Ал эми жогоруда айтылган мораторий жарыяланганына карабастан, колхоздор түзүлгөндөн кийин чарбалык кызыкчылык үчүн биринин жерин экинчиси, экинчисинин жайлоосун үчүнчүсү, дагы биринин суусун башкасы алган учурлар көп катталган. Ошонун бардыгынын жыйынтыгы 1958-жылдагы документте чечилген болчу. Мындан улам, Кыргызстандын чек ара боюнча өкмөттүк делегациясы тажик бийлигине, андан бери канчалаган өзгөрүүлөр болгонун айтып, 1958-жылдагы документти негиз кылып, чек араны чечели деген сунушуна алар макул болбой келет. Анын ордуна Тажикстан 1925-1927-жылдардагы документти бекем карманат.
Үчүнчү жана төртүнчүдокументтер
Ошол “фактлык” деген жерде дагы бир маселе бар. 1990-1991-жылдары союз тарап, СССРдин курамындагы 15 мамлекет өз алдынча болуп, эгемендүү мамлекетке айланышты. Чек араны тактоо боюнча ошол жылдары түзүлгөн дагы башка документтер бар. Ал – 1991-жылы СССРди таратканда кабыл алынган “Беловежа макулдашуусу”. Анда мурунку союздук мамлекеттердин “фактлык” негизде колдонгон чек аралары ошол боюнча кала турганы айтылган. Андан сырткары, ушул эле 1991-жылы кабыл алынган “Алматы декларациясын” да айтса болот. Бул келишимге өз алдынча болуп кетишкен мамлекеттердин жетекчилери кол коюшкан. Анда: “баарыбыз эгемен мамлекетпиз, мындан ары өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз, бир-бирибизге сый урмат, жакшы мамиле сакталсын. Ошол үчүн чек арадагы бүгүнкү абал кандай болсо, ким кайсы жерге ээлик кылса, ошол аймак өзгөрүүсүз калат жана кайра каралбасын”,-деп кол коюлган. Эгерде, тажик тарап 1958-жылдагы документке макул болушпаса, анда ушуну колго алыш керек болчу.
Ошентип Кыргызстан “Алматы декларациясы” боюнча сүйлөшүүнү сунуштайт. Бирок, тажик тарап буга да көнбөйт. Ошентип кыргыз-тажик чек арасы боюнча Эл аралык төрт документ бар. Алардын баарынын маңызы – эгемендүү болгондон кийин, “фактлык” негизде ким кайсы жерге ээлик кылып турса, ошону сактап калат деген документ. Тажикстан буга да макул болбойт. Чырдын баары ушудан чыгып жатат.
Эгемендүүлүк жылдары кабыл алынган үч документ
Жогорудагы төртөөнөн сырткары, өлкөлөр эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдары кабыл алынган дагы үч документ бар. Алар: 1994-жылдын 15-апрелиндеги “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүнүн аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндөгү “Москва декларациясы”, ал эми 1996-жылдын 12-июлундагы “Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү” жана 2004-жылдын 26-майындагы “Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү” келишимдер. Акыркы эки документке тең Дүйшөмбү шаарында кол коюлган. Алардын баарында Тажикстан президенти Э.Рахмондун колу бар. Бирок, азыр ал ошондогу принциптерден тайып жатат.
Жогорудагы документтер тууралуу КР Президенти Садыр Жапаров 2022-жылы 20-сентябрда БУУнун трибунасынан да жарыялаганы белгилүү. Ошентип Кыргызстан 1958-жылдагы, ага болбосо, 1991-жылдагы бир эмес, эки документке, же буларга да болбосо эгемендүүлүк алган жылдардагы келишимдерге таянуу менен маселени чечели дейт. Бирок, тажик тарап ынанбай келет. Эмне болгон күндө да, конфликтти компромисттик жол менен ынтымакта тактап алуу керек. Антпесе чечүүнүн башка жолу жок. Болбосо, жүздөгөн жолугушуулар менен миңдеген протоколдорго кол коюла берет. Чечилбеген чек ара маселеси кылымдарга созулуп, андан карапайым калк жабыркайт. Бийликтер алмашып, бирок, конфликт кала берет. Эң жаманы – куралдуу кагылышуунун чоңоюп кетиши. Муну алдын алыш үчүн тараптар бир пикирге эртерээк келиш керек. Эске салсак, Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасы 980 чакырым. Анын 664 чакырымы чечилип, калган 300 чакырымдай аралык такталбай келет. Бул – эң негизги делген калктуу пункттар, суулуу аймактар. Ал эми чечилген жерлер эл жашабаган тоолуу аймактарга кирет. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
А.Каракозуев