![Ош: Манилүү меморандумга кол коюлду Ош: Манилүү меморандумга кол коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-21_16-53-28.jpg)
Ош улуттук драмалык театрда “Түштүк Экспо – 2023” VII Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңкеси болуп өттү. Ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Россия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын облустарынан жеке ишкерлер катышышты. Жарманкеде ата-мекендик өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукцияларын тартуулашты. Чет элден келген коноктор жармаңкеге коюлган продукциялар менен таанышышып, сапатына баа беришти. Облус башчысы Ош облусу Кыргызстандын бай жана көп кырдуу экономикасы бар ири жана маанилүү аймактарынын бири экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган жарманкенин максаты — ата мекендик ишканалардын продукциясын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин рынокторуна чыгаруу, экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү жана андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
“Түштүк Экспо – 2023” иш-чарасынын экинчи бөлүгү “Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” деген аталышта бизнес-форум менен уланды. Форумга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.Сариев, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев жана ошондой эле Россия, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай, Иран, Оман жана Германиянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн, эл аралык коммерциялык эмес уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.
![Ош: Манилүү меморандумга кол коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-21_16-45-34-1024x683.jpg)
Форумдун жүрүшүндө облус башчысы Эльчибек Джантаев учурда аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк темасы негизги болуп калганын, анткени аймакты өнүктүрүүдө көрүнүктүү натыйжаларга жетишүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү, тажрыйба алмашуу керек экендигин айтып өттү.
«Бул форум өзүнүн ийгиликтүү жемишин берет деген терең ишенимдебиз» — деп билдирди Э.Джантаев.
Андан соң, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев Кыргызстан өнүгүүсү үчүн региондор өнүгүүсүкеректигин белгиледи.
«Кыргызстанга келген ар бир инвесторлордун артынан жүрүп, жергебизге ишкердик субьектилерди, завод-фабрикаларды курууга, туризимди өнүктүрүүгө аракеттерди көргүлө деген Өлкө башчыбыздын тапшырмасы бар. Буга байланыштуу ишкерлер салыктын да түрлөрүнөн бошотулуп, аларга жакшы шарттарды жаратып берүүдөбүз. Ошондуктан бул форум дал ушул тапшырманы турмушка ашырууга өбөлгө болууда. Форумга келген чет өлкөлүк ишкерлер өздөрүнүн долбоорлорун сунушташып, ар тараптуу макулдашууларга да кол коюлмакчы» — деди А.Касымалиев.
Иш-чарада ар кайсы өлкөлөрдөн жана аймактардан келген катышуучулар биргелешип иштөө, жалпы кызыкчылыктарды аныктоо жана региондордун экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн байланыштарды чыңдоонун идеяларын ортого салышты. Муну менен катар аймактардын инвестициялык жана туристтик потенциалына басым жасалган көптөгөн долбоорлор сунушталып, өнүктүрүү фонддорунун кредиттик ресурстарына жетүү шарттарын талкуулашты.
![Ош: Манилүү меморандумга кол коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-21_16-45-00-1024x577.jpg)
Андан соң, Ош облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча бизнес форумдун алкагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен Синьцзян эл аралык “Кытай бүркүтү” соода компаниясынын директору Чжан Вэньчжуан жана «Чонгцин Сокон Мотор Групп» ЖЧКсынын өкөлү Хэ Цзян менен ири өнөр жай комплексин куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Инвестициялардын жалпы көлөмү 920 миллион АКШ долларын түзөт.Аталган долбоор жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактагы экономикалык өсүшүн стимулдаштыраарын белгилешти. Бул олуттуу макулдашуулар Ош облусу үчүн экономикалык өсүш гана эмес, эки өлкөнүн инвестиция жана соода тармагында жакындашуусун билдирет.
![Ош: Манилүү меморандумга кол коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-21_16-45-12-1024x683.jpg)
Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу үчүн бизнес-форумдардын маанилүүлүгү чоң ролду ойнойт. Форумдун жүрүшүндө, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев облус башчысы Э.Джантаев Кара-Суу районундагы «Имзо» пластикалык эшик-терезелерди жасаган ишкананын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыгышты.
Н.ӨМҮРЗАКОВА