![Алгачкы алтын: Азия оюндарында кыргызстандык балбан алтын медаль утту Алгачкы алтын: Азия оюндарында кыргызстандык балбан алтын медаль утту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/364214284_603830841908676_4910085411180731067_n.jpg)
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медаль утту. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, Шеров финалдык беттеште өзбекстандык Давлат Бобонов менен кез келип, натыйжада жеңишке жетишкен.
Кыргызстандык дзюдочу алгач кытайлык балбан менен кез келип, аны 1:0 эсебинде утуп, чейрек финалда ливандык балбанды 10:0 эсебинде, жарым финалда БАЭнин балбанын жеңген болчу.
Бул медаль Азия оюндарындагы кыргызстандык дзюдочулардын тарыхындагы үчүнчү медаль жана алгачкы алтын медаль болуп калды. 2018-жылы өткөн Индонезиядагы чемпионатта Владимир Золоев менен Артур Те коло медалга татыктуу боулшкан.