![Байыркы Өзгөн, бүгүнкү күн Байыркы Өзгөн, бүгүнкү күн](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/f041d2a53fc64b9083738523d04e7656.jpg)
Байыркы Улуу Жибек жолунун боюнан орун алган, атагы алыска, даңазасы далайга кеткен бүгүнкү Өзгөндөжашаган көп улуттуу калктын саны287 миңден ашат. Райондогу азыркы учурдагы социалдык-экономикалык жактан жаралган ийгиликтер, айрым чечүүнү талап кылган көйгөйлөр тууралуу айта берсек, сөз учугу түгөнбөйт. Ошентсе даанын айрымдарына токтоло кетүүнүтуура таптык.
Колу жукаларды кубанткан — социалдык контракт
Өткөн жылы райондо 7115 үй бүлөнүн 24 772 баласына жөлөкпул чегерилсе, 2023-жылдын 1-июнуна карата анын саны 738 үй бүлөгө, 2235 балага азайган. Бул жерде “Ал эмненин эсебинен болду?” деген мыйзамдуу суроо туулат.
Анын себебин акимдин орун басары Рахим Мырзакулов мындай деп түшүндүрөт.
![Байыркы Өзгөн, бүгүнкү күн](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/photo_2023-09-21_16-22-06-1024x768.jpg)
— КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” № 385 токтомун турмушка ашыруу негизинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында райондун аймагында 585 колу жука жарандар менен социалдык контракт түзүлүп, мамлекет тарабынан ар бир үй-бүлөгө 100 000 сомдон акчалай каражат берилген. Алардын басымдуу көпчүлүгү мал чарбачылык, калгандары тигүүчүлүк, айрымдары соода-сатык менен алектенип жатышат. Райондун жетекчилери, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана демөөрчүлөр алардан кабар алып, бөлүнгөн каражатты кандай максатта пайдаланып жаткандыгына көз салып турушат. Мал баккандардын кармаган сарайынын абалынан, камдаган тоютунан такай кабар алып турушат. Демөөрчүлөр колдон келишинче көмөк берип жатат.
Булардын ичинен тигүү цехтерин ачкан жарандар үй-бүлөсүнө кошумча киреше алып жаткандыгына күбө болдук. Өткөн айда райондун борборунда калктын ушул катмарынын социалдык контракттын негизинде өндүрүп чыгарган продукцияларынын көргөзмөлөрү уюштурулду. Анын катышуучулары өздөрүнүн жетишкен ийгиликтерин ортого салып, башкалар менен тажрыйба алмашып кайтышты. Жакында Бишкекте чоң жыйын өткөрүлүп, ага Өзгөн районунан 32 өкүл катышат. Алар өз турмушун өйдөлөтүүгө кандайча жетишкен ийгиликтери тууралуу ой бөлүшүп, республикабыздын жети дубандарынан келген өнөктөштөрү менен пикир алышып кайтмакчы. Биздин баамыбызда Өзгөндөн шартында мындай аракеттер натыйжасын бериптир. Эң негизгиси, колу жука жарандарыбыз үй-бүлөсүнүн кирешесин ак эмгек менен көбөйтүү боло тургандыгына ынанышып, иштин көзүн табууга кызыгып калгандыгы болуп жатат.
Суу – мол түшү мдүн өбөлгөсү
Быйыл Өзгөн районунда жалпысынан алганда 44 758 гектар аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген. Анын ичинен буудай 8444, арпа 7295, күрүч 3196, жүгөрү 5617, картошка 1132, жашылча 1714, май өсүмдүктөрү 98 гектарды түздү. Аны сугат суу менен камсыздоо милдети райондук суу чарба башкармалыгына жүктөлгөн. Мекеменин жетекчиси Кеңешбек Өмүрзаковдун айтуусунда кийинки жылдарда бул тармакка мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын көлөмү жылдан жылга көбөйтүп жаткандыктан, быйыл сугат тармагындагылар жылдын кургакчыл келишине карабастан, кыйын абалдын чыга алышты. Суу чарба башкармалыгы өткөн жылы өзүнүн карамагындагы 288 км 600 метр каналдын 63, быйылкы жылы 23,8 чакырым аралыгын тазалаганга жетишкен. Үстүбүздөгү жылы 28 жердеги суу таштагыч, башкы курулмалардын ремонтуна олуттуу көңүл бурду. Райондук суу чарба башкармалыгы жагдайды эске алуу менен сугат суунун 20-марттан тарта бере баштаган. Анын негизинде эрте жазда көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, бак-дарактар эрте сугаттан өткөрүлүп, кыртыштагы нымдын сакталып калышына өбөлгө түзүлдү. Сугат сезону башталганда райондо уюштурулган атайын штаб тарабынан түзүлгөн графикти так сактоо үчүн ар бир канал, ар бир айыл өкмөт менен иш алып барууга туура келди.
Жылдын кургакчыл келиши жогоруда көрсөтүлгөн аянттагы айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен кылуу үчүн бир топ кошумча чыгымды, түйшүктү алып келди. Анткени, 15-июнда Заргер, 20-июлда Жазы дарыясы соолуп калды. Айла кеткенде мындай кырдаалдан чыгуунун оптималдуу жолу изилденди. Анын негизинде насостук станциянын жардамы менен Кара-Дарыянын суусу Жазы дарыясына, андан Зергер дарыясына тартылды. Андан ары Төрт-Көл, Шоро-Башатка чейин жеткирилди. Быйыл август айында суунун таңкыс болуп калганда айрым аймактарда кезектешип сугаруу ыкмасы колдонулду.
Мындай биргелешкен аракеттин, өз ара түшүнүү менен түзүлгөн мамиленин натыйжасында райондун аймагында дыйкандар өстүргөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн куурап калган, элдин нараазы болгон көрүнүш катталган жок. Суу – мол түшүмдүн өбөлгөсү эмеспи, дыйкандар өздөрү күткөн түшүм алышты. Өзгөндүн шартында буудайдан кийин кечки жүгөрү, түрп сыяктуу экинчи эгин өстүрүлөт. Азыркы учурда сугат суу ошол аймактарга берилип жатат.
Райондук суу чарба башкармалыгы жакында өткөрүлө турган чоң активде көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнө жана күздө айдалган аянттарга ным топтоо үчүн күзгү сугатты уюштуруу боюнча сунушун бергени турат.
Кышкы даярдык кандай?
![Байыркы Өзгөн, бүгүнкү күн](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/ozgon-munarasy-e1648429255597.jpg)
Өзгөн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекеме-уюмдары 2023-2024-жылдарынын күз-кыш мезгилдерине социалдык обьектилерди жана калкты көмүр-отун менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринен кабар алдык. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен райондук билим берүү тармагына 8022, саламаттыкты сактоо мекемелерине 880, маданият тармагына 60, кесиптик-техникалык лицейге 136 тонна көмүр керектелет. Райондун калкынын көмүргө болгон керектөөсү 19 600 тоннаны түзөт.
Көмүрдү сатып алуу боюнча тендерлер өз убагында өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрүнө берилген акча каражаттары банк аркылуу чегерилип, алар социалдык обьектилерге керектүү көмүрдү тарта баштады.
Район боюнча алганда 3 жалпы дарыгерлер практика борбору, 1 райондук санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору, 23 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана 64 ФАП бар. Алардын эң ириси 137 миң калкка кызмат көрсөткөн Өзгөн жалпы дарыгерлер практика борбору. Анын жетекчисинин орун басары Кубаныч Оморбековдун билдирүүсүнө караганда, жалпы дарыгерлер практика борборуна караштуу 1 стационардык ооруканага, 13 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жана 32 ФАПта бүгүнкү күнү кышка карата от казандарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка карата даярдоо иш-чаралары аткарылып бүттү. Кышкы сезондо ага 550 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө жеке ишкер Т.Сейитмамбетов менен түзүлгөн келишимдин негизинде 165 тонна көмүр тартылды. Андан сырткары ооруканада электр энергиясы менен жылытылган стационардык бөлүмдөр бар. Анын жылытуу ситемалары тиешелүү адистер тарабынан кароодон өткөрүлгөн.
Т.АБДЫРАЗАКОВ