![Өмүрдүн өткөн сырлары Өмүрдүн өткөн сырлары](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/img_0804.jpg)
“Бешиктеги баланын, бек болоорун ким билет” деген кыргыздын коомай, көптөгөн наристенин жарыкчылыктагы өмүр сапарына аяр сыр камтылган сезим менен ата-эне баласын барктаган, туңгуюк сезиминде суук көздөн, агымы катуу селден амандык тилеген мааниде айтылган бийик философиялуу накыл кеби тура. Жарыкчылыкта кош аяк шилтеген үлгүржүн пенделер боор этинен бүт денеде тынымсыз жүргөн канынан жаралган наристесине кымындай да жаманчылык арнап көрбөгөнүнүн белгиси го.
Ата-эне бала тапканда эмне деген гана үмүт-тилектерди омуроолуу да, оолактуу да, ашкере да, деги кандай гана теңирден тилеген үмүттөрдү каалабайт дейсиң. Ушундай үмүт-тилектердин баарын наристеге болтолоңдогон бүшүркөөнү, бөксөрүүнү билбеген байоо балалыгына арнайт көрүнөт. Жашоонун картинасынан өмүр сапарынын жандырмагын өз алдынча чечмелегенге акыл-эси каныкканча өмүрдөгү, балалыктагы, балакаттан өткөнгө чейин, наристеси үчүн эмне деген тилектерди үмүттөп тураарын бардык эле жарыкчылыкта жашоо кечирип келген пенделер ушинтип муундан муунга өмүр кечире жашагандын өзүндө өзөктүүлүктүн сырлары камтыла канчалаган жылдарды өмүр деген туюм менен сездирбестен сапарын карыта бергендин бийиктигинде, дал ушул пенде турарын сезсек да сезмексен боло берет экенбиз. Дал ушул өмүрдүн жандырмагы жазылбаган, табышмагы табылбаган жашоо сырларынын көрүнбөгөн, туйсаң да туйдурбаган тагдырынан жарык дүйнөгө жар сала “Мен жашоого келдим”-деген таризде үн сала ыңаалап келген ар бир пенде, наристенин напсиси, жашоодогу орду ушундай тура.
Энчиленген, жарыкчылыктагы, жашоодогу максатын турмушун табуу ал башка кеп белем. Жашоодогу сырдуу күндөрдүн, жылдардын, ачуу менен бал даамданган таттуулугун сездирген өмүр дегениң, сезимиңде бурканшаркан болгону менен “миң күндүк караңгылыктан, бир күндүк жарыкчылык артык” деген мырза кептин маанисинде жашоо үчүн далбастануунун, каруулануунун кебелбес түркүгү турат окшойт.
Канчалаган жылдар күн кечирсең да өмүр чиркин ушунчалык шириндигин таасиринде адамзат турмуш сырларына көз карегиндеги бүлбүлдөп жанган билик отундай өмүр кечиргени кечирген экен. Турдумамат да мүлдө көптүн бири катары өмүр философиясынын оош-кыйыштарында дасыга пайгамбар жашын кастарлап турганына өзү ички туюмунда болурканбаганы менен өмүр чиркин белестен”гылт” эткен сүлөөсүндөй болгонуна ичи эңшерилгенин, купуя сыры катары карманса да өмүрдүн белес ашып баратканына ынанганын жашыра албайт.Ал азыр алтымыш ашып калды. Өзү да ата-энесинин колунда тарбия алган балалык учурларын көп эстейт. Атасы Эргеш абанын мээриминде, апасынын ажарында, бир туугандарынын шарданында чонойгон күндөрү эң бактылуу күндөрү экенине эми ынанып турган чагы.
Өмүр учкан куш деген аксиомада көп сырлар бар экенине да тандана берет. Наристелик, тестиер балалык кер-мурут тарткан жигит курагы, үй-бүлө күткөн жашоонун опол тоодой учуру кантип өтүп жатканына эми назар салуу менен салмактуу назар бөлүп олтурбайбы. Элестүү сүртүмдөрдүн каарманы Эргешов Турдумамат тээ өткөн кылымдын 1961-жылы жаз мезгилинин март айында, Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жарык дүйнөгө келет. Жаштайынан эле мүнөзү токтоо болот. Өзү тең курбалдаштарынын арасында таалим-тарбиялуу, жеңил ойлуу болбой үлгүлүү эрезеге жетет.
Жаштыгы ошол Совет доорунун гүлдөп турган мезгилине дал келет. Билимди Биймырза айылындагы Тельман атындагы орто мектептен алат. Көпчүлүк курбалдаштары сыяктуу эле толук орто билимге ээ болгон соң, мекен алдындагы аскердик милдетин зор патриоттук сезимде, ал учурдагы көпчүлүктүн бири катары алдыңкылардан болуп аткарат. Эки жылдык мекен алдындагы кызматын абийирдүүлук менен аткарган соң, жаш жигиттин оюндагы түрдүү кыялдары, анын туруктуулугунан ар кайсы жактарга жетелеген жок. Өзүнө дайыма бек болду. “Жаштык-мастык” дегендей жаман адаттардан жаа бою оолак жүрдү. Анан калса өзүнө жакын агаларынын таалим-тарбияларынын өзөгүн дээрине жугумдуу кылып сиңирди. Жаштайынан эмгекчил, боорукер, иштермандыгы менен элге жакты. Андагы Совет совхозунун чарбалык иштерине ак пейилден аралаша, улуулардын насаат акылдарын, абройлуу акыл сөздөрүн жанына пеш кыла жүргөнү журтчулугунда, көп аброй топтоого алып келди. Турдумамат дайыма токтоо жүрүм-туруму менен бир айылдын гана эмес, Кара-Кулжадагы белдүү акыл калчаган, баскан изинде маанилүүлүк бар экендигин көрсөткөн инсан катары башы көрүнө баштады. Ушундай жашоодогу ийгиликтерин туруктуу бекемдөө максатында Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунан жогорку билим алды. Турдумаматтын адистиги, эл менен иштөөнү сүйгөндүгүнөн “башкаруучу менеджмент”-адистиги.
Ал дайыма адам, эл менен иштегенди, өзүнүн уюштургучтугунан, дараметинен сезе билүү менен жогорку билимди да башкаруучулук багытта алып жатпайбы. Эми кесибинин үзүрүн көрө, 2004-жылдан 2011-жылга чейин Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Биймырза айылынын айыл башчысы кызматында жети жылдай эмгектенди. Ал учурдагы айылдын толгон токой проблемалуу маселелерин чечүүдө иштин көзүн билүү менен Эл талабын ийине жеткире ийкемдүүлүк менен аткарууну камсыздап келди. Турдумамат айыл башчысы катары эл менен иштешүүдө, айыл турмушунда, айылдаштарынын ар түрдүү талаптарын, социалдык маселелерин орундуу чечүү максатында жаңыча иштөөнү, жоопкерчиликти, адамгерчиликти жогору койду. Ошондой эле максатка жетүүнү, тартиптүүлүктү алдыңкы орунга коюу менен иштерди жөндөөнү дайыма максат кыла кызматтык жумуштарын аткаргандыгы менен көп ийгиликтерге жетишти. Ал эл менен ийкем жакындыкта иштөөнүн жыйынтыгынын таасиринде 2004-2008-жылдарда бир эле учурда айылдык жана Райондук кеңештердин депутаты болуп шайланды. Турдумамат эл өкүлү катары эл көйгөйүн чечүүдө райондук кеңеште да айылдык кеңеште да таасирдүү орду бар депутат болду. Өзгөчө турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн маселелерин чечүүдө жан үрөп иштеди. Ошондон улам көпчүлүк эл аны бир эле учурда эки депутаттык мандатка эгедер кылып, ишенич берип олтурбайбы.
Ошол 2005-2008-жылдар бир эле учур Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти кызматын кошумча аткарышы Турдумаматты андан да таасирдүү кылуу менен эл маселесин чечүүгө ыңгайлуулукту жаратканы бардык элдик талаптарды ынгайлуу чечүүгө зор жол салынган болчу. Ошол учурларда көп таасирдүү иштерди аткарды. Өзгөчө кары-картаңдарга, турмуш-шарты оор көп балалуу үй-бүлөөлөргө жакындан жардам көрсөтүүдө, билгиликтүү уюштуруучулук иштерди аткарууга жетишкендигин, анын аброюн эл арасында андан бери жогорулатты.
Турдумамат Эргешовдун жагымдуу уюштуруучулук иштеринин үзүрү, аны 2011-2018-жылдарда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адистик кызматын аркалоого алып келди.
Мурда анын кызматтык милдети бир айылдык аймакта болсо, кийинки дээрлик жети жыл бүтүндөй айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-май. Кара-Кулжа, Биймырза, Сары-Камыш айылдарындагы социалдык маселелерди чечүү боюнча иштерди уюштуруу жоопкерчилиги тагылды. Ошол учурларда үзүрлүү иштеди. Айыл өкмөтүндөгү жалпы элдин алкоосуна алынды. Анын баары Турдумаматтын талыкпаган эмгегинин так, таза жүргөндүгүнүн, иштин ийне-жибине чейин аткарууга алгандыгынын жыйынтыгы болуп олтурат. Дарак бир жерде көгөрөт демекчи Турдумамат да өз эмгек үзүрүн Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө иштөө менен эл оозуна алынып олтурат. Анын ушундай эмгектеринин үзүрү сыртта калбай, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын мыктысы» төш белгисин алууга татыктуу болду. Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу кызматы үчүн Ички иштер мининстрлигинин “Кадырман” медалынын да ээси болду. Мындан сырткары, «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакал” орденин алууга да арзыды.
Турдумамат Эргешов мындай көптөгөн мамлекеттик жана коомдук уюмдардын Ардак грамоталарынын, төш белгилеринин ээси. Ал жогорудагыдай эмгектик ийгиликтеринин таасиринде учурда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кара-Кулжа айылында айыл башчы, кийин 2021-жылдан бери Кара-Кулжа айылынын социалдык адиси болуп иштеп келүүдө. Анын иш билгилиги, жашоо тажрыйбасы да азыркы кызмат ордуна шайкештелгени, ага алдыда да көп-көп ийгиликтерди алып келет деген ишенимдүү пикирди айтса болчудай.
М.Жумананзаров