![Ош ОИИБдин кызматкерлери кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө жасалма документтерди жасаган Ош ОИИБдин кызматкерлери кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө жасалма документтерди жасаган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/09/2159572.36185557090a69b8d0791121e4163ed5.jpg)
Сүрөт: УКМКнын маалымат борбору
2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган, деп билдирди УКМКнын маалымат борбору.
Маалым болгондой, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан. Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен.
«Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.