27-сентябрдан 28-сентябрга өткөн түнү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы Курувчилар массивиндеги бажы кампасында катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен көп кабаттуу үйлөрдүн айнектери сынып, адамдар жабыркаган, деп жазат жергиликтүү ЖМКлар.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түндөгү маалыматына ылайык, аталган министрликке 28-сентябрь түнү 2:43тө Ташкент шаарынын Сергели районунун Курувчилар массивиндеги кампалардын биринде жарылуу болуп, өрт чыкты деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 16 бөлүм иштеген.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги окуянын кесепетинен жабыркагандар бар экенин, алар Республикалык тез жардам көрсөтүү илимий борборуна жана аталган борбордун Ташкент облусундагы филиалына жаткырылгандыгын кабарлады. Бирок, министрлик оор жараат алгандар жок экенин белгиледи. Азырынча жабыркагандардын так саны белгилүү боло элек.
ӨКМ билдиргендей, социалдык тармактардагы «жарылуу авиакырсыктан улам болду» деген маалымат жалган.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, өрт саат 5:02де чектөөгө алынып, толук өчүрүү аракеттери улантылууда.